Ислам дини » Аалымдардын сукбаттары » Аалымдардын катасы капитандын катасы сыяктуу




Аалымдардын катасы капитандын катасы сыяктуу


 - Тообонун акыйкаты – өткөн күнөөлөргө өкүнүү, келе турчуларына истигфар кылуу жана кечиримин тилөө.

- Ар таңда жана кечте тообо кылбаган адам өзүнө зулумдук кылган болот.

- Ыклас – бардык иштерди адамдарга жагынуу үчүн эмес Аллаху тааланын ыраазылыгы үчүн орундоо.

- Аалымдын катасы капитандын катасына окшош. Кеме чөксө аны менен бирге калган адамдар да чөгүшөт.

- Олуянын сухбатында болгон адам Аллаху таалага жеткирген жолду табат.

- Үч күн өткөндө досуңузду издеңиз! Ооруп калган болсо зыярат кылыңыз! Эгер бир иш менен алек болгон болсо жардам кылыңыз!

- Сараңдык - бардык адамдар үчүн сүйкүмсүз жана жийиркеничтүү сыпат.

- Оорулуу адамдын дары колдонуусу себеп болуп саналат. Шифааны берет турчу Аллаху таала.

- Дүнүйө – фундаменти кыйынчылык үстүндө курулган үй. Ал жерде кыйынчылык болбостон жашоо мүмкүн эмес.

- Орундуу сөз сүйлөгөн адам кечирим суроого мажбур болбойт.

- Өзүн ашыкча мактаган адам башка адамды дагы ошончолук жамандайт. Башка адамды ашыкча жамандаган адам өзүн дагы ашыкча мактайт.

- Күнөө жана дүнүйөлүк сүйүү менен ооруган көңүлдөрүңөрдү дүнүйөдөн сууп жана күнөөлөрдөн баш тартуу менен эмдегиле.

- Сабыр – бул Аллаху таалага таянып тынчтык табуу жана башка түшкөн кыйынчылыкты көңүл кубанычы менен тосуу.

- Аллаху тааладан жана Анын досторунан бет бурган көңүл ооруга чалдыккан.

- Мечиттер – Аллаху тааланын үйү. Зыярат кылынгандын зыярат кылганга сый берүүсү улуу мартабасынан болуп эсептелет.

- Ким илим издесе үйрөнөт. Илим үйрөнгөн адам күнөө кылуудан коркот.

- Ооздон чыккан жакшы-жаман ар бир сөздүн эсеби бар.

- Жаханнамды билип турса дагы күнөө кылган адамга таң калууга болот.

- Ким бидат ээлерин жактырса Аллаху таала анын амалын жок кылат жана көңүлүнөн Ислам нурун чыгарат.

- Напсинин алдоосуна, дүнүйөнүн жалганчы жана өткүнчү даамына берилген адам жакшылыктын даамын сезе албайт.

- Жакшы нерсе үйрөнсөңөр аны башка адамдарга да үйрөткүлө! Ушундайча бул жакшылыктын жемиштеринен пайдаланасыңар.

- Сабак алына турчу окуялар абдан көп. Бирок, булардан сабак алган адамдар өтө аз.

- Ким илимди издеп үйрөнсө күнөө иш кылуудан качат. Күнөөдөн качкан адам болсо Кыямат күнү жазасынан кутулат.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш