Ислам дини » Аалымдардын сукбаттары » Ыкылас адамдын иштеринен билинет




Ыкылас адамдын иштеринен билинет


Ыкылас (ихлас) – дене менен же мал-мүлк менен кылына турган парз же нафил бүткүл ибадаттарды, мисалы, жакшылык кылууну, мусулмандарды кубантууну, аларды кыйынчылыктардан куткарууну, зикирди, истигфарды (астагфируллах айтууну) Аллах ыраазычылыгы үчүн кылуу деген сөз.

Намаз окуунун максаты - Аллаху тааланын улуулугун ойлоп, Анын алдында өзүнүн төмөндүгүн, алсыздыгын түшүнүү. Муну түшүнгөн адам ар дайым жакшылык кылат, эч качан жамандык кылбайт. Напсине моюн сунган адамдын окуган намазы сахих болсо да жемишин көрбөйт. Анткени, адамдардын жанында сүннөттөргө ылайык окуп, ал эми жалгыз калган кезде адептерине маани бербей окулган намаз рия болот. Пайгамбарыбыз: «Адамдарга көрсөтүү үчүн намазын жакшы окуп, ал эми жалгыз кезинде минтип окубаган адам Аллаху тааланы мазактаган болот», - деп билдирген. Күнүгө беш маал Раббынын алдында турууга ниет кылган адамдын көңүлү ыкыласка толот. Анткени, намазда аткарылуусу буйрук кылынган ар бир аракет көңүл менен денеге түрдүү пайдаларды келтирет. Мечиттерде жамаат менен намаз окуу мусулмандардын көңүлдөрүн бири-бирине байлайт жана бири-бирине бир тууган экендиктерин түшүнүшөт. Улуулар кичүүлөргө мээримдүү болушат. Кичүүлөр да улууларга урмат көрсөтүшөт. Байлар кедейлерге, күчтүүлүр алсыздарга көмөкчү болушат. Дени соолор ооруп калган бир тууганын мечитте көрбөсө үйлөрүнө издеп барышат жана «Дин бир тууганына жардамдашуу үчүн жүгүргөн адамдын көмөкчүсү Аллах болот» деген хадиси шарифтеги сүйүнчүгө жетүү үчүн аракеттенет.

Хазрети Шейх Абдулкуддус баласына мындай деп насыят айтат:

«Убакыттын кадырын бил! Күнү-түнү илим үйрөнүүгө аракеттен! Ар дайым даараттуу жүр! Беш маал намазды сүннөттөрү менен, тадил эрканы менен, хушу менен, Аллаху таааланы көрүп тургандай жана Пайгамбарыбыз билдиргендей окууга аракет кыл! Буларды аткарсаң дүнүйөдө жана акыретте сансыз көп ниматтарга жетесиң. Илим үйрөнүү ибадат кылуу үчүн керек. Кыямат күнү амалдар суралат, "Көп илим үйрөндүңбү?” деп суралбайт. Ал эми амалдар менен ибадаттар болсо ыкыласты табуу үчүн керек. Бардык нерсени Аллаху тааланын ыраазылыгы үчүн аткаруу болуп саналган ыкылас болсо чыныгы илах жана шартсыз бар болгон Аллаху тааланы жакшы көрүү үчүн керек.

Мал-мүлк, урмат, кадыр-баркка жетүү үчүн кылынган ибадаттарда ыкылас болбойт, рия болот. Мындай ибадаттарга сооп берилбейт, тескерисинче күнөө болот, азапка учурайт. Бидатчылар, харам иш кылгандар жана дин душмандары менен достук кургандардын көңүлдөрүндө ыкылас калбайт жана көңүлдөрүндө зулумдук, кара тактар пайда болот.

Туура, салих мусулман боло алуу үчүн ахли сүннөт аалымдары билдиргендей ыйман келтирүү, ибадаттарды туура жана ыкылас менен аткаруу керек. Аллаху таала туура жана ыкылас менен ибадат кылгандарды жакшы көрө турганын, булардын көңүлдөрүнө дүнүйөдө фейз, нурларды жаадыра турганын, ал эми акыретте сооп жана жакшылык бере турганын убада кылган. Хадиси шарифте мындай делинет: «Аллаху таала мындай деди "Менин шеригим жок. Мага шерик, ортомчу кошкон адам соопторун андан сурасын.” Ибадаттарыңарды ыкылас менен аткаргыла! Аллаху таала ыкылас менен кылган иштерди кабыл кылат.»

Ибадатттардын туура болуусу үчүн кандай аткарылышын үйрөнүү керек жана үйрөнгөндөрүнө ылайык орундоо керек. Аллаху таалага жакын болуу, тактап айтканда, Анын сүйүүсүнө жетүү үчүн ыкылас менен Исламга моюн сунуу керек. Ал эми Исламга моюн сунуу үчүн алгач ахли сүннөт аалымдары билдиргендей ыйман келтирип, кийин харамдардан сактанып жана парз болгон ибадаттарды ыкылас менен аткаруу керек.

"Эшбах” китебинде мындай деп жазылган:

«Бир ибадатта сооп пайда болуусу үчүн бул ибадаттын сахих болуусу шарт эмес. Халис ниет кылынуусу шарт. Халис ниет кылынып аткарылган ибадат билбегендиктен фасид болсо (бузулса) сахих болбойт. Бирок, ниет кылынганы үчүн көп сооп берилет. Мисалы, даараты бар деген ой менен дааратсыз окулган намаз сахих болбойт. Бирок, ниети үчүн көп сооп берилет. Нажис экенин билбеген сууну таза деп ойлоп аны менен даарат алып окулган намаздын шартында кемчилик болгону үчүн сахих болбогону менен ниетинин болгону үчүн сооп берилет. Шарттарына ылайык окулганы үчүн сахих болгон намаз рия көрсөтүү үчүн окулса сооп пайда болбойт.

Бир күнү Пайгамбарыбыз: «Бир адам ыкылас менен "ла илаха иллаллах” десе Жаннатка кирет», - деп айтат. Муну уккан сахабалар: «Йа, Расулаллах, муну ыкылыс менен айтканыбыздын кандай белгиси бар?» - деп сурашты. Расулуллах алейхиссалам: «Силерди Аллаху тааланын харам кылган нерселеринен тыйуусу», - деп жооп берди.

Жыйынтыктап айтканда, ыкылас - бардык нерсени Аллах ыраазылыгы үчүн кылуу деген сөз жана бул абал адамдын иштеринен билинет. Хазрети Жунайд Багдадинин айтканындай: «Бир адам кылган ибадаттарын ыкылыс менен аткарса Аллаху таала ал адамга бош нерселерден, керексиз кызыкчылыктардан кутулуу ниматын ихсан кылат (берет).»


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш