Ислам дини » Аалымдардын сукбаттары » Эң чоң илим - өзүнүн чегин билүү.




Эң чоң илим - өзүнүн чегин билүү.


  • Мээ ден-соолуктуу болуусу керек. Калган дене мүчөлөрүнүн анча-мынча сыркоолорун айыктырууга болот. Бирок, мээ сыркоолосо бардык дене иштебей калат. Лидер мээ сыяктуу. Ахли сүннөт итикады мээ сыяктуу, туура окулган беш маал намаз мээ сыяктуу.
  • Дене 3 негизги нерседен турат:

Дене + Рух + Напси

Дененин азыгы топурактан жаратылгандыктан топурак болот. Муктаждыктары – суу, жер-жемиш, эт жана башкалар. Муктаждыгы булар менен канааттандырылат, берилбесе күчү кетет, эч бирин ала албай калган кезде өлүүгө мажбур болот.

Рух болсо алем-и эмирден келет, өтө мубарек, ыйык нур болуп саналат. Рухтун азыгы - ибадат, алар - зикир, тообо, дуба жана башкалар болуп саналат. Аларды дарылоо үчүн пайгамбарлар жана китептер жиберилген. Рух оорусу деген мына ушул, акыл оорусу рух оорусу эмес. Ыймансыздыкка бет бурулган кезде рух каймана түрдө өлгөн болот. Рухтун өлүүсү ал адамдын капыр болуусу дегенди билдирет. Ар нерсенин жазасы чектүү, бирок, куфурдун (ыймансыздыктын) жазасы Жаханнамда чексиз калуу болуп саналат. Ыймандуулуктун натыйжасы Жаннатта түбөлүк калуу болуп саналат.

Напсинин азыгы – харам, вазыйпасы – харам иш кылуу, напсиге ал азыкты бербешибиз керек, бирок, назардан сыртта калтырылбашы да керек, тынч отуруусу үчүн халал болгондордон берилип туруусу керек.

  • Ар кимдин белгилүү бир чеги бар. Ар кимдин акысын көзөмөлдөө керек. Мусулман адам акы жебейт, акысын да жедирбейт.
  • Сабырдын башы өтө ачуу, түбү балдан таттуу. Аллаху тааладан ыраазы болгондон Аллаху таала да ыраазы болот, казага ыраазылык көрсөтүү олуянын белгилеринен болуп саналат. Сүйүктүүдөн (Аллаху тааладан) келген балээ белек болуп эсептелет, ал эми белекти кабыл кылбоо чоң жаңылыштык болот.
  • Тафвиз – бардык нерсенин Аллаху тааланын тагдыры менен болгонуна ишенүү, иштерин Аллаху таалага тапшыруу, Аны өзүнө вакил кылуу, Ага таваккул кылып ишенүү, Андан келген нерселерге сабыр кылуу дегенди билдирет. Бул кыйын болгону менен өтө баалуу.
  • Пенде Аллаху тааланы ыраазы кылса Аллаху таала бардык кедергини алып салат жана Мавланы табат.
  • Эки түрдүү илим бар – акыл илимдери жана накыл илимдери. Бул эки илим бөлүнбөйт, бөлүнсө бул эки илимге ээ болгондор бири-бирине душман болушат.
  • Эң баалуу илим - өзүнүн чегин билүү. Бардык араздашуулар дүнүйөнү бөлүшүүгө аракет кылуудан жана өз чегин билбестиктен пайда болууда. Адам жоомарт болсо бардык адамдар аны сүйүшөт жана аны менен эч ким араздашпайт. Сараң адамдар айланасындагыларга эч нерсе бербестен дүнүйөнү бир гана өзүнө жыйноого аракет кылышкандыктан тынчсыз болушат, сүйкүмсүз болушат жана адамдар алар менен дайыма күрөшө беришет.
  • Шах-ы Нахшибанд хазреттеринен сурашкан экен: "Устазым, бул жолдун негизи эмне, башы эмне?”. Жообунда: "Адеп”, - дешкен экен. "Ортосу эмне?” – дешкенде: "Адеп” – дешкен. "Анда акыры эмне?” – деп сурашканда: "Дагы эле адеп” – деп жооп беришкен экен. Эмне үчүн? Себеби, адепти сактабаган эч бир адам Аллахтын досу боло албайт. Адеп, адеп. Адеп – өз чегин билүү. Эң улук илим – өз чегин билүү.
  • Имам азам хазреттерин акыл менен түшүнүүгө аракет кылуу акылсыздык болот.
  • Дин улуктары оору, дарт жана кыйынчылыктардан улам эч качан арызданышкан эмес. Буларды ким жиберди? Аллах. Сүйүктүүдөн келген нерсени арызданууга болобу? Аллахты пенделерге арызданууга болобу?
  • Бир жерге чыгуу кыйын, бирок, ал жерди коргоо андан да кыйын.

Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш