Ислам дини » Аалымдардын сукбаттары » Аллаху таала ыйманга кепил эмес




Аллаху таала ыйманга кепил эмес


* Байлык жакшы да эмес, жаман да эмес. Мал-мүлк көңүлгө кире турган болсо аны көптүрөт. Жана анын акырына жетет. Мал-мүлк жакшы ниет менен колдонула турган болсо пайдалуу болот. Ниет жакшы болбосо адамдын жамандыгына себеп болот.

* Раззак болгон Хак таала ырыскыларга кепил болгон, кулдарын бул кыйынчылыктан куткарган.

* Азга канаат кылбаган адам көбүн таба албайт. Өзүңөргө ишенбегиле. Аллаху таалага ишенгиле. Силерге тийген милдет мына ушул. Таңдагы куш сыяктуу... Уясынан чыгат, тобокел кылат, кеч тоюп кайтат.

* Мал-мүлктү зыяндан коргоонун дарысы – зекет берүү.

* Зекет ниети менен бир тыйын берсе да тоодой болгон алтынды садага кылып берүүдөн көп эсе сооп.

* Карыз жүгүнүн алдында эзилгенден көрө таш ташууну танда. Жокчулуктан сактан. Жокчулукка кирген адамдын дини жана акылы кемийт жана адамкерчилиги жоголот.

* Бир бай менен дос боло турган болсоң анын жанында даражаңды түшүрүүнү каалабасаң андан бир нерсе сураба. Себеби, суроо адам баласынын жүзүндөгү кара бир так. Берилген нерседен баш тарткан адам берген адамдын көзүндө чоң жана ага карата өз ордун сактаган болот.

* Байлардын кичи пейил болуусу жакшы. Кедейлер болсо намыстуу болуусу керек.

* Аллаху таала ырыскыга кепил, бирок, ыйманга кепил эмес.

* Ойлонуу менен ибадат болбойт, отуруу менен соода болбойт.

* Исламиятта акчанын орду көңүл эмес чөнтөк. Акча мусулман адамдын көңүлүндө эмес, чөнтөгүндө болушу керек. Акча көңүлдө болсо бул жаман жана жактырылбайт. Бир чөнтөк толтура болсо көңүл бош болот. Эки чөнтөк тең толо болсо көңүл боппош болот. Чөнтөктө болбосо көңүлдө болот. Чөнтөктөр бош болсо көңүл толтура болот, жаракаты кошо болот.

* Муктаждык жок болсо азгындоого себеп болот.

* Анык жоомарт адам - берген эмес бергенине кубанган адам.

* Аллаху таала дүнүйөдө мусулмандарга да, капырларга да ырыскы берүүдө, ырахаттык, тынчтык берүүдө. Капыр менен мусулманды дүнүйөдө бөлгөн жок. Мусулмандар Аллаху тааланын досу. Капырлар душманы. Дүнүйөдө дос мене душманды бөлүү жок, бирок, акыретте андай эмес. Акыретте дос менен душман бөлүнөт. Мусулмандарга жакшылыктар, капырларга болсо азаптар бар.

* Алхамдулиллах, мусулманбыз. Аллаху тааланын чоң ихсанына, чоң мээримине ээ болдук. Миллиондогон кишилерге берилбеген чоң бакыт берилди. Ал болсо ыйман келтиргендигибиз, Алхамдулиллах. Бул ыймандын сулуулугун айтуубуз керек. Кантип айтабыз. Алгач бул ыймандын белгиси бизде көрүнүүсү керек. Жалган сүйлөбөөбүз керек. Уурулук, куулук кылбообуз керек. Берген сөздө туруубуз керек. Ислам ахлагы менен ахлактануубуз керек. Ушак, сөз ташуучулук кылбообуз керек. Адамдардын көңүлүн оорутпообуз керек. Жузүбүз жарык болуусу керек. Үй-бүлөдөгүлөрдү таарынтпообуз керек. Адамдар бизди көрбөсө куса болуусу керек. Ансыз деле мусулман адам кусаланткан адам. Баары аны "бир көрсөк, сөзүн уксак” деп эңсөөлөрү керек.

Эгер ушундай адам болсок айтып отурууну кажети жок. Адамдар түшүнөт. Ар ким жаманды жакшыны байкай алат жана мусулмандыкты каалашат. Силер жакшы өрнөк болбой туруп, эң мыкты сүйлөп, эң көп илимдүү болуп, бирок, абалыңар, жүрүм-турумуңар бузук болсо адамдарга зыян бересиңер. Исламиятка да зыян бересиңер.

Алгач ийнени өзүбүзгө сайышыбыз керек. Жакшы мусулман болууга, мусулмандарды сүйүүгө жана сүйүлүүгө аракет кылалы. Напсибизге оор болгон нерселерге же напсибизге кыйынчылык тарттыргандарга жакшы дуба кылалы. Көңүлүңдүн нурдануусун кааласаң ачуулангандарыңа дуба кыл.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш