Главная > Аалымдардын сукбаттары > Ага карабастан жеген адамга жол болсун
Ага карабастан жеген адамга жол болсун |
* Истикаматтын (багыттын) башы – аракет жана чечкиндүүлүк, ортосу – хидаят, аягы – Бейиш. * Башкаларды зыярат кылуу жана аларга белек берүү – жүрөктөрдүн кулпусун ачуучу эки алтын ачкыч. * Бирөөнүн кемчилигин жабуу ага алтын кийим кийгизгенден жакшыраак. * Бир адамдын мал-мүлкү жок болгону маанилүү эмес, Аллах үчүн достошкон бир нече досу бар болсо жетиштүү. *Жүрөгү гүл сыяктуу болгондун сөздөрү да, жүрүм-туруму да атырдай болот. * Бир пендеде динибизге жана адамдарга кызмат кылуу деген руху өлгөндө намазын окуса да тирүү болуп эсептелбейт. * Молчулук менен берекени байлар эмес, кедейлер түшүнөт. * Издер көп, сен Аллах адамынын изи менен бар. * Бир мусулман башка бир мусулмандын да Аллаху тааланын тандаган кулу экенин унутпасын. * Дүнүйө - түш. Артынан жүгүрбө. Артынан жүгүргөн адам акмак же гафил. * Дүнүйө сырты шекер менен капталган уу. Ага карабастан жеген адамга жол болсун. * Напсиңди кордо жана жек көр. Улуулардын жолуна түшпөгөн адам өз напсин кордоп, жек көрө албайт. * Ыкластуу бол, ыклас негиз, эгер ыклас жок болсо эч нерсе жок, баары бош. Артка |