Бала сүйүүсү


Чоң-кичине балдарыбызга сүйүү жана мээрим көрсөтүү, жүзүнөн сүйүү сүннөт. Расулуллах "салаллаху алейхи ва саллам” үйүнө келген кичине балдарды өөп, башын сылап, үй ичинде ойноолоруна уруксат берчү. Анас бин Малик хазреттери айтат:

Расулуллах балдарга карата адамдардын эң мээримдүүсү эле. Уулу Ибрахимдин сүт энеси Мединанын бир четинде турчу. Аялдын күйөөсү темирчи эле. Расулуллах менен бирге бул үйгө тез-тез барып турчубуз. Барганда темирчинин түтүнгө толгон үйүнө кирип, баланы кучактап, сүйүп, бир канча убакыттан кийин кайтчу. Бир небереси жана өз уулу Ибрахим көз жумганда ыйлап: "Мээримимен ыйлап жатам. Аллаху таала бир гана мээримдүү болгонго рахмет кылат”, - деп айткан.

Хадиси шарифте айтылды:

"Балдарыңарды көп өпкүлө, ар өпкөн сайын Жаннаттагы даражаңар жогорулайт.” [Бухари]

"Бала жыты – Жаннаттын жыты.” [Таберани]

"Бала - дүнүйөдө нур, акыретте ырахат.” [Шира]

"Балдарды сүйүп, башынан сылагыла, алар – көңүл жемиши, көз нуру.” [Абу Йала]

"Балдарыбыз - кубанычыбыз.” [Б.Арифин]

"Бала сүйүүсү Жаханнам отуна каршы парда. Балдарга жакшылык кылуу сыратты өтүүгө себеп. Алар менен бирге ичип-жеш Жаханнамдан кутулуу.” [Шира]

"Жаннаттагы "Кубаныч сарайына” бир гана балдарды кубанткандар кирет.” [И.Адий]

"Балдарыңарды сыйлагыла, эне-атаңардын силерде кандай акысы бар болсо балаңардын да силерде ошондой акысы бар.” [Таберани]

"Баласына жакшылык кылуу үчүн жардамчы болгон атага Аллах рахмет кылсын!” [И.Хиббан]

"Ла илахе иллаллах дегенге чейин баланы тарбия кылган эсепке тартылбайт.” [Таберани]

"Баласыз бир үйдүн берекеси болбойт.” [Эбушшейх]

Бир айылдык адам: "Йа, Расулуллах, сиз балдарды сүйүп өбүүдөсүз. Биз эч өппөйбүз”, - дегенде ага: "Мээримдүүлүк сезими болбогонго эмне дейин?” – деди. (Бухари)

Ахнеф бин Кайс хазреттеринин бир атага насыяты мындай:

"Балдар көңүлүбүздүн жемиши, аркабыздын таянычы. Биз алардын буттарынын алдында жумшак жер, башынын үстүндө көлөкө болуп, алар үчүн ар кандай мүшкүлдүккө чыдайбыз. Эмне кааласа берип, ачуулана турган болсо ачуусун таркатууга аракет кылабыз. Сага болгон сүйүүлөрү сени ыраазы кылсын. Сенден алыстабоолору үчүн кыйынчылык тарттырба же сенден тажап өлүмүңдү каалашпасын!”

Бир кызматка дайындалган бир адам хазрети Умардын баласын өпкөндүгүн көрүп айтат:

- Менин бир нече балам бар, бирок, эч бирин өппөйм.

Хазрети Умар болсо айтат:

- Сенин кичинелерге мээримиң жок экен, чоңдорго кантип мээрим көрсөтө аласың? Сага берген кызматты кайра алдым.

Абу Салама айтат:

Бала кезде дасторкондогу тамакты баарынан мурда жегенге аракет кылчумун. Дагы бир жолу ушундай кылганда Расулуллах назиктик менен Бисмиллах айтууну, оң кол менен өз алдынан алып жешти айтты.

Небере сүйүүсү

Небере сүйүүсү бала сүйүүсүнөн дагы алдыда болот. Расулуллах "саллаллаху алейхи ва саллам” намаз окутуп жатканда саждада небереси Хазрети Хасан мубарек ийнине чыгып отурду. Расулуллах алейхиссалам сажданы создуктурганда сахабадан "хак буйругу орундалып кайтыш болду бекен” деп ойлонгондор болду. Намаздан кийин сажданы эмне үчүн создуктурганын сурагандарга айтты:

"Саждага барганда неберем ийниме чыкты. Көңүлү канганга чейин түшүрбөгөндүктөн сажда создукту.” [Несаи]

Пайгамбарыбыздын Хазрети Хасанды өпкөндүгүн көргөн бир зат: "Он уулум бар, эч бирин өппөйм”, - деди. Расулуллах: "Мээримдүүлук кылбаган мээримге ээ боло албайт”, - деди. [Бухари]

Расулуллах Хазрети Хасанды бир тизесине, хазрети Хусейнди экинчи тизесине отургузуп, көкүрөгүнө кысып, кийин: "Йа, Рабби, буларга рахметиңди ихсан кыл, буларды сүйүп, буларга мээримим келүүдө”, - дечү. (Бухари)

Пайгамбарыбыз Хазрети Хасанды өпкөндөн кийин Асхабы кирамга айтты:

"Бала тартынчаак болот, абалы билинбейт, балким көңүлү ооруган болуу мүмкүн.” [Б.Арифин]

Курани каримде мал-мүлктүн, баланын фитна, б.а., сыноо экендиги билдирилүүдө. (Тегабун)

"Йа, Рабби, душмандарыма көп мал-мүлк, көп бала бер” деген хадиси шариф мал-мүлк жана бала жакшы болбогон учурда жамандык боло тургандыгын билдирүүдө. (Барика)

Мал-мүлк, бала жана аял ибадаттардан алаксытуу мүмкүн. Дыкаттуу болуу керек. Пайгамбарыбыз: "Акыр заманда силердин эң жакшыңар бала-чакасы болбогонуңар”, - деп айтууда. Эң жакшылардан болгондорго сүйүнчүлөр болсун! Ошондуктан, бир Ислам аалымы: "Бул доордо баласы болбогон адам шүгүр саждасын кылсын”, - деп буюрган.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш