Ислам дини » Аалымдардын сукбаттары » Эң чарасыз болгон күнүң




Эң чарасыз болгон күнүң


* Адамдардан келе турчу кыйынчылыктарга чыдоо – Аллаху таала жактырган, Расулуллах сүйгөн жана олуялар суктанган ахлак.

* Ачкөз куру калат, сараң адам жамандалат, кызганчаак адам капаланат.

* Көп сүйлөгөн көп жаңылат. Көп күлгөндүн айбаты жана уяты азаят.

* Сүйлөгөнүм үчүн өкүндүм, унчукпагандыгым үчүн өкүнбөдүм.

* Ислам дини адамдардын дүнүйөдө да, акыретте да ыракат жана тынчтык ичинде жашоосун каалайт.

* Эң чарасыз жана эң муктаж болгон күнүң – кабырга түшкөн күнүң.

* Мал-мүлк, бала-чака – булар Аллаху тааланын аманаттары. Аманаттарын каалаган кезинде алат.

* Сабыр – кабакты бүркөбөстөн кыйынчылыктарды ичке жутуу.

* Башка адамдан сөз алып келген киши сенден да ал адамга сөз алып барат.

* Фитна (бүлүк) Мусулмандардын арасында бөлүүчүлүк кылуу, аларды зыянга, күнөөгө киргизүү болуп саналат жана өтө чоң күнөө.

* Ишиңдин жакшы жүрүүсүн кааласаң өз алдынча кыймылдаба! Акылдуулар менен кеңеш!

* Адамдардын эң акылдуусу – Аллаху таалага моюн сунуп, адамдарга да Ага моюн сунууга жол көрсөткүч болгон адам.

* Асхабы кирамдын бардыгы адилеттүү болушкан.

* Жакшы дос дүнүйө жана акырет үчүн чоң бакыт болуп саналат.

* Адамдар сүйлөгөндү жактырышат, бирок, сүйлөгөндөрү менен амал кылбай, үйрөнгөндөрү менен жашоону таштап коюшат.

* Канчалаган кичине амал ниет менен чоңойот, канчалаган чоң амал ниет менен кичирейет.

* Аллаху тааланы тааныган адам Анын ыраазылыгына жетүү үчүн эмгектенет.

* Бир баланы Тозоктун отунан коргоо Дүнүйөдөгү оттон коргоодон маанилүүрөөк.

* Садага берүү аркылуу ырыскыңарды көбөйткүлө! Зекет берүү аркылуу мал-мүлкүңөрдү коргогула!

* Аллаху таалага баш ийген адам улуу заттардын сөздөрүнө көңүл бурат. Себеби, аларга Аллаху таала тарабынан чындыктар белгилүү болот жана ошону айтышат.

* Орунсуз бир сөздү таштоо напсиге бир күн орозо кармоодон да оор сезилет.

* Кедейлик – абалына шүгүр кылып, эч кимге даттанбастан муктаждыгын жашыруу болуп саналат.

* Адамды Аллаху тааланын кечиримине жеткире турчу нерселердин бири – ач болгондорду жана кембагалдарды тойгузуу.

* Эч бир пайдалуу иш кылбастан өмүрүн бош нерселерге сарптаган адамдан да жаман адам жок.

* Абалдардын эң туурасы – Исламиятка баш ийүү.

* Башка адамдардын кайгы-ыздырабынан жана өткөн жамандыктарынан сабак ал. Мындай адамдардын насыят жана кеңештерине кулак сал. Өздөрүнө кымбатка түшкөн нерселерди сага бекер беришет. Сөзсүз эле сенин башыңа да булардын келүүсүн күтпө. Себеби, сага да кымбатка түшүшү мүмкүн.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш