Ислам дини » Аалымдардын маектери » Диндин жартысы сабыр, жартысы шүгүр




Диндин жартысы сабыр, жартысы шүгүр


Даанышман заттар мындай айтышкан: 

Ачуулануу, жинденүү жана стресс заманындабыз. Ошондуктан, үйүбүздө болсун, ишибизде болсун адамдардан келе турчу кыйынчылыктарга сабыр кылалы. «Сабыр кылуу – ырахатка жетүүнүн ачкычы» деген хадиси шарифти ойлоп сабыр кылуу керек. Курани каримдин бир канча жеринде «Аллах сабыр кылгандарды сүйөт» деп билдирилүүдө. Сабыр диндин жарымы. Калган жарымы болсо шүгүр кылуу. Б.а., керек болгондой сабыр кылып шүгүр кылган динин коргогон болот.

Момундун саламаттыгы да, оорусу да жакшы. Ооруп калса сабыр кылат, сооп табат. Шифаа тапса, ден-соолуктуу болсо шүгүр кылат, анда да сооп табат. Расулуллах алейхиссалам: «Момундун ар абалына таң калууга болот. Себеби, момундун башына сүйүнүчтүү бир абал келсе шүгүр кылат. Дарт, балээ келсе сабыр кылат. Экөөндө тең сооп табат», - деген.

Намазын окуган, харам нерселерден сактанган адам Аллаху тааланын сүйүктүү кулу. Эч качан кандай абалда болбойлу даттанбайлы. Дайыма хамд кылуучу жана шүгүр кылуучу бололу. Башка бирөөнүн акырын ойлонуунун ордуна алгач өзүбүздүн акырыбызды ойлонолу. Эч бирибиздин акыры белгилүү эмес. Олуя заттар дагы дайыма акыркы деминен коркушкан. Себеби, адамдын напси башкарылганы менен адамда мүнөз дагы бар. Бул мүнөз өлгөнгө чейин биз менен болот.

Бир хадиси шарифте: «Кичи жихаддан чыктык, чоң жихадга кетип баратабыз», - деп айтылууда. Бул жерде чоң жихад напси менен күрөш дегенди билдирүүдө. Асхабы кирамдын напсилери мутмаинна болгон (кожоюнун уккан, баш ийген напси болгон), ыйман келтирген эле. Андай болсо бул сөз «Биз азыр мүнөзүбүздү өзгөртүүгө баратабыз» деген сөз. Мисалы, адамдын гендеринде сараңдык деген мүнөз жазылуу болсо муну кантип жөндөй алат? Бул мүнөз ар убак жарылып кете турчу бомба сыяктуу. Ошондуктан, эч бир момун денесинин генетикалык курамындагы бир заматта жарылуу рискинен улам акыркы демден ишенимдүү боло албайт. Чарасы эмне? Бул мүнөз жугуштуу оору сыяктуу. Жакшылар менен бирге болгон адам жакшы, жамандар менен бирге болгон адам жаман мүнөздүү болот. Кутулгусу келген адам алгач мүнөзүнүн жаман экендигин кабылдоосу керек. «Мен жакшы мүнөздүүмүн» дегенден кийин каерге барса барсын эч пайдасын көрбөйт. Мүнөзү начар экендигин кабылдап, кийин өзүнө ыкластуу, салих досторду табуусу керек. Бул досторундагы жакшы мүнөздөр акырындап ага да өтүп, убакыт өткөн сайын мүнөзү өзгөрөт.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:

Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш