* Истикаматтын
(багыттын) башы – аракет жана чечкиндүүлүк, ортосу – хидаят, аягы – Бейиш.
* Башкаларды
зыярат кылуу жана аларга белек берүү – жүрөктөрдүн кулпусун ачуучу эки алтын
ачкыч.
*
Бирөөнүн кемчилигин жабуу ага алтын кийим кийгизгенден жакшыраак.
*
Бир адамдын мал-мүлкү жок болгону маанилүү эмес, Аллах үчүн достошкон бир нече
досу бар болсо жетиштүү.
*Жүрөгү
гүл сыяктуу болгондун сөздөрү да, жүрүм-туруму да атырдай болот.
*
Бир пендеде динибизге жана адамдарга кызмат кылуу деген руху өлгөндө намазын
окуса да тирүү болуп эсептелбейт.
* Молчулук менен
берекени байлар эмес, кедейлер түшүнөт.
* Издер көп, сен
Аллах адамынын изи менен бар.
* Бир мусулман
башка бир мусулмандын да Аллаху тааланын тандаган кулу экенин унутпасын.
*
Дүнүйө - түш. Артынан жүгүрбө. Артынан жүгүргөн адам акмак же гафил.
*
Дүнүйө сырты шекер менен капталган уу. Ага карабастан жеген адамга жол болсун.
* Напсиңди кордо
жана жек көр. Улуулардын жолуна түшпөгөн адам өз напсин кордоп, жек көрө
албайт.
* Ыкластуу бол,
ыклас негиз, эгер ыклас жок болсо эч нерсе жок, баары бош.