Суроо: Күнөөнү
маанисиз деп билүү деген эмне, ал кандай болот?
Жооп: Күнөөнү маанисиз деп билүүнүн
эмне экендигин көпчүлүк билбейт. Ошондуктан, күнөөкөрлөрдү ыймансыз дешет.
Мисалы, "Ичкилик ичүүнү уланткан адам харам экенине маани берсе ичмек
эмес, ачык жүргөн аял мунун харам экенине маани берсе оронмок. Андай болсо булар
кылган күнөөлөрүнө өкүнбөгөндүгү, б.а., арамды маанисиз деп билгендиги үчүн
ыймансыз” деп айтуу жаңылыш.
Өкүнбөгөн, маани бербеген ыймансыз болот, бирок, маани бербөө эмне дегенди
билдирет? Мисалы, намазын окуп жүргөн бир аял ачык жүрүүнүн күнөө экенин билсе
"Оронуу - Аллахтын буйругу, оронсок жакшы болмок, бирок, бул доордо оронуу
кыйын” десе бул аялды ыймансыз делбейт. Ушул сыяктуу ичкилик ичкен адам да
"Ичкилик харам, бирок, көнүп калыптырбыз, таштай албай жатабыз” десе бул
адам ыймансыз делбейт. Тескерисинче, эч качан ичкилик ичпеген бир адам
"Бир стакан арак ичүү күнөө деп болбойт” десе куфурга кирет. Же болбосо,
"Ар ким ачык жүрөт го, эмне болуптур, биз дагы ачык жүрөбүз, ар ким ичет,
биз дагы ичебиз, мас кылбагандан кийин эмне зыяны болмок эле” деп, арамды
маанисиз деп эсептөө куфур болот.
Аллаху тааланын каары күнөөлөрдүн ичинде жашырылган. Бир күнөөдөн улам чоң
азапка дуушар болуп калышыбыз мүмкүн. Жүз миң жыл ибадат кылган бир кулун
түбөлүккө Тозокко ташташы мүмкүн. Мисалы, жүз миң жыл итаат (баш ийген, моюн
сунган, ибадат кылган) кылган Иблис текебердик кылып, сажда кылбаганы үчүн
түбөлүккө Тозоктук болду. Адам алейхиссаламдын уулу бир адам өлтүргөнү үчүн
түбөлүк Тозоктук болду. Ар дубасы кабыл болгон Балам-и Баура бир күнөөгө көңүл
бергени үчүн ыймансыз кетти. Карун зекет бербегени үчүн байлыгы менен жок
болду. Андай болсо ар бир күнөөдөн сактанууга аракет кылуу керек. Бир хадиси
шарифте: "Аз болсо да бир күнөөдөн сактануу бардык жин жана
адамдардын (напил) ибадаттарынан жакшыраак”, -деп
билдирилди. Ар күнөө Аллаху таалага каршы чыгуу болгондуктан чоң болуп саналат.
Бирок, айрымдары башкаларына караганда кичине көрүнөт. Бир кичине күнөөнү
кылбоо бардык нерселердин напил ибадаттарынан да сооптуураак. Анткени, напил
ибадат кылуу фарз эмес. Күнөөлөрдөн сактануу фарз. (Рыйад-ун-насыхин)
Күнөө кылганда үмүтсүз болбой дароо тообо кылуу зарыл. Момун Аллахтын ырайымынан
да үмүтүн үзбөөсү керек, Андан өтө коркуусу да керек. Хадиси шарифте
айтылды: "Момундун жүрөгүндө коркуу менен үмүт бар болсо Аллаху
таала ага үмүт кылганын берет, коркконунан да сактайт”. Б.а., бир
момун Аллахтын азабынан коркуп, ырайымынан да үмүтүн үзбөсө, харамдардан
сактанып, ибадаттарын орундоого аракет кылса Бейишке барат.
Бир адам канчалык чоң күнөө кылган болсо да Аллахтын ырайымынан үмүтүн
үзбөшү керек. Жада калса, эң жаман ыймансыз дагы тообо кылып "Ла
илаха иллаллах Мухаммадун Расулуллах”, - десе бардык күнөөлөрү
кечирилип, таптаза мусулман болот. Б.а., дүнүйөдө Аллах кечирбеген күнөө жок.
Тообо кылганда ыймансыздыкты дагы кечирет. Өлгөндөн кийин болсо ыймансыз
болгондорго кечирим жок. Курани каримде: "Айткын: "Эй, Менин
өздөрүнө ысырап (көп күнөө) кылган пенделерим! Аллахтын
ырайымынан (бизди кечирбейт деп) үмүтсүз болбогула! Анткени,
Аллах (ыймандуулардын) бардык күнөөлөрүн сөзсүз кечирет!
Чынында, Ал – Кечиримдүү, Ырайымдуу!” - деп билдирүүдө. (Зумар сүрөсү
53)
Аллаху тааланын ыраазычылыгын жана ачуусун кайсыл амалда, кайсыл сөздө
экенин биле албайбыз. Ошондуктан, эч бир сөздү, эч бир жакшылыкты жана
жамандыкты төмөн санабоо керек. Аллаху таала ыраазычылыгын жакшылыктардын
ичинде, каарын болсо күнөөлөрдүн ичинде сактаган. Маани берилбеген бир күнөө
Аллахтын каарына себеп болуп калышы мүмкүн. Ошондуктан, ар бир сөзүбүзгө көңүл
буруубуз зарыл. Ата-бабаларыбыз: "Сөз бар иш бүтүрөт, сөз бар баш
кетирет”, -деп бекеринен айтышкан эмес.
Ибадат кылбоо, күнөөлөрдөн сактанбоо адамдын жүрөгүн карайтат, бара-бара
ыймансыз болот. Күнөөлөрдүн бардыгы Аллахтын буйругун орундабоо болгондуктан
чоң болуп саналат. Ибни Мункадир хазреттери өлүм төшөгүндө ыйлап жаткан эле.
Себебин сурашты. "Атайын чоң бир күнөө кылган жокмун. Маанисиз деп билген
бир кичине күнөөм Аллахтын каарына себеп болуп калбайт бекен деп коркуп ыйлап
жатамын”, - деди. Мына ушул сыяктуу коркуулар мусулмандын кутулуусуна себеп
болот. Анткени, хадиси шарифте: "Аллаху таала кыяматта айтат:
"Дүнүйөдө бир күн болсо да мени эстеген, менден бир жолу болсо да корккон
адамды Тозоктон чыгаргыла!” - деп билдирилди.