Ислам дини » Аалымдардын маектери » Өзүн жакшы көргөн адам башканы жакшы көрө албайт




Өзүн жакшы көргөн адам башканы жакшы көрө албайт


Дарыгерлер мындай дешет: «Оорулуу адам диета кармоосу керек. Сакайгыча ага майлуу, таттуу тамактар пайда бербейт. Мындай тамактар анын оорусун андан да күчөтүүсү мүмкүн. Ошондуктан, тамактан мурда адамды оорудан айыктырууну ойлоо керек. Андан кийин гана жеңил тамак берип мурдагы күчүн калыбына келтирүүгө болот.» Ушул сыяктуу «Көңүлдөрдө (жүрөктөрдө) оору бар» деген аяти каримада билдирилген көңүл оорусуна чалдыккан адамдардын да эч бир ибадатынан пайда келбейт, тескерисинче зыяны тийет.

«Көп Курани карим окугандар бар, Курани карим буларга наалат айтат» деген хадиси шариф белгилүү.

«Көп орозо кармагандар бар, алардын орозодон алчу пайдасы - жалгыз гана ачкалык жана суусуздук» деген хадиси шариф да сахих.

Көңүл ооруларынын адиси болгон тасаввуф аалымдары алгач оорудан айыгуу үчүн кылынуучу нерселерди буйрук кылышкан. Көңүл оорусу дегенибиз - көңүлдүн Аллахтан башкага байлануусу, берилүүсү, же өзүнө ашык болуусу. Анткени, адамдар бардык нерсени жеке башынын камын ойлоп кылышат. Ата-эненин баласын жакшы көрүүсүнүн негизи да өздөрүн жакшы көрүүсү болуп саналат. Бардык адамдар мал-мүлккө, атак-даңкка өз напсинин кыялдарына жетүү үчүн умтулат. Андайлардын сыйынган кудайлары – өздөрүнүн напсилери. Алар напсинин каалоолорунун артынан жүгүрүп өмүрүн өткөрүшүүдө.

Көңүл ушул байлануулардан арылмайынча адамдын кутулуусу өтө кыйын. Демек, өзүн акылдуу, маданияттуу, билимдүү деп эсептеген адамдар баарынан мурда дал ушул оорудан кутулууну ойлонуулары керек.

Кулдун тилектери жана каалоолору жалгыз гана Ээси жана Ээсинин каалоолору болуусу керек. Кулдун башка эч кандай каалоолору болбоого тийиш. Антпесе ал Аллахка болгон кулдук боосун үзүп, кулдуктан качкан болот. Назиат сүрөсүнүн 40-аятында: «Кимде-ким Раббинин улуулугунан коркуп, өзүн напсинин каалоолорунан кайтара турган болсо, барар жери шексиз - Жаннат», - деп айтылган.

Дайыма жеке башынын лаззаттарына, талаптарына, кыялдарына жетүүнү көздөгөн кул өзүнүн, рахаттарынын жана напсинин кулуна айланат. Эми ал наалаттанган шайтандын буйруктарын аткарат.

Напсинин арам ойлоруна, каалоолоруна жетүү үчүн иш кылып акча табуу жолунда адал-арамга маани бербөөсү, элдин акысын жеши, алган карыздарын кайтарбоосу дүнүйөгө көңүл бергендигинин белгиси. Дүнүйөгө көңүлүн берүү бардык диндерде чоң күнөө болуп саналат.

Аллаху тааланы таанууда Ага жетүүчү жолго бөгөт болгон адамдын эң чоң душманы - өз напсинин каалоолору. Напсинин мындай жийиркеничтүү каалоолору эч качан бүтпөйт. Тарбия көрбөгөн напсинин каалаган нерселери адамга жамандык гана алып келет. «Кумарың - кудайың» деген накыл сөз бар. Жасия сүрөсүнүн 23-аятында: «Напсинин каалоолорун кудай кылып алган адамды көрдүңбү?» деп ушул абал тууралуу кабарлаган.

Эгер адамдын максаты ага жетүү үчүн кандай да болсо кордукка, төмөкдүккө да барууга себеп болсо, анда бул максат адамдын кудайына айланды деп билсе болот. Ошол жолдо ар түрдүү корлуктарга ыраазы болуусу анын ибадаты деген сөз. Анткени, ибадат кордук менен төмөндүктүн эң акыркы даражасы болуп саналат.

Аллаху тааладан башка кудайды тааныбоо үчүн адамдын Андан башка максаты, Андан башка мураты болбоосу керек. Ал үчүн «Ла илаха иллаллах» дегенде Андан башка максатынын жок экенин билүүсү керек.

Бир адам максатына жетүү үчүн (Аллах сактасын) диндин чегинен чыкса, парздардын бирин таштаса, арам иш кылса, мисалы: намазын, орозосун таштаса же спирт ичимдигин ичсе бул максаты анын кудайына, теңирине, сыйынуучу бутуна айланган болот. А эгер максаты үчүн диндин чегинен чыкпаса, ага жетүү үчүн арам иштерге кылбаса динибиз ал максатына тыюу салбайт жана аны максат деп да көрбөйт. Анын максаты жалгыз гана Аллаху таала жана Анын динине баш ийүү дейт. Ал адамда ушул максатка болгон бир каалоо пайда болгон болсо да бул каалоосу динибизге болгон каалоонун өлчөмүнө жетпейт.

Максаты дүнүйөлүк болгон адамдын кесири, зыяны бүткүл ааламга тийет. Өзү да бардык нерсени арыздана берет. Элге зыян келтирген адам текебер жана мактанчаак болот. Эч нерсеге көңүлү толбойт, арыздана берүүсү да ошол текеберлигин билдирет. Адамдын өзүнө болгон махабаты, куштарлыгы, өзүн жактырып менменсинүүсү да ошол текеберлигинин айынан. Өзүн жактырып жерге-сууга батыра албай мактануусу адамдын өзүнө көңүлүнүн байланганын көрсөтөт. Андай өзүн жакшы көргөн адамдар башкаларды жакшы көрө албайт, урматтай албайт, көңүлүн бере албайт.

Адамдарды жакшы көрө алуу үчүн өзүн жакшы көрбөө керек. Ал дагы жалгыз гана карапайым адамдарда болот. Карапайым адамдагы бул касиет өзүн жактырбагандыктан, мактанчаак, текебер болбогондуктан, элди жогорудан карабагандыктан пайда болот. Ошол себептен мындай карапайым, сыпайы адамдар башкаларды жакшы көрүшөт, адамдар да аларды жакшы көрүшөт. Карапайым дегенибиз өлгөн дегенди билдирет. Өлгөн адам эч кимдин үстүнөн арызданбайт, өлгөн адамды дагы эч ким арызданбайт.

Демек, топурактай карапайым болгондор көп ниматка жетет. Деңгээли көтөрүлгөн топуракка суу турбагандай адам баласы да көкүрөгүн көтөрсө ал жерде адамдык сапат турбайт. Дин аалымдарынын, олуялардын фейз жана берекелерине жетүү үчүн топурактай карапайым болуу керек. Рахматка, жакшылыкка жетүү үчүн топурак сыяктуу болуу керек.

Пайгамбарыбыз (алейхиссалам) бир хадиси шарифте мындай деген: «Акылдуу адам напсин тебелеп, акыретте керек болуучу нерселер үчүн эмгек кылат. Ал эми акмак болсо напсинин буйруктарын аткаруу менен алектенип, Жаннатка киргизүү үчүн Аллахка дуба кылат.»


Артка
 
    
Диний маалымат изде:

Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш