Ислам дини » Аалымдардын маектери » Жакшы адамдардын акыркы сөздөрү




Жакшы адамдардын акыркы сөздөрү


* Ибни Мункадир хазреттери өлүм төшөгүндө ыйлап жаткан эле. Себебин сурашат. "Атайылап чоң күнөө кылган жокмун. Маани бербеген кичине бир күнөөм Аллаху тааланын ачуусуна себеп болгон болсо деп корккондугуман ыйлап жатам”, - дейт.

* Амир бин Абдулкайс да көз жумарда ыйлап жаткан эле. Сурагандарга: "Бош өткөргөн күндөрүм үчүн ыйлоодомун”, - деп жооп берген.

* Ибни Мубарек хазреттери көз жумарда жокчулукта калган абалын көргөн азаттык алган кулу Ибни Абдуллах ыйлап байштайт. "Сен кандай гана бай элең, үйүңдө эч нерсе калбаптыр. Ушундай абалга түшөт белең”, - деп сыздайт. Ибни Мубарек хазреттери: "Ыйлооңдун кереги жок. Мен бай болуп жашоо, кедей болуп өлүү үчүн дуба кылчумун. Аллаху таала да дубамды кабыл кылды”, - деди.

* Салих бин Мисмарга: "Өлүп жатасың, бала-бакыраны бирөөлөргө аманат кылбайсыңбы?” – дешет. Ал болсо: "Аларды алсыздарга аманат кыла албайм, Аллахтан уяламын”, - деген.

* Абу Сулейман Дарани көз жумарда: "Кандай гана бактылуусуң, кечирими жана рахматы мол болгон Аллахка кетүүдөсүң”, - дешет. Ал болсо: "Ооба, ийне-жиптен бери бардык нерсенин эсебин берүү үчүн кетүүдөмүн”, - деди.

* Сырри Секати өлүм төшөгүндө кан тер ичинде жатканда желпингич менен сериндетүүгө аракет кылган Жунайд-и Багдадиге: "Боору өрттөнгөн адамга желпингичтин эмне пайдасы бар?” – деп буюрду.

* Хикем бин Абдулмалик эстен танып жатканда ал жерде турган бир адам: "Йа, Рабби, бул адам андай деле жакшы жашаган жок, бирок, жоомарт болчу, өлүмдү ага жеңилдет”, - деп дуба кылып жатканда Хикем бин Абдулмалик көздөрүн ачып, Азраил алейхиссалам келди, "жоомарттардын жанын жумшактык менен алам” деди, деп айтат.

* Салих бир заттын аялы кожоюнунун өлүм алдында турганын көрүп ыйлап баштайт. Аялына: "Эмнеге ыйлап жатасың?” – деп сурайт. Ал болсо: "Сен үчүн”, - дегенде: "Сен өзүңө ыйла, мен 40 жылдан бери ушул күн үчүн ыйлоодомун”, - дейт. Ибрахим Зияд: "Өлүк үчүн үн чыгарбай ыйлоого болот. Бирок, эң жакшысы – өз акыбетин ойлоп ыйлоо”, - деп айткан.

* Улуу заттардан бири: "Мурда биз барган жаназаларда ар кимдин күңгүрөп ыйлагандыгы үчүн жаназа ээсинин ким экендигин тааный албай, тазия кылууда кыйынчылык чекчү элек”, - дейт. Бирок, азыр көрүстөндө да күлгөндөр болууда. Бир күнү өзүнүн дагы өлө тургандыгын ойлонбойт. Бул гафилдиктин (Аллаху тааланы унутуунун) себеби - кылынган күнөөлөрдөн улам көңүлдүн карайып калгандыгы.

* Бир мас адам өлөт. Аялы жаназаны жууп жерге койо турчу адам таба албагандыктан эки жүкчүнү жалдап жаназаны көрүстөнгө алып келет. Ошол жерде бир захид (мубарек) адам бир жаназанын намазын окууга даярданып жатканда аны көргөндөр да келип жаназа намазын окушат. Бирок, мындай захид адамдын бир мас адамдын жаназа намазын окуганына таң калышат. Захид адам айтат: "Бул түнү түшүмдө көрүстөнгө баруум, ал жерде ээси жок жаназанын намазын окуумду айтышты. Ал жаназа кечиримге ээ болгондордун бири дешти.”

Мас адамдын аялынан анын жакшы жактары тууралуу сурашат. Ал мындай дейт: "Күйөөм фасык болчу, ичкилик иччү. Бирок, намазын эч калтырган жок. Багымдатты дайыма жамаат менен окуур эле. Өксүздөргө дайым мээримдүүлүк кылып, алардын нафакаларын камдап берчү. Ичкилик ичип, кайра соолуккан кезде: "Йа, Рабби, мендей фасыкты Жаханнамдын каерине ыргытасың”, - деп ыйлап, ичкиликти таштай албагандыгына кайгырчу эле.” Захид адам муну угуп: "Демек, кечирилүүсүнө бул жакшы мүнөздөрү себеп болду”, - деп буюрат.

* Пайгамбарыбыздын акыркы сөздөрүнүн бири "Намазга көңүл бөлгүлө” эле. (Ибни Маже)

* Хадиси шарифте буюрулду:

"Ар Пайгамбардын үммөтүнө акыркы демде айткан осуяты - намаз” [Гунйа]


Артка
 
    
Диний маалымат изде:

Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш