Ислам дини » Аалымдардын маектери » Тоскоолдуктарды ашуу үчүн




Тоскоолдуктарды ашуу үчүн


Даанышман заттар айтышат:

Бардыгыбыз акырет жолчуларыбыз. Бир унаа менен жолчулук тоолордо, тайгак жолдордо эмес түз жолдо болот. Тик жарлардан өтүүгө мүмкүн эмес. Акыретке барчу жолдун эң чоң тоскоолдугу болуп өзүбүздүн напсибиздин кумары, каалоолору болуп саналат. Бул тоскоолдукту ашуунун жолу дүнүйө иштери менен дененин эмес көңүлдүн алакасын кесүү керек. Жеп-ичүүдө, эмгектенүүдө, жатып-турууда, бардык жерде жана ар качан Аллаху таала менен бирге экендигибизди ойлогон кезибизде напсиден келчү бардык бул тоскоолдуктардан өтүүгө болот жана түз жолго киребиз.

Тар жолдо кагылышуулар болот. Кең жолдо кагылышуу болбойт. Дүнүйө жолу тар. Дүнүйөлүк нерселердин аркасынан жүгүргөн адам дайыма тынчсыздык ичинде болот. Үй-бүлөдө, коомдо дайыма ушундай. Себеби, бардык араздашуулар, пайда үчүн эсептешүүлөр ушул тар жерде болот. Акыретке барчу жолдо болсо кагылышуу болбойт. Дин бир туугандыгы болот, биримдик, сүйүү, башкалардын пайдасын ойлоо болот.

Бир нерсе сөзсүз боло турган болсо анда аны болду деп билиш керек. Өлүм сөзсүз болот. Бул жер демалуу эмес эмгектене турчу жер. Бизге тийиштүү болгон, биз менен бирге кала турчу нерсе бир гана жакшы жана жаман амалдарыбыз. Күнөөлөр менен сооптор ал жерде таразага тартылат. Бул эсепке даярдыктуу болуу керек. Ажал эч качан алдыга кетпейт, артта да калбайт. Ошондуктан, өлүмдү көп эстөө керек. Өлүмдү дайыма даярдык ичинде күткөн адам эки дүйнөдө тең ырахаттыкка жетет.

Пайгамбарыбыз өмүрү боюнча имарат кантип тургузула тургандыгын же талаа кантип айдала тургандыгын үйрөткөн жок. Бир күнү өлө тургандыгыбызды, бул дүйнөдө конок экендигибизди, кылчу ишибизди напсибиз үчүн эмес Аллах үчүн кылуубуз керек экендигин, Аллах үчүн болбогон сооданын, жада калса, ибадаттын дагы бизди куткара албай тургандыгын үйрөттү.

Өзүн мусапыр жолчу же өлгөн адам катары кабылдаган, дүнүйө менен болгон байланышын көңүлүнөн үзгөн адамдын ийгиликтүү болбоосу мүмкүн эмес, себеби, мындай боло турган болсо ачуулануу, даттануу токтойт. Кантип токтобосун, эгер бираздан кийин унаага отуруп акыретке кете турган болуп турса. Дароо кетпесе дагы өзүн ансыз деле өлдү деп кабылдаган адамда ачуулануу деген нерсе калбайт. Өлгөн адам менен тирүү адам араздашабы? Жаназа тактайында жаткан адамга бир нерсе айтылса, ага акаарат кылынса өлгөн адам буга жооп кайтарабы? Өлгөн адам менен тирүү адамдын ортосунда талашып-тартышуу, араздашуу болбойт. Ар ким өзүн өлдү деп кабылдаса дүнүйө гүлистанга айланмак.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:

Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш