КЫРГЫЗЧА




Эй балам илмихалы

 

«Эй, балам» делип, негизинде бардык мусулман баласына арналган бул эмгек өз ичине көптөгөн баа жеткис ыйман жана ибадат, адеп-ахлак маалыматтарын камтыган.

Китепти кунт коюп окуган ар бир адам учу-кыйыры кең илим дарыясына сүңгүп кирмекчи. Андагы баалуу маалыматтардын жүрөктөргө жарык чачкандыгын, Аллаху тааланын алдында, эне-ата, үй-бүлө, эл-журт, мекен алдында дайыма үлгүлүү инсан болуп өсүп-жетилүүдө канчалык нан менен суудай зарыл экендигин ойлойт. Ал маалыматтарды окуп үйрөнгөн ар мусулман баласы айланасындагы адамдардын сүйүүсүнө ээ болуу менен бирге, материалдык жана руханий, адамгерчилик бийик сапаттарга көтөрүлө тургандыгы шексиз.

 




Үй-бүлө

"Бакыттын ачкычы – үй-бүлө” аттуу бул китепте үй-бүлө ичиндеги ар бир мүчөнүн өзүнө таандык ролдору жана үй-бүлөнүн коомдогу орду абдан жакшы чагылдырылган. Китепте автордун жеке көз карашы эмес көптөгөн кылымдардан бери калыптанган, маданиятыбызга сиңип калган каада-салттарыбызды жана хак динибиз Исламдын буйругу менен тыюулары негиз кылып алынган. Үй-бүлө - бактылуу элдин демографиялык өсүшүнүн жана ар бир наристенин психикалык жактан сак-саламат жетилүүсүнүн кепили. Азыр биз жашап турган коом ичиндеги адамдардын бири-бири менен, үй-бүлө ичиндеги эне-ата, бир туугандардын бири-бири менен мамилелериндеги келишпестиктердин түпкү себептеринин эмнелер экендиги, адамдарды эки дүйнөдө бакубат жашоого жеткире турчу нерселер эмнелер экендиги талданып, үй-бүлөлүк турмуш талап кылган эрежелер өтө жөнөкөй тил менен мыкты баяндалган.


Хазрети Мухаммед алейхиссадамдын өмүр баяны

Бул китеп сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммед алейхиссаламдын ыйык өмүр баянын баяндайт. Китепти көңүл коюп окугандардын жүрөгүндө Аллаху тааланын Элчисине карата таңдануу менен сыймык сезими орун алып, ааламдын мырзасына деген махабаты артып, анын адамзатка үлгү болгон жашоосунан үзүр алаары сөзсүз. Бул китеп улуу-кичине, бардык окурмандардын кызыгып окуй турган тарыхтын алтын доорлорунан кабар берет. Ал бир гана мусулман окурмандарга эмес, башка диндердин өкүлдөрү менен диндин тарыхын изилдегендерге да Мухаммед алейхиссаламдын өмүрдүк жолун, пайгамбардык касиеттерин билүүдө баалуу маалымат булагы боло алат. Руханий дүйнөбүздүн өркүндөөсүнө чоң салымын кошо турган бул китеп, үйүңүздүн кубанычына айланат.

 

Ислам дини

Соңку кездерде элибиздин ыймандуулукка жүзүн бурганы канчалык кубанычтуу болсо, анын таза болгон ыйманын сырткы күчтөрдүн токтоосуз уулоо максатында жүргүзүп жаткан саясаты да ошончолук кайгылуу экендиги талашсыз. Элибиздин биримдигине кооп туудуруп жаткан улуттук аң-сезимине жат багыттардын дин эркиндиги деген ураандын аркасында жашырынган иритки салуу үгүттөрүнө каршы туруу жетиштүү диний маалыматы болбогон мекендештерибиз үчүн оңойго турбайт. "Ислам дини” китеби ошондой жагдайда элибиздин чындык менен калпты ажыратып алуусу үчүн көмөктөшүү максатында ишеничтүү булактардан алынып даярдалган. Жалпы окурмандардын коомуна арналган бул китептин негизги максаты – салттуу болгон ахли сүннөт жолубуздун сыртындагы башка секталар жана диний агымдарды окурмандарга ошол топтордун өздөрүнүн эле китептери аркылуу тааныштыруу гана болуп саналат. Адашкан топтордун динди идеологияга айлантып алгандыгынын натыйжасында канчалаган мусулмандардын туура жолдон адашуусуна себеп болгондугу, элдердин, мамлекеттердин башына кооп туудуруп жаткандыгы тууралуу далилдердин негизинде маалыматтар берилген. Ушуну менен катар китепте адашкан топтор жана ишенимдер тууралуу атактуу Ислам аалымдарынын берген жооптору да орун алган.


Намаз Китеби

Намаз китеби – салттуу сүннү мусулмандардын Ханафи мазхабынын аалымдарынын маанилүү китептерин пайдалануу менен даярдалды. Ахли сүннөт акыйдасы, намаз, даарат, гусул, таяммум жана башка маселелерде ар бир мусулманга кажеттүү маалыматтар камтылган жана тарбиялык маңызы жагынан көп маалыматтар менен байытылган.


КЫЯМАТ жана АКЫРЕТ

Кыямат жана Акырет китебинде адамдын өлүмү, рухтун денеден чыгуусу, кабыр жашоосу, кабыр суроолору, кыямат күнү адамдардын эсепке тартылуулары, Жаннат жана Жаханнамга кандайча барыла тургандыгы улуу Ислам аалымы Имам Газали хазреттеринин китептеринен которулуп, кеңири ачыкталууда жана олуялыктын эмне экендигин, кыямат күнү ар бир киши дүнүйөдө кимди жакшы көрсө ошолордун жанында боло тургандыгы түшүндүрүлүүдө.



Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш