Ислам дини » Аалымдардын сукбаттары » Напсинин эң чоң максаты




Напсинин эң чоң максаты


Даанышман заттар айтышат:

Ар ким душманды сырттан издейт, бул жаңылыш. Дүнүйөдө адам үчүн эң чоң душманы - өзү. Себеби, Аллаху таала адамдын ичине ушундай бир макулукту, ушундай бир малунду, ушундай бир динсизди койгон, жаратылышы боюнча ар бир бөлүгү Аллахка, Расулуна жана акыретке душман. Бул – напси. Жакшылыктан кымындай болсо да насиби жок. Муну менен дос болуу хубб-и филлах менен бугд-и филлаха каршы. Хубб-и филлах деген Аллаху тааланы, Анын сүйгөндөрүн, б.а., мусулмандарды Аллах ыраазычылыгы үчүн сүйүү болуп саналат. Бугд-и филлах болсо Аллахтын душманы болгон напсини жана анын досторун сүйбөө дегенди билдирет. Ар түрлүү харам - напсинин досу жана тамагы.

Адам дүнүйөдө кимди сүйсө аны менен бирге тирилет. Өз напсинин каалоолору менен жашаган бир адам кандайча Аллаху тааланын досу боло алмак эле жана кандайча Аллаху тааланын ыраазычылыгына жете алмак эле? "Кимди сүйгөн болсоң, кимдин жолунда жүргөн болсоң эми аны менен бирге бол!” – деп айтылат.

Мына, адам өзү жалгыз эмненин туура экенине чечим чыгаруусу, напсинин жамандыктарынан коргонуусу дээрлик мүмкүн эмес. Имам Раббани хазреттери мунун абдан оор экенин билдирүүдө. Адам бир гана дин бир тууганы менен бирге болуу аркылуу кутула алат. Адамдын напси дин бир тууганынын жанында жүргөндө жолдон чыгып, кутура албайт. Анткени, дин бир тууганы эч нерсе кылбаса дагы анын жүрөгүндөгү устазына деген, Аллаху таалага деген махабат бириккен идиштер сыңары сөзсүз таасир кылат. Б.а., жамандыктардан, жаман ойлордон коргойт. Анын башка, дин улуулары тууралуу сүйлөшүлсө же алардын китептеринен окула турган болсо нур үстүнө нур болот. Ырайым деген мына ушул. Бирок адам жалгыз калганда бир жерде тегеренип тура берет. Ылайыктуу жолдош таппай жолго чыкпоо керек. Ошондуктан, "Алгач рафик (жолдош), анан тарик (жол)” деп айтылган. Б.а., жолдош тандап, анан жолго чыгуу керек. Акырет жолунда да салих кишилер менен бирге чыгуу керек.

Напсинин эң чоң максаты эмне? Напси кайра-кайра харам иш кылдырып, адамды капыр кылат. Анын эң соң максаты - куфур. Себеби, адамды чексиз балээлерге тартууну каалайт. Аны менен кандайча дос болуу мүмкүн? Бир адам 30-40 жыл бою бир эле мечитке кирет, бирок, мечитке бара жатып ар дайым: "Кызык, мечит кайда?” - деп сурай берет. Эң акырында бирөө: "Ага сиз бул мечитти билесиз да, акылыңыз деле ордунда, эмнеге дайым мечит кайда деп сурай бересиз?” – дейт. "Балам напсимин айтканын кылбоо үчүн сураймын. Сенден сураганда сен айткан жерге бараткан болом”, - деп жооп берет. Мына, салих адамдар напсиге моюн сунбоого ушунчалык көңүл бурушчу.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш