Ислам дини » Аалымдардын сукбаттары » Бардык жамандыктардын дарысы




Бардык жамандыктардын дарысы


* Намаздарды кечиктирбестен окуу керек. Туура окулган намаз бардык жамандыктардын дарысы болот.

* Намазын окуп, динине ылайык кийинген аял чоң жакшылык.

* Намаз окуу Аллаху тааладан корккон момундарга гана жеңил болот.

* Намаздар маалында окулбай, Аллаху тааланын буйрук жана тыюу салган нерселерине моюн сунулбай турган болсо Аллах төрт кыйынчылык берет: 1- Ырыскылар тараят, 2- Оорулар көбөйөт, 3- Коопсуздук болбойт, 4- Мээримдүүлүк кетет.

* Балаңызга намаздын маанисин түшүндүргүлө жана сөзсүз намазын окуткула. Намаз окуусуна тоскоол болгон нерсенин анын жамандыкка кетүүсүнө себеп боло тургандыгын билүүңүз керек жана ага да билдирүүңүз керек. Анын келечегин бекемдөө жакшы мусулман болуу менен мүмкүн болот. Диплом менен гана анын келечеги камсыздалган болбойт. Жакшы мусулман болгондон кийин диплом ишке жарайт. Мына ошондо өзүнө да башка адамдарга да пайдалуу боло алат.

* Бир адам тамак жеп жатканда Аллаху тааланы канчалык эстесе намазда дагы ошончолук эстейт.

* Чынчыл дос – досунун кайгысына жана кубанычына дагы орток болгон дос.

* Туура эмес сөздөрдү колдогон адам - эки жүздүү адам.

* Сабак алгың келсе ката кылган адамдардын акыбетин карап, өзүңдүн көңүлүңдү жыйна.

* Дүнүйөгө болгон сүйүү менен Аллах сүйүүсүн бирге алып жүрөм деп айтуу жалган, муну айткан адам жалганчы адам.

* Дүнүйө иштеринде кандайдыр бир кыйынчылыкка түшкөн адам истигфар жана намазга умтулуусу керек. Туура окулган намаз - бардык дарттын дабасы.

* Текеберленип төш көтөрүү пас адамдардын өзгөчөлүгү болуп саналат.

* Кызмат кылган адамга кызмат кылынат.

* Бардык душмандыктардын түбү – жаман адамдар менен достук куруу жана аларга жакшылык кылуу.

* Дүнүйөдө эң тынчсыз адам – бул көңүлүндө көралбастык жана кек сактаган адам.

* Башкаларды сенин жаныңда кайраштырган адам сен жок жерде да сени кайраштырат.

* Канаатчыл болуу тынчтыкка жеткирет.

* Сыр сактоону билген адам ишине ээ болгон адам.

* Динибизде бир нерсе суроо кордук, бир нерсе берүү абройлук болуп саналат.

* Өз пайдасын ойлогон адам сүйкүмсүз болот.

* Дүнүйө жана акырет бактысы үчүн үч нерсе шарт: Ыйман, амал, ыклас.

* Күн ичинде туш болгон окуялар сени таасирлебесин. Сен жакшы мусулман болууну ойлон. Убакыт менен келген кыйынчылыктар жана азаптардан улам сабырсыздык көрсөтпө. Дүнүйөнүн кубанычы да, азабы да, молдугу да, тардыгы да түбөлүк эмес.

* Кимдин ой-максаты, арзуусу бир гана жеп-ичүү (дүнүйөлүк) болсо анын баасы ичегилеринен чыккан нажасатка барабар.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш