Ислам дини » Суроо-Жооп


Диний сурооңуздар үчүн:

islamdini.kg@gmail.com

 

Диний суроо сурай турчу кезде мына буларга маани берүү керек:

1) Кандайдыр бир сурооңуз пайда болгон кезде алгач сайтыбыздагы издөө мотору аркылуу же түздөн түз тиешелүү папкалардагы маалыматтардан жообун издөөңүздү, сайттан издеп таппаган кезде гана бизге жазуу аркылуу суроо жиберүүңүздү суранабыз. Бири-бирибиздин убактыбызды үнөмдөйлү. 

2) Суроолорду  адресине гана жөнөтүү керек.

3) Суроо берерде жоопко байланышы жок, керексиз маалыматтарды жазуу туура болбогондой эле өтө кыска жазып, түшүнүксүз кылып жазып жибербөө да зарыл. Ошондой эле, мисалы, «Ыймандын кетүүсүнө себеп болгон бир иш кылынса» дебей, кандай иш кылганын айтуу керек, башкача айтканда, мисал менен суроо керек. Суроонун так, түшүнүктүү болуусуна көңүл бөлүү керек.

4) Жооп берүү үчүн билинүүсү керек болгон маалыматтарды сөзсүз айтуу керек, муну сизден суроого же экинчи жазышууга себеп болбоо керек. Өзгөчө хайзга тийиштүү суроолордо алдыңкы айда канча күн хайз болгонун жана канча күн таза жүргөнүн, алдыңкы айларда 10 күндөн ашык кан келген болсо 10 күндөн аз болуп эң акыркы жолу канча күн кан келгенин, Малики мазхабын таклид кылгандыгын же таклид кылбагандыгын, эгер таклид кылса эң узак канча күн хайз көргөндүгүн билдирүү шарт. 

5) Сафариликке байланыштуу суроолордо ватан-и аслинин кайсы жер экендигин, бармакчы болгон жердин канча километрде экенин, Малики мазхабын таклид кылгандыгын же таклид кылбагандыгын айтуу керек.

6) «Харам иш кылган адам берген белекти алуу, алып келген тамагын жесе жаизби?» деген сыяктуу суроолорду берерде харам иш деп эмнени айтып жаткандыгын, ал кишинин табыш булагы жалгыз ушул ишпи же жокпу муну да айтуу керек. Дагы ушул сыяктуу «Келген харам акчаны эмне кылуу керек» деген суроолор келет. Бул жерде да харам акча дегенде кандай акча айтылып жаткандыгын билдирүү керек. Балким харам деп эсептеген акча негизинде харам болбоосу да мүмкүн. 

7) Жооп катары шилтеме менен же кошумча кылып жиберген маалыматтарыбызды аягына чейин окуу керек. Жооп суроого карай, башкача айтканда, суроодо кандай баяндалса ошого карай берилет. Суроо канчалык так жана толугураак болсо жоопту ошончолук так алууга болот. Ушул көрсөтүлгөн шарттарга маани бериле турган болсо ары туура, ары тезирээк жооп алуу мүмкүн болот.

Аты жок каттар

Суроо: Атын, почта адресин жазбастан кат жиберүү туурабы?

Жооп: Туура эмес. Почта адресин жазбай жиберген окурмандарга жооп жибере албайбыз. Жоопту көрсөтүлгөн почта адресине (логинге) жиберебиз.

 

Телефон аркылуу суроо

Суроо: Диний суроолорду кат менен жибергенден көрө телефон аркылуу сурап, тезирээк жооп алуубуз оңураак болбойбу?

Жооп: Кат аркылуу кененирээк, канааттандырарлык маалымат жиберүүгө мүмкүнчүлүк бар. Зарылдыгына карай узун тексттерди да жиберүүгө болот, шилтемелерди берүүгө болот. Ал эми булардын баарын телефон аркылуу орундоо мүмкүн эмес. Телефон чалганда керексиз узак убакыт сүйлөп, көбүрөөк убакыт жоготууга себеп болуусу да мүмкүн. Почта аркылуу кат жиберип суроого мүмкүндүгү бар болгондор телефон аркылуу сурабаганы жакшы.

Жооп келбеген суроолор

Суроо: Почта аркылуу суралган кээ бир суроолорго жооп келбейт же жооп эртеси гана келет. Мунун себеби эмне?

Жооп: Бизге жеткен каттарга ирети менен эки күндүн ичинде жооп беребиз. Почталар бизге жетпеген болуусу мүмкүн же биздин жообубуз окурманга жетпей калган болуусу мүмкүн. Мындай учурларда, башкача айтканда, эки күндөн ашык убакыт өткөндөн кийин жооп келбеген болсо кайрадан кат жөнөтүп, жетип-жетпегендигин суроого болот. Бирок, бар канча саатка кечикти деп кайра-кайра жиберүү туура болбойт. Күнүгө көптөгөн башка каттарга жооп бергендигибизди да ойлоо керек. Кээ бир окурмандар шашылыш деп жазып суроо сурайт, бирок, эч кандай шашылыштыгы болбогон. Бул да туура эмес. Чындап шашылыш зарыл болуп турган суроолордун кечигүүсүнө себеп болгон адам мунун жоопкерчилигин мойнуна алган болот.  

 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш