Ислам дини » Аалымдардын маектери » Кул акысынын мааниси




Кул акысынын мааниси


Даанышман заттар айтышкан:
Эмне үчүн олуя заттарды бардык адамдар жакшы көрүшөт, биз болсо бири-бирибизди жакшы көрбөйбүз? Эмне үчүн көңүлүбүз ооруйт, кыйынчылыктар башка түшөт? Булардын себеби - кул акысына көңүл бурбагандык жана харам нерселерден сактанбагандык.

Аллаху таала күнөөлөрдү экиге бөлгөн:

1-Өзү менен пенделеринин ортосундагы күнөөлөр.

2-Пенделердин бири-биринин ортосундагы күнөөлөр, кул акылары.

Аллаху таала Өзү менен пендесинин ортосундагы күнөөлөрдү кечириши мүмкүн же жазаландырышы мүмкүн. Бул Раббибиз Өзү билген иш, бирок, пенделердин ортолорундагы күнөөлөрдө сөзсүз адилеттик болот. Б.а., акыретте кул акылары боюнча бардык адам эсепке тарталыт. Пайгамбарыбыз алейхиссалам айткан:

«Акыретте сырат көпүрөсүндө ар бир мусулмандан жети суроо суралат. Биринчи ыймандан суралат, экинчи намаздан, үчүнчү орозодон, төртүнчү ажылыктан, бешинчи зекеттен, алтынчы гусулдан суралат. Жетинчи суроодо болсо Пайгамбарлар дагы күнөөсүз болушса дагы бул сурактан коркушат. Бул – кул акысы.»

Бир адам Пайгамбарлар аткарган ибадаттарды аткарса, бирок, үстүндө башка бирөөнүн бир тыйын акысы калып кеткен болсо бул бир тыйынды төлөмөйүнчө Жаннатка кире албайт. Кул акысы ушунчалык маанилүү болгондуктан бир данк [жарым грамм күмүш] кул акысы үчүн жамаат менен окулган, кабыл болгон 700 намаздын сообу алынып, акы ээсине берилет, сообу жок болсо анын күнөөсү буга жүктөлөт.
Пайгамбарыбыз муфлис болгон (б.а., банкрот болгон, бардык нерсесинен ажыраган) адамды мындайча билдирүүдө:

«Муфлис мына ушул адам – кыяматта амал дептеринде көп намаз, орозо жана зекет сообу болот, бирок, кээ бирөөлөргө ар кандай зыяны тийген адам. Сооптору бул акы ээлерине алынып берилет. Акылары төлөнүп бүтө электе сооптору бүтүп калса ошол акы ээлеринин күнөөлөрү бул кишинин мойнуна жүктөлүп, Тозокко ыргытылат.»
Бул кул акысынын канчалык маанилүү экендигин билип мындан сактанган мусулман эч качан бирөө менен талашып-тартыша албайт, уруша албайт, көңүл оорута албайт, себеби, кул акысынан коркот. Анын үстүнө көңүл оорутуу аркылуу кул акысын жеген болуу өтө чоң күнөө. Бул тууралуу Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам) айтууда:

«Бир момундун көңүлүн оорутуу 70 жолу Каабаны жыгуудан дагы чоң күнөө.»

Дин китептерибизде: «Аялынын акысын, укугун сактай албай турчу адам кул акысына кирбөө үчүн үйлөнбөсүн», - деп жазылган. Б.а., аял туткун эмес, кул эмес, кызматчы дагы эмес.

Кээ бир дин улуктары кул акысы өтпөсүн деп өз аялынан, өз баласынан дагы бир чөгүн суу сурабастан, туруп өздөрү алышчу. Кээ бир дин улуктары дагы буйрук берген болбош үчүн: «Бир чөгүн суу бере аласыңбы?» деп өтүнүч менен кайрылып, кул акысынан ушунчалык коркушчу.

Артка
 
    
Диний маалымат изде:

Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш