Ислам дини » Аалымдардын сукбаттары » Адам баласы Раббисин качан тааныйт?




Адам баласы Раббисин качан тааныйт?


Бир күнү Хазрети Айша энебиз Расулуллахтан (алейхиссалам): «Адам баласы Раббисин качан тааныйт?» - деп сурады. Пайгамбарыбыз алейхиссалам: «Напсин тааныган кезде», - деп жооп берди.

Напси дайыма Раббибизди моюндабай, ага каршы чыккысы келет. Ошондуктан, ал эмнени каалап турган болсо баары тең ага зыяндуу.

Ар иште напсине жетеленүү ага табынгандык болот! Напсиге моюн сунуудан кутулуу – дүнүйө жакшылыктарынын эң чоңу.

Хадиси шарифтерде айтылган:

«Адамды жамандыктарга жетелеген нерселер үчөө: Сараңдык, напсиге баш ийүү жана өзүн жакшы көрүү.»

«Акылдын белгиси – напсини жеңип ага ээ болуу жана өлгөндөн кийин керек болчу нерселерди даярдоо. Акылсыздыктын белгиси – напсиге моюн сунуп, Аллахтан кечирим суроо.»

«Сенин эң чоң душманың – сени тегерете курчап алган напсиң.»

Бир күнү Хазрети Айша энебиз: «Адам баласы Раббисин качан тааныйт?» - деп сурады. Пайгамбарыбыз алейхиссалам: «Напсин тааныган кезде», - деп жооп берди.

Напси мубах нерселерге тойбойт, кишини харам нерселерге жетелейт.

Ислам дини ырахаттык жана тынчтык ичинде жашоо үчүн зарыл болгон жана дүнүйө лаззаттарынан пайдалуу болгон нерселерге тыюу салган эмес. Буларды алууда акылга жана динге моюн сунууну буйрук кылууда. Ислам дини адамдардын дүнүйөдө да, акыретте да ырахаттык жана тынчтык ичинде өмүр сүрүүлөрүн калоодо. Акыл болбогондо адам дайыма напсине жетеленип, жамандыктарга бармак. Напси болбогондо адам баласы өмүр сүрүү жана көбөйүү үчүн эмгектенүүдө кемчилик кылып, напси менен жихад кылуу сообун алуудан куру калмак. Периштелерден да жогору даражага көтөрүлө турчу жолу жабык калмак...

Демек, напсинин пайдалуу дагы, зыяндуу дагы жактары бар. Адамдын жашоосу, көбөйүүсү, дүнүйө үчүн эмгек кылуусу напсинин бар болуусу менен мүмкүн болууда.

Напси болбогондо «чоң жихад» деген соопту кантип табууга болор эле!

Асхабы кирам (радыйаллаху анхум) чоң казаттан кайтып келишкен болот. Бул казатта жеңишке жетишкен эле. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз (алейхиссалам) Асхабын куттуктагандан кийин мындай деди:

«Кичине жихаддан кайтып келип чоң жихадга бара жатабыз.»

Ошондо сахабалар сурашты: «Мындан чоң кайсы жихад бар?» Жообунда Пайгамбар алейхиссалам: «Напси менен болгон жихад», - деди.

Согушта жеңилген, кайтыш болгон момун адам шейит болот, түбөлүк бакыт-саадатка жетет. Жеңишке жеткени болсо «гази» болот. Экөө тең жакшы.

Напси менен болгон жихаддын жеңүүчүсү чоң ниматтарга жетет, эң чоң душманын жеңүүнүн ырахатына бөлөнөт. Жеңилген адам болсо чоң жамандыктарга, кыйынчылыктарга түшөт...


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш