Ислам дини » Аалымдардын сукбаттары » Дубанын кабыл болуусу үчүн




Дубанын кабыл болуусу үчүн


Дуба – Аллаху таалага жалбарып, тилегин, каалоосун суроо деген сөз. Аллаху таала дуба кылып жүргөн кулун жакшы көрөт. Дуба кылбаган кулуна ачууланат. Дуба - мусулмандын куралы, диндин негизи, тиреги жана жер менен көккө жарык чачкан нур болуп саналат. Дуба – башка келген балээлерди кайтарат, келбегендеринин келүүсүнө тоскоол болот. Аллаху таала Курани каримде: «Мага халис (таза) көңүл менен дуба кылгыла! Мындай дубаларды кабыл кыламын», - деп буюрган.

Аллаху таала бардык нерселерди себеп менен жаратууда, ниматтарын себептери аркылуу жиберүүдө. Ошол сыяктуу зыяндарды, дарттарды кетирүү үчүн жана пайдалуу нерселерди берүү үчүн да дубаны себеп кылган. Бардык пайгамбарлар дуба кылышканы сыяктуу үммөттөрүнө да дуба кылууну буйрук кылышкан.

Дубанын кабыл болуусу үчүн алгач кунөөлөргө өкүнүп, тообо кылуу керек, истигфар (астагфируллах) айтып, садака берүү керек, ишенимди ахли сүннөт аалымдарынын билдиргендерине ылайык түзөлтүү керек, дубанын кабыл боло турганына ишенүү керек, тизелеп кыбылага карап отуруп, алгач хамд (шүгүр) жана салават айтуу керек. Ушундай кылынган дуба кабыл болбосо да сообу көп болот. Дубанын кабыл болуусу үчүн адал жеп, адал кийүү керек. Арам тамак жеген адамдын дубасы кырк күн кабыл болбойт.

Дуба кылганда көңүл ойгоо, ой жыйнактуу болуусу керек. Эмне айтканынан кабары болбогон гафил адамдын, көңүлү башка жакта болгон адамдын дубасы кабыл болбойт. Дубанын кабыл болуусу үчүн шашылбоо керек, дуба кылууну токтотпоо керек, жалкпоо керек. Аллаху таала дуба кылууну жана дуба кылган адамды жакшы көрөт. Дубаны кабыл кылганы менен да суралган нерсени кечиктирип, дубанын жана сообунун көп болуусун каалайт. Дубаны эч болбогондо 7 жолу кайталоо керек. Ырахаттык, тынчтык кезинде көп дуба кылган адамдын дарт, балээ келген кездеги дубалары тез кабыл болот.

Бир замандарда Мысырда жутчулук болуп, жамгыр да жаабай койот. Эл жамгырдын жаашы үчүн чара издеп, дуба кылышат, бирок, жамгыр жаабайт. Салих бир адам мечиттеги жамаатка карап: «Мен мунун чарасын, жамгырды кантип жаадыруу керектигин билем. Бардык адамдар садака берсин, ошондо дубалар кабыл болот», - дейт да: «Менин бул чапанымдан башка эч нерсем жок, мен чапанымды беремин», - деп чапанын чечип ортого койду. Андан кийин эл эмнеси бар болгон болсо ортого жыйнап, буларды кедейлерге таратышты. Анан колдорун жайышып: «Эй, Раббибиз, кулдарыңды кубанткан адамдын дубасын кабыл кылаарыңды билдиргенсиң, биз Сенин кедей кулдарыңды кубанттык», - деп жаткан кезде ачык асман дароо кара булуттар менен капталып жамгыр жаай баштайт.

Себептерине карабай кылынган дуба "пайдасыз таманни” деп аталат. Үмүттөнбөй суралган нерсе "таманни” деп ааталат. Үмүттөнүп суралган нерсе "ража” деп аталат. Дубада суралган нерсенин себептерине жеткирүүсүн тилөө керек. Хадиси шарифте: «Эмгек кылбастан дуба кылган киши куралсыз согушка аттанган киши менен барабар», - деп айтылган.

Дары ичүү, аяти карималарды окуу, дуба кылуу адамдардын өмүрүн узартпайт, өлүмүнө кедерги боло албайт, ажалын кечиктирбейт. Бирок, ажалы келбеген адамдын дарттарын кетирип, оорусун жеңилдетип, дени соо, ырахат жана кубанычта өмүр сүрүүчүнө себепкер болот. Сыркоолуу адамга соо адамдын органдарын алып салуу сыяктуу операциялар, вакциналар, медициналык иштер өлүмгө тоскоол болбойт, болгону өмүрү барларга пайдалуу болот. Ажалы келген көп адамдын операция убагында өлгөндөрүн билбеген адам жок.

Дубанын кабыл болуусу үчүн сураган нерсенин себебине жабышуу керек. Аллаху таала бардык нерсени себептери менен жараткан. Дуба кылуу менен бирге чарасын камдоо, себебин издөө керек. Дуба кылганда Аллаху таала адамды ошол тилеген нерсесинин себебине жеткирет жана себебине таасир, кубат берет. Намаздардан кийин кылынган, Пайгамбарыбыздын жана олуялардын кабырларынын жанында, алардын урматына деп айтылган дубалар тез кабыл болот.

Эгер дубаларыбыздын кабыл болуусун кааласак шарттарына моюн сунуубуз, бирөөнүн дубасын, ыраазылыгын алуубуз керек, бирөөнү кубантуубуз керек. Бир адам жубайы менен бир салих, мубарек адамга келип: «Устаз, балабыз катуу ооруп жатат, сакайып кетүүсү үчүн дуба кыласызбы?» - дегенде, ал адам: «Баланча жерде бир кедей бар, алгач ошону кубанткыла, анан келгиле», - дейт. Кедейди кубанткандан кийин айтылган дуба менен бала сакайып бутуна турат. Аллаху тааланын дубабызды кабыл кылуусу үчүн, бизди жакшы көрүүсү үчүн дубанын шарттарына баш ийүүбуз жана Анын кулдарын кубантуубуз керек.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш