Ислам дини » Аалымдардын сукбаттары » Дуба кылбоо - кайгылардын эң чоңу




Дуба кылбоо - кайгылардын эң чоңу


Дуба – тилөө, жалынып-жалбаруу, суроо дегенди билдирет. Ар адамдын өз каалоолорунун жүзөгө ашуусу үчүн же башка адамдын өз тилегине жетүүсү үчүн Аллаху таалага жалбарынуу деген сөз. Аллаху таала Мумин сүрөсүнүн алтымышынчы аятында: «Мага таза (ыкыластуу) жүрөгүңөр менен дуба кылгыла. Дубаңарды кабыл кыламын», - деп айткан. Пайгамбарыбыз "саллаллаху алейхи васаллам”: «Аллаху тааланы унутуп, гафлет менен (ыкылассыздык менен) кылынган дуба кабыл болбойт», - деген.

Дубанын кабыл болуп-болбогонуна эмес дуба кылганда аткарылуусу керек болгон шарттарынын аткарылып-аткарылбаганына тынчсыздануу керек. Анткени, шарттарына ылайык кылынган дуба сөзсүз түрдө кабыл болот. Муну аяттар менен хадиси шарифтер билдирүүдө. Хазрети Мавлана Халид Багдади мындай дейт: «Жалгыз гана дуба кылып өзүбүздү өзүбүз алдабайлы. Аллаху тааланын жараткан мыйзамдуулуктарына моюн сунбай, себептерине жабышпай, эмгек кылбай дуба кылуу мужиза тилөө деген сөз. Мусулманчылык ары эмгек кылуу менен, ары дуба кылуу менен ишке ашат. Алгач себебине жабышуу керек (тактап айтканда, максатыңа жеткирүүчү себептерди аткаруу керек), андан кийин дуба кылуу керек.»

Хазрети Имам Газали: «Дубанын адептеринин бири – өзүңдүн алсыз экениңди билдирүү, тунук ой менен, хушу менен (ыкылас менен, кемчиликсиз, башка эч нерсе ойлобой, берилип), Аллахтан коркуп, дубанын кабыл боло турганын үмүт кылып, тилегиңди туруктуу түрдө жалбарып суроо», - деген.

Кул ар убак Ээсине, Жаратканына муктаж. Аллаху таала бардык нерсени себептер менен байланыштырып жаратканы үчүн себептерге жабышуу буйрук кылынды. Себептерге жармашабыз жана дуба кылабыз. Анткени, дуба кылуубузду Өзү каалап буйрук кылууда. Ниматка жеткен кезибизде да, балээге учураган кезибизде да дуба кылуубуз буйрук кылынды.

Хазрети Имам Раббани мындай дейт: «Дуба кылуубуз буйрук кылынды. Кулдун Раббине дуба кылуусу, жалынып-жалбаруусу, сыйынуусу, ыйлоосу Раббине жагымдуу келет.»

Балээ келгенде Аллаху таалага жалбарбоо, дуба кылбоо – келген балээден да чоң өкүнүч, андан да өткөн кайгы болуп саналат. Хазрети Мухаммед Масум мындай дейт: "Балээ Аллаху тааладан келет. Балээден куткаруучу да - Аллаху таала. Ар нерсенин белгилүү бир убакыты бар. Убакыттарын өзгөртүү мүмкүн эмес. Арыздануу пайда бербейт. Ага сыйынып дуба кылынса эч кандай кайгы, кыйынчылык калбайт. Дуба кылбоо – кайгылардын эң чоңу.”

Шарттарына ылайык кылынган дубанын натыйжасынан тынчсызданбоо керек жана бул тууралуу ашыкпоо керек. Бир күнү Пайгамбарыбыз: «Кул күнөө кылбаса же сила-и рахимди таштабаса (туугандары менен карым-катнашын үзбөсө) жана ашыкпаса дубасы кабыл болот», - деп айткан. Ошол жердеги сахабалардын кээ бирөөлөрү: "Йа Расулаллах, ашыгуу кандай болот?” - деп сурагандарында, Пайгамбарыбыз: «Дуба кылдым, бирок, кабыл болгонун көрбөдүм деп дуба кылууну жыйыштырып койот», - деп жооп берет.

Дуба кылганда Аллаху тааланын сүйүктүү кулдарын ортого коюп, алардын урматы үчүн деп дуба кылуу керек. Анткени, Пайгамбарыбыз: «Аллахумма инни асалука билхаккисса-илина алайка, же Йа Раббим! Сенден сураганда тилегенин берген адамдарыңдын урматы үчүн сураймын деп дуба кылуучу жана ушундай дуба кылгыла!» - деп айтчу.

Хазрети Абдулкадир Гейлани мындай дейт: «Аллаху тааладан дүнүйө менен акыреттин жакшылыктарын тиле. "Мен тилеп жүрөм, бирок, Аллаху таала бербей жатат, эми мындан кийин тилебейм” дечү болбо. Дуба кылууну токтотпо. Эгер тилеген нерсең таптакыр тагдырыңа жазылбаган болсо тилегениңден кийин Аллаху таала аны сага берет. Эгер сураган ырыскың тагдырыңа жазылбаган болсо Аллаху таала сени ал нерсеге муктаж кылбайт жана Өзүнүн келгендерге ыраазы болуу ниматын ихсан кылат. Эгер Аллаху таала сен үчүн кедейлик менен оору-сыркоо каалаган болсо сен кедейлик менен оору-сыркоодон кутулуу үчүн Аллаху таалага жалбарасың. Ошондо Аллаху таала сага сени ыраазы кылуучу жана канааттандыруучу абал берет. Эгер карыз болууң тагдырга жазылган болсо жана сен карыздан кутулуу үчүн дуба кылсаң Аллаху таала сенин карыз алган адамыңды сени менен жаман мамиледе болуу абалынан баш тарттырат. Жада калса, карызыңды азайтып же карызыңды бүтүндөй сага тартуу кылуу абалына алмаштырат. Эгер бул дүнүйөдө карыз болгон абалыңдан куткарбаса мунун ордуна көп сооп берет.»

Бир күнү Хазрети Ахмед бин Алавинин бир шакиртинин баласы кайтыш болот. Шакирти буга катуу кайгырат. Баласын кучагына алып устазынын алдына алып келет да: "Устазым, Аллаху таалага дуба кылыңызчы, баламды тирилтсин же менин да жанымды алсын”, - дейт. Хазрети Ахмед бин Алави шакиртине: "Сен үчүн кайырлуу болуучу дуба кыламын. Балам, тагдырга ыраазы болууң керек. Аллаху таала бул балаңды сага аманат кылып берди. Эми кайра алып жатканында сага көп сооп, жакшылык берет, сага сени аяп туура жолдо жүрүүңдү, жогору даражага көтөрүлүүңдү ихсан кылат. Мындай мээримдүүлүккө жана ихсанга жете алуу үчүн сабыр кылып, Анын жазганын жактырууң керек. Ачууланып, ызы-чуу чыгарсаң соопко жете албайсың. Анын буйругуна ыраазы болуп, маңдайыңа жазылганга ыраазы болуу керек”, – деп жооп берди да, дуба кылат.

Дуба кылууну таштабоо керек, бирок, шарттарына ылайык жасоо керек. Анткени, Хазрети Али Рамитани мындай дейт: «Дубаңардын кабыл болуусу үчүн Аллаху таалага эч качан каршы келбеген тилиңер менен дуба кылгыла.»

Хазрети Яхья бин Маин: "Аллаху таалага моюн сунуу казынага окшойт. Бул казынанын ачкычы – дуба. Бул ачкычтын тиши – адал тамак”, - деген.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш