* Харам
жегендердин бүт дене мүчөлөрү кааласа да, каалабаса да күнөө кылат. Халал
жегендердин дене мүчөлөрү болсо ибадат кылат.
* Адепти
сактабастан кылынган кызматтардын пайдасы жок.
* Дүнүйөдөн
кийинки жолчулук өтө узак. Ал узак жолчулук үчүн керек болуучу нерселерди
камдап алгыла!
* Өзүнүн жана
бала-бакырасынын тиричилик каражаттарын камсыз кылуу үчүн иштөө - фарз.
* Дүнүйө жана
акыретте жакшылык сабыр менен колго тийет.
* Эң пайдалуу амал
– напсинин каалоолорунун терсин кылуу.
* Адамдар дуушар
болгон балээ жана кыйынчылыктардын эң чоңу - акырет жана дүнүйө иштери менен
алектенбей бош отуруу.
* Дин – адамдарды
түбөлүк бактылуулукка алып баруу үчүн Аллаху таала тарабынын көрсөтүлгөн жол.
* Бир адам үчүн эң
жаман беш нерсе: ыймансыздык, кибир (текеберлик), аз шүгүр, жаман ахлак жана
сараңдык.
* Аллаху таала
башкаларга ырайым кылбаган адамга ырайым кылбайт, кечирим сурагандарды
кечирбеген адамды кечирбейт.
* Мал-мүлк
сараңдарда, курал коркоктордо, башкаруу да алсыздарда болсо иштер бузулат.
* Диний илимдер –
дүйнөдө жана акыретте бактылуулукка ээ кылган илимдер болуп саналат.
* Дүнүйөлүк
нерселер үчүн капалануу жүрөккө караңгылык, акырет үчүн капалануу болсо жүрөккө
нур.
* Аракет кылбай
жана мээнет кылбай Бейишке кире турганын ойлогон адам бош кыялдарга кабылат.
* Шарапаттуу жана
асыл адам сөзүндө турат. Акылдуу адам жалган сүйлөбөйт. Момун адам ушак
кылбайт.
* Илими жок
адамдын дүнүйөдө да акыретте да эч кандай баркы жок.
* Ар жамандыктан
узак болуунун жолу – тилине ээ болуу.
* Дүнүйө сыноо
жери болуп саналат. Бул жерде дос-душманга бирдей ырайым кылынган. Акыретте
болсо бир гана досторго ырайым кылынат.
* Ачууланган кезде
өзүнө аманат кылынган сырды ачып койгон адам эң төмөн адам.
* Жумуш кылбай, ар
кимге муктаж болуп калган адамдын дини жана акылы кем болот.
* Жамандар менен
бирге болгон жана аларды коргогон адамдар да жамандардан болуп саналат.
* Кибир жана ачуу
адамдардын башына көп балээ кырсыктарды алып келет.
* Башкаларды
оңдоону кааласаң алгач өзүңдү оңдо!
* Аалым жана
олуялардын кабырларын зыярат кылгыла! Себеби, ал улуулар зыярат кылгандарга
шапаат кылышат.