Айт майрам күндөрүнүн пазилети чоң. Рамазан айынын
акыркы күнү менен Орозо айттын биринчи күнүнүн ортосундагы түн Орозо айт түнү
деп аталат.
Хадиси шарифтерде айтылган:
"Рамазан жана Курман айттын түндөрүндө ибадат
кылган адамдын көңүлү башка көңүлдөр өлгөн күнү өлбөйт.” [Ибни Маже, Таберани]
"Ырайым эшиктери төрт түнү ачылат. Ал түндөрдө
кылынган дуба, тообо кайтарылбайт. Орозо айттын жана Курман айттын биринчи
түндөрү, Бараат түнү жана Арафа түнү.” [Исфахани]
"Мына бул беш түнү кылынган дуба артка
кайтарылбайт. Регаиб түнү, Бараат түнү, Жума түнү, Рамазан жана Курман айттын
түнү.” [Ибни Асакир]
Айт күнү эрте туруу, гусул алуу, мисвак колдонуу,
жыпар жыт себинүү, жаңы жана таза кийим кийүү, жүзүндө кубанычын билдирүү,
шакек тагуу, кезигишкен момундарга жарык жүз менен салам берүү, кедейлерге көп
садага берүү, Исламиятка туура кызмат кылгандарга жардам берүү, таарынышып
жүргөндөрдү элдештирүү, бир тууган, дин бир туугандарды зыярат кылуу, аларга
белек алып баруу – сүннөт. Майрам түндөрү ибадат кылган адам чоң бакытка ээ
болот. Бир хадиси шарифтин мааниси мындай:
"Айт майрам түндөрү ибадат кылган адамдын көңүлү
көңүлдөр өлгөн күнү өлбөйт.” [Таберани]
Рамазан майрамында Айт намазынан мурда таттуу жеш,
хурма жеш, хурманы 1,3,5 кылып так санга маани берип жеш - сүннөт. Хадиси
шарифте айтылган:
"Аллаху таала бир, бирге маани бергенди
сүйөт.” [Бухари]
Майрам күндөрү кубануу керек. Хазрети Абу Бакр кызы
Аиша энебиздин үйүнө барганда эки жариянын даф чертип ойноп жатышкандыгын
көрөт. Ансар-ы кирамдын каармандыктарын мактап, дастан айтып жатышкан эле.
Хазрети Абу Бакр Расулуллахтын үйүндө мындай нерсенин кылынуусунун ылайык
эместигин билдирип, аларга токтоткула дейт. Тойлордо жана майрамдарда аялдардын
даф чертүүлөрү жаиз болгондугу үчүн Пайгамбарыбыз алейхиссалам Хазрети Абу
Бакрга: "Аларга тоскоол болбо! Ар коомдун бир майрамы бар, бул
болсо биздин майрамыбыз. Майрам – сүйүнүчтүү күндөр”, - деп буюган.
(Бухари)
Таарынычта болгондордун майрамды күтпөстөн дароо
элдешүүлөрү керек. Аллаху тааланы жана Пайгамбарыбызды сүйгөн адам адамдардын
кемчиликтерине карабайт, аларга карата сабырдуу болот. Жакшы адам [момун адам]
алар тараптан келе турчу кыйынчылыктарга дагы чыдайт. Бир кемчилигинен улам эч
кимге таарыбоо керек.
Таарыныч болсо дагы үч күндөн артык созулбоосу керек.
Эгер майрамга чейин созула турчу таарыныч бар болсо көп кечиктирбестен элдешүү
керек. Хадиси шарифтерде айтылган:
"Бири-бириңер менен болгон байланышты үзбөгүлө!
Бири-бириңерге аркаңарды салбагыла! Бири-бириңерге кек жана душмандык
сактабагыла! Бири-бириңерди кызганбагыла! Эй, Аллахтын кулдары, бир тууган
болгула! Бир мусулмандын башка мусулман тууганына таарынып үч күндөн көп
алыстоосу адал болбойт.” [Бухари]
"Мусулманга үч күндөн артык таарынып жүргөн адам
Жаханнамга кирет.” [Несаи]
"Бири-бирине таарынып жүргөн эки кишиден
кайсынысы мурда салам берсе күнөөлөрү кечирилет. Берилген саламды тиги киши
кабыл албаса периштелер алат. Салам албаганга болсо шайтан кубануу менен мамиле
кылат.” [Ибни Абу Шайба]
"Момун адам момун тууганына үч күндөн артык
таарынып жүрүүсү жаиз эмес. Үч күндөн кийин ага салам берип, ал-ахвалын суроосу
керек. Анын саламын алса экөө бирге соопко орток болушат. Саламын албай турган
болсо күнөөгө кирет. Салам берген адам дагы таарынычта болуунун
жоопкерчилигинен кутулган болот.” [Абу
Давуд]
"Дин бир тууганы менен бир жыл таарынышып жүргөн
адам аны өлтүргөн сыяктуу күнөөгө кирет.” [Абу Давуд]
"Амалдар Дүйшөмбү жана Бейшемби күндөрү Аллаху
таалага арыз кылынат. Аллаху таала өзүнө ширк болбогон бардыгын кечирет. Бирок,
бул жакшылыктан бири-бирине кек сактаган эки адам пайдалана алышпайт. Аллаху
таала: "Ал эки киши элдешкенге чейин амалдарын мага алып келбегиле”, - деп
буюрат.” [И. Малик]
"Эки киши бири-бирине таарынычта өлсө Жаханнамды
көрбөстөн Жаннатка кирбейт. Жаннатка киришсе дагы бири-бири менен кезигише
алышпайт.” [Ибни Хиббан]
Рамазан кеткендиги үчүн эмес күнөөлөрүбүз
кечирилгендиги үчүн, чоң сооп жана ниматка жеткендигибиз үчүн майрамдоодобуз.
Хадиси шарифте айтылган:
"Майрам күнү эртең менен мусулмандар намаз үчүн
мечиттерде жыйналганда Аллаху таала периштелерден: "Ишин орундагандын алчу
жообу эмне?” – деп сурайт. "Акысын алуу”, - дешет. Аллаху таала болсо:
"Силер күбө болгула, Рамазанда орозолууга жана намаздарга жооп катары
кулдарыма өз ыраазылыгымды жана кечиримимди бердим. Эй кулдарым, бүгүн менден
тилегиле, иззат жана жамалымдын акысы үчүн тилегендериңерди беремин”, -
дейт.” [Байхаки]
Пайгамбарыбыз алейхиссалам: "Рамазан
айынын акыркы күнү Аллаху таала орозо кармагандарды кечирет”, -
дегенде, Асхабы кирам: "Йа, Расулаллах, ал күн Кадыр түнүбү?” – деп
сурашат. Аларга: "Билбейсиңерби, бир иш аткарган кишиге ал ишти
бүтүргөндө акысы берилет”, - деди. (Байхаки)
Буларды билген мусулман кантип кубанбасын жана майрамдабасын.
Майрамда сүйүнүү керек. Хазрети Абу Бакр кызы Аиша энебиздин үйүнө барганда эки
жариянын даф чертип ойноп жатышкандыгын көрөт. Ансар-ы кирамдын каармандыктарын
мактап, дастан айтып жатышкан эле. Хазрети Абу Бакр Расулуллахтын үйүндө мындай
нерсенин кылынуусунун ылайык эместигин билдирип, аларга токтоткула дейт.
Тойлордо жана майрамдарда аялдардын даф чертүүлөрү жаиз болгондугу үчүн
Пайгамбарыбыз алейхиссалам Хазрети Абу Бакрга: "Аларга тоскоол болбо!
Ар коомдун бир майрамы бар, бул болсо биздин майрамыбыз. Майрам – сүйүнүчтүү
күндөр”, - деп буюрду. (Бухари)
Хазрети Али: "Бүгүн орозосу кабыл болгондордун
жана күнөөлөрү кечирилгендердин майрамы”, - деген. Хадиси шарифте дагы: "Рамазан
айында ичкиликти таштабаган, эне-атасына аси болгон, бир тууганын зыярат
кылбаган адамдан башка бардыгынын күнөөлөрү кечирилет”, - деп
айтылган. (Гунйа)
Эгер булар тообо кылышса Аллаху таала күнөөлөрүн
кечирет. Рамазандагы сооптор билингенде "Аттиң, ар күнү Рамазан болсо”
делмек. Хадиси шарифте: "Рамазан айындагы жеке сооптор билингенде
жылдын толугу менен Рамазан болуусу кааланмак”, - делген. (Абу Наср)
Күнөөлөрдөн сактанып орозо кармагандар кандай гана
бактылуу. Булар чыныгы майрамды акыретте майрамдашат!
Айт намазы
Шаввал айынын биринчи күнү фитир, б.а., Орозо
айттын, ал эми Зилхижжа айынын онунчу күнү Курман айттын биринчи күндөрү болуп
эсептелет. Бул эки күндө күн чыккандан кийин 45 мүнөт өткөн соң, б.а., карахат
убактынан кийин эки рекет Айт намазын окуу эркектер үчүн важиб.
Айт намаздын шарттары Жума намазынын шарттарына окшош.
Бир гана айырмасы бар, Айт намазда хутба сүннөт катары саналат жана намаздан
кийин окулат.
Орозо айтта намаздан мурун таттуу нерсе (хурма же
момпосуй) жеш; гусул алуу, мисвак колдонуу, эң жакшы кийимдерди кийүү, жолдо
акырын такбир окуу мустахаб.
Курман айтта намаздан мурун эч нерсе жебөө, намаздан
кийин курмандыкка чалынган малдын этин жеш, намазга баратканда үнүн катуу
чыгарып, (кандайдыр бир сыркоосу бар адам акырын чыгарса да болот) такбир окуу
мустахаб.
Айт намаздары эки рекеттен турат. Жалгыз окулбастан,
жамаат менен бирге окулат.
Айт намазы кантип окулат?
1. Алгач: «Ниет кылдым важиб болгон Айт намазын
окууга, уюудум даяр болгон имамга», - деп ниет кылып, намазга турулат. Анан
«Субханака» окулат.
2. Субханакадан кийин үч жолу такбир кылынып, колдор
кулакка көтөрүлөт. Биринчи жана экинчи такбирден кийин колдор ылдый түшүрүлөт.
Үчүнчү такбирден кийин колдор киндик астына байланат. Имам алгач Фатиха, анан
бир сүрө окуйт, анан чогуу рукуга ийилишет.
3. Экинчи рекетте имам алгач Фатиха жана зам сүрө
окуйт. Кийин эки колун үч жолу көтөрүп, ар көтөргөндө такбир айтып эки жагына
түшүрөт. Төртүнчү такбир айтканда рукуга барат.
Кыскача: «Эки ташта, бир байла; үч ташта, бир
ийил!» деп жаттап алууга болот.