Ислам дини » Аалымдардын маектери » Адам ар айткан сөзүн билүүсү керек, бирок, ар билгенин сүйлөй бербөөсү керек




Адам ар айткан сөзүн билүүсү керек, бирок, ар билгенин сүйлөй бербөөсү керек


* Тасаффувта кылган кызматтарды өзүмөн деп билген киши «кыянат» деп аталат. 

* Бардык нерсе сөз тыңдаганга берилет, бардык нерсе бул бардык нерсенин ичинде бар.

*
Акылыңды таштап кутул, моюн сунуп бакыт тап.
*
Адамга дөөлөт бир нече жолу келет. Анын кадырын билүүсү керек!

*
Фитна, бүлүк, ушак чыгаргандар бир күнөө кылууда. Аны угуп тургандар эки күнөө кылууда. Бир – уккандыгы үчүн, эки - тыйбагандыгы үчүн. «Басыл» деп токтоткон адамга шейит сообу берилет. Бир мунафык бир аскер ордосун бузат.

*
Башта Исламиятка толук баш ийген бир башчы бар болсо, ага толук баш ийилсе, бардык адамдар аны сүйүшкөн болсо колунда куру кылыч болсо дагы жеңишке ийгиликке жетет.

*
Ишти адисине бериш керек. Адисине бербеген жоопкер болот. Адиси эмес адамга берилсе дагы жоопкер болот.

*
Башчы ушундай болуш керек, бардык адамдар «Башчыбыз мени баарынан жакшы көрөт» деп айта алуулары керек.

*
Эң чоң душманыңа эң чоң белегиңди бер.
*
Ар жакшы ишти баштоодо бисмиллах айтуу керек.
*
Түрдүү, лаззаттуу тамактар жана таттуу, муздак шербеттер менен денеңеди ырахат кармагыла.

*
Айбан жибинен, адам сөзүнөн кармалат.
*
Киши ар айткан сөзүн билүүсү керек, бирок, ар билгенин сүйлөй бербөөсү керек.

*
Дартың барбы, истигфар айт, шифаа табасың. Кандайдыр арзууң барбы, ага жеткиң келеби, истигфар айт. Кедейсиңби, истигфар айт, зыянынан кутуласың. Байсыңбы, истигфар айт, шүгүр кылган болосуң. Аллаху таала: «Истигфар кылган адамдын жардамына жетишем», - деп буюрууда.

*
Эки зыйнат адамдын көркүн ачат: Карапайымдык, уяттуулук жана адеп.
*
Адамдарга рахмат айтпаган адам Аллаху таалага шүгүр кыла албайт.

*
Жакшы көрүнгөн нерседе жамандык, жаман көрүнгөн нерседе жакшылык болуусу мүмкүн.
*
Ким Аллах үчүн болсо Аллаху таала дагы ал үчүн.

*
Шүгүр - бул колдогу ниматтарды орду ордунда колдонуу. Мисалы, көз ниматынын шүгүрүн өтөө үчүн Аллаху таала кара дегендерди караш керек, караба делген жерге каралбайт.

*
Жахилдер менен достук куруудан сактан. Исламиятты дурус билбеген, аны орундабаган адам олуялык жолго кирүүгө белсенсе мунун ыйманын шайтан уурдайт. Өзүндө кереметке окшогон кандайдыр бир абалдар көрүнгөнү менен бул шайтандын оюну.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:

Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш