Бардык жамандыктардын жалгыз дарысы бар. Бул дары Курани
каримде ачык билдирилүүдө. Бул дарыны колдонгон ар бир мусулман көнүмүш болуп
калган чоң күнөөлөрдөн сөзсүз кутулат. Анкебут сүрөсү 45-аятында: "Намаз
мункар жана фахштан [адепсиздиктен, акылга сыйбаган жана динге туура
келбеген, баңгизат, ичкилик, зина, ливата сыяктуу ар түрлүү
жамандыктардан] кайтарат”, - деп билдирилди.
Бир жаш жигит намаз окучу, бирок, ар түрдүү жамандыктарды да
кылчу. Бул жаш жигиттин абалы тууралуу Расулуллахка билдиришти. Пайгамбарыбыз
алейхиссалам: "Бир күн келет, намаз аны башка күнөөлөрдү кылуудан
кайтарат”, - деп айтты. "Харам иш кылып жаткан болсо, намаз окубасын”
деп айтпады. "Намаз окууну улантсын”, - деди. Арадан көп
убакыт өткөн жок. Ал жаш жигит күнөөлөрүнө тообо кылды, жакшы абалга ээ болду.
Ошондуктан, сөзсүз намаз окуу зарыл!
Намаз окуунун пайдалары абдан чоң. Хадиси шарифтерде
айтылды:
"Бейиштин ачкычы – намаз.” [Дарими]
"Намаз окуган адам Кыяматта кутулат, окубаган адам
куруйт.” [Табарани]
"Намаз Аллаху таала жактырган амалдардын эң
фазилаттуусу. Сыраттан чагылган сыяктуу өткөрөт. Ыймандын башы жана Тозоктон
куткаруучу.” [Мифтах-ул-Жанна]
"Аллаху таала беш маал намазды фарз кылды.
Кемчиликсиз орундаган адамды Бейишке киргизе турганын убада кылды. Намаз
окубаган адамга эч кандай убадасы жок. Мындай адамга кааласа азап берет,
кааласа Бейишке киргизет.” [Абу Давуд]
"Мусулман адам намаз окуганда күнөөлөрү башынын
үстүнө коюлат. Ар сажда кылганда башынан төгүлөт. Намазды окуп бүткөндө эч бир
күнөөсү калбайт.” [Табарани]
"Момун Аллах ыраазычылыгы үчүн намаз окуганда бактан
жалбырактардын төгүлгөнү сыяктуу күнөөлөрү төгүлөт.” [И. Ахмед]
"Ар намаз убактысы келгенде периштелер: "Эй,
адамдар! Күнөөңөрдөн улам пайда болгон отту намаз окуп өчүргүлө!” – деп
айтышат.” [Табарани]
Бир адам: "Ыйман келтирип, намаз окуп, зекет
берип, орозо кармап жана башка ибадаттарды орундасам кимдерден болом?” – деп
сураганда, Пайгамбарыбыз алейхиссалам:"Сыддык жана шейиттерден
болосуң” – [Табарани]
"Намаз окубаган адам Кыяматта Аллаху тааланы ачуулуу
түрдө көрөт. ”[Баззар]