Ислам дини » Аалымдардын маектери » Мусулман суудай болуусу керек




Мусулман суудай болуусу керек


Адам денесинде статикалык электр тең салмагы болот. Дененин саламаты ушул электр тең салмактуулугунун деңгээли менен түздөн-түз байланыштуу. Бул тең салмактын бузулуусуна психологиялык оор кырдаалдар, климат, кийим-кече, жашоо шарттары жана жумуш ордундагы ыңгайсыздыктар таасир кылат. Бул электр тең салмактуулугу ачууланган убакытта нормадан төрт эсе артып кетет. Адам ачууланганда сөздөрүнө да, кыймылына да ээ боло албай калат жана мындай абал адамды куфурга түшүрүүсү мүмкүн. Ошол себептен Расулуллах алейхиссалам: «Ачуу ыйманды бузат», -деп айткан.

Ачуулануунун катаалын, чектен чыккан зыяндуу убагын жанкечтилик (долулук) деп айтат. Мындай адам ызалуу, орой болот. А мунун тескериси жумшактык деп аталат. Ак көңүл, жумшак мүнөздүү адам ачууланууга себеп болуучу жагдайда ачууланбайт, ачууга алдырбайт. Ачуулуу адамдын ары өзүнө, ары башкаларга зыяны тиет. Хадиси шарифте:«Бир мусулмандын боюнда үч касиет табылса Аллаху таала аны коргойт, ага камкор болот, жакшы көрөт жана мээримин төгөт. Бул үч касиет: ниматка шүгүр кылуу, өзүнө зулумдук кылган адамды кечирүү, ачууланган кезде ачуусун жеңүү», -деп айтылат.

Катаалдык адамдардын коркунучу менен үрөйүн алат, ал эми жумшактык жылуулукту, мээримди жана сүйүүнү пайда кылат. Коркутуу аркылуу жеткен ийгиликтер бузулуп жок болууга, ал эми сүйүү жана мээрим менен колго келген нерселер көбөйүүгө, чоңойууга себеп болот. Ошондуктан, Пайгамбарыбыз: «Аллаху таала мээримдүү. Жумшактыкты жакшы көрөт. Оройлук кылгандарга бербеген нерселерин жумшак мүнөздүү болгондорго берет. Башкаларга бербейт», - деп айткан.Хазрети Анас бин Малик: «Расулуллах алейхиссаламга он жыл кызмат кылдым. Бул мезгил ичинде мага ачууланганын, катуу сүйлөгөнүн көрбөдүм», - деп айткан.

Пайгамбарыбыздын бул көркөм мүнөзү Али имран сүрөсүнүн 159-аяти каримасында: «Жаныңдагыларга жумшактык жана көркөм мүнөз менен мамиле кылууң Аллаху тааланын сага берген сыйлыгы жана мээрими. Эгер жаман мүнөздүү, катуу болгонуңда айланаңдагылар тарап кетишер эле»,- деп макталууда.

Бир такыба адам эч ачууланчу эмес, досу менен да душманы менен да бирдей мамиледе болчу. Анын бул мүнөзүнүн абалын түшүнө албагандар: "Мынчалык жумшактыктын, элге болгон мынчалык сабырдуулуктун мааниси эмне?”, - деп сурашканда: "Жооштук менен жумшактыктын кылычы темир кылычтан, жада калса, жүз жеңишке себеп болгон кылычтан да өткүр болот”, - деп жооп берген.

Дин улуулары шакирттерине жана өздөрүн жакшы көргөндөргө дайыма: «Мусулман суудай болот, бирок, ташкын сыяктуу эмес. Динибиздин эң үстөмтарабы канды суу менен жуу, кан менен эмес. Албетте, каршылашың уудай болот, сен да уудай болсоң эм боло албайсың. Сен<="">ушундай болуусу керек.

Хазрети Имам Раббани мындай деген:

«Аллаху тааланын буйруктарын аткаруу, тыюуларынан качуу керек болгону сыяктуу адамдардын акыларын өтөө жана алар менен жакшы мамиледе болуу да керек. "Аллаху тааланын буйруктарын улуу деп билүү жана Анын жараткандарына мээримдүү болуу керек” деген хадиси шарифте ушул эки акыны аткаруу керектигин көрсөтүүдө. Бул эки акынын бирөөсүн гана орундоо кемчилик болот. Мындан адамдардан келүүчү кыйынчылыктарга сабыр кылуу, чыдоо керектиги түшүндүрүлөт. Адамдар менен жакшы мамиледе болуу - важип. Ачуулануу, катаалдык көрсөтүү жакшы эмес, мусулманга жарашпайт.»

Расулуллах алейхиссалам Аллаху тааланын кулдарына мээримдүү, ырайымдуу жана жумшак мүнөздүү болуучу. Дүнүйө үчүн ачууланганын эч ким көргөн эмес. Бирок, Аллах үчүн, акырет иштери үчүн каталыктарга каршы ачуулануучу эле. Ачуулуу адам жанындагы адамдын да, өзүнүн да каршылык көрсөтө турганын алдын ала ойлоосу керек. Ачууга алдырган адамдын көңүлү бузулат. Бул бузуктук сыртынан да байкалып, адамды жаман, коркунучтуу абал каптайт.

Ачууну жеңүү - өтө чоң сооп. Ачуусун жеңген адамга Жаннат сүйүнчүлөнгөн. Аллах ыраазылыгы үчүн ачуусун жеңген адам маңдайындагы адамды кечирип, ага каршы мамиле көрсөтпөсө Аллаху таала аны өтө жакшы көрөт. Жаннаттын ушундай адамдар үчүн дайындалганы билдирилген. Хадиси шарифте: «Кимде-ким Аллаху тааланын ыраазылыгы үчүн ачуусун кайтарса, Аллах андан азабын кайтарат», - деп билдирилген.

Хазрети Имам Газали: «Жоош, жумшак мүнөздүү болуу ачуусун жеңүүдөн да баалуу», - деп айткан.

Ниматка шүгүр кылуу - аны Исламга ылайык колдонуу деген сөз. Хадиси шарифте: «Ачууланган адам каалаган нерсесин кылууга күчү жетип туруп, жумшак мүнөз көрсөтсө, Аллаху таала анын көңүлүн амандык жана ыйман менен толтурат», - деп айтылат.

Пайгамбарыбыз: «Йа Раббим! Мага илим бер, мени жооштук жана жумшактык мүнөзү менен кооздо, такыбаалык бере көр! Афият менен мени кооздо!», - деп дуба кылчу эле.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:

Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш