Ислам дини » Аалымдардын сукбаттары » Ахли сүннөт аалымдары жол көрсөтүүчү жарык сыяктуу




Ахли сүннөт аалымдары жол көрсөтүүчү жарык сыяктуу


Даанышман заттар мындай дешкен:

Дүнүйө миналар жашырылган талаа сыяктуу, бул миналарды басып албай аркы тарабына өтүү өтө кыйын иш. Акырет жолчулугунда бул миналардын кайсы жерде экенин билген, бизге жол көрсөтө турчу мубарек зат колубуздан кармабаса бул машакаттуу, коркунучтарга толгон жолду басып өтүүбүз мүмкүн эмес. Жарык болбосо көз көрбөйт. Адам сокур киши сыяктуу жолун таба албайт, эч бир жерге бара албайт. Ошондуктан, эгер Пайгамбарыбыз келбегенде эч ким Аллаху тааланы тааный алмак эмес. Жолдон мурда жолго бирге чыга турчу дос керек.

Аллаху таала кимге жарыкты насип кылса көп шүгүр кылуусу керек. Бахауддин Бухари, Имам Раббани, Мевлана Халид-и Багдади, Сеййид Фехим Арваси хазреттери сыяктуу мубарек заттардын ар бири жарык болуп саналат.

Бул дүнүйөдө Аллаху тааланын бир кулуна берген эң чоң жакшылыгы - мына ушундай бир жол көрсөтүүчү улуу затты, сүйүктүү досун ал кулуна таанытуусу. Ыйманыбызда, ихласыбызда, бардык нерседе ошолорго карызбыз. Мындай устаздын акысы төлөнбөйт, себеби, Пайгамбарыбыз «саллаллаху алейхи ва саллам»: «Үммөтүнүн арасында пайгамбар кандай болсо, шакирттеринин арасында устаз ошондой», - деп айткан.

Бутубузду миналарга бастырбай аман-эсен каршы тарапка өткөрө турчу мындай улуу заттар өтө маанилүү. Ар биринен Аллаху таала ыраазы болсун. Колубуздан келишинче дуба, тасбих окуп, соопторун алардын рухтарына багыштоо менен аларга рахматыбызды билдиришибиз керек. Себеби, хадиси шарифте: «Эгер бир адам силерге бир жакшылык кылса, силер болсо рахмат айтпасаңар, Аллаху таалага шүгүр кылган болбойсуңар», - деп айтылган. Башкача айтканда, бизге келген жакшылыктарга себепчи болгон адамга рахмат билдирилмейинче ал жакшылык үчүн кыла турчу шүгүрүбүздү Аллаху таала кабыл кылбайт.

Мындай мубарек заттардын китептеринен Ахли сүннөт акидасын (ишенимин) үйрөнүү колго тийбес казына болуп саналат. Пайгамбарыбыз «саллаллаху алейхи ва саллам»: «Менин үммөтүм жетимиш үч фыркага (топко) бөлүнөт. Булардан жетимиш эки фыркасы адашкан жолдо болот, Жаннатка кире турчу бир фырка, «Менин жана менин асхабымдын жолунда жүргөндөр» кутулушат», - деп билдирген. Бир гана «Менин жолумда» дебестен «Асхабымдын жолунда» деп айтты. Аллаху таала: «Сага уйган адам мага уйган болот», - деп билдирүүдө. Расулу дагы: «Менин Асхабыма уйган адам мага уйган болот», - деп айткан. Ошондуктан, Пайгамбарыбыз менен Асхабын ажыратып кароо динди бөлүү, динден чыгуу болуп саналат. Аллаху таала 73 фырканын ичинен бири болгон Ахли сүннөт вал жамаат фыркасын бизге насип кылды. Бул - түптүз Жаннатка кире турган фырка. Бул фыркада болуу кандай чоң бакыт!


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш