Ислам дини » Аалымдардын маектери » Тагдырга ишенген кайгыдан кутулат




Тагдырга ишенген кайгыдан кутулат


Кайгылардын азайуусу үчүн эң чоң дары – тагдырга ыйман келтирүү. Биз Раббибизден ыраазы болсок Ал дагы бизден ыраазы болот. «Тагдырга ишенген кайгыдан кутулат», - деп айтылган.

Дүнүйөдө ырахаттык болбогондугун эстеген киши кайгырбайт... Эгер дүнүйөдө ырахаттык бар болгондо Пайгамбарларга насип болмок. Чындыгында, алар тарткан кыйынчылыктар башкалардыкынан алда канча көп.

Адам баласы ар каалаган нерсесине жете албайт. Үйдө кылынган эсеп базарга туура келбейт. Жел кайыктагылардын каалабаган тарабынан шамал жүрүшү мүмкүн. Бай адам байлыгын өлгөнгө чейин сактай албашы мүмкүн. Булар дагы кайгырууга себеп болууда...

Кайгыларыбыздын азайуусу үчүн эң чоң дары – тагдырга ыйман келтирүү жана Раббибиздин тагдырына ыраазы болуу. Биз Андан ыраазы болсок Ал дагы бизден ыраазы болот. «Тагдырга ишенген кайгыдан кутулат», - деп айтылган.

Ибрахим бин Эдхем хазреттери бир кишинин өтө кайгырып турганын көрүп, андан үч суроо сурайт:

-Дүнүйөдө болуп өткөн бардык окуялар илахи тагдыр болбостон чыгышы мүмкүнбү?

-Жок.

-Экинчиси: Сага бөлүнгөн ырыскыны башка бирөө жей алабы?

-Жок.

-Үчүнчүсү: Сага берилген өмүр кыскаруусу мүмкүнбү?

Тиги кайгылуу киши бул суроого да «Жок» деп жооп берет. Ошондо Ибрахим бин Эдхем хазреттери ал адамга: «Андай болсо эмне үчүн кайгыруудасың?» - деди.

Хазрети Омар радыйаллаху анх мындай деди: «Башыма бир кайгы келгенде үч нерседен улам хамд кыламын. 1-Диниме келбегендиги үчүн. Эң чоң кайгы - динге келген кайгы, кийин денеге, кийин мал-мүлккө келген кайгы. Динге келген кайгы акыретке байланыштуу. Мисалы, бир убак намазды билип туруп казага таштоо эң катуу ооруга чалдыгуудан дагы жаман. 2-Келген кайгынын андан да чоң болбогондугу үчүн хамд кыламын. Кыйынчылык кандай болгон күндө да андан бетери болушу мүмкүн эле. Же аны менен бирге дагы башка кыйынчылык болушу мүмкүн эле. Бир баласын жол кырсыгында жоготкон киши эки баласын тең жоготуп алуусу мүмкүн эле. 3-Башыбызга түшкөн кайгыларга сабыр кылсак күнөөлөрүбүзгө кафарат болот...»

Кылган күнөөлөрүбүздүн жазасын тартабыз. Раббибиз сүйгөн кулдарынын жазасын бул дүнүйөдө берүүдө, сүйбөгөн кулдарынын жазаларын болсо акыретке калтырууда. Жазаны дүнүйөдө тартуу акыретте тартуудан өтө жеңил.

Пайгамбарыбыз алейхиссалам бир затты зыярат кылууга барат. Барып караса ал заттын териси менен сөөгү эле калган болот. Сурайт: «Сен дуба кылып жатканда эмне деп дуба кылуудасың?»

«Йа, Рабби, менин жазамды дүнүйөдө бер, акыретке калбасын деп дуба кылуудамын», - дейт.

Ошондо Расулуллах алейхиссалам мындай деди: «Сен анын дүнүйөдөгү жазасына дагы чыдай албайсың. Сен «Раббена атина...» дубасын оку! Дүнүйөдө дагы, акыретте дагы жакшылыктардын ихсан кылынуусун тиле».

Ал адам бир нече күн бул дубаны окуду, оорусунан сакайды, намаздарын мечитте жамаат менен окуй баштады... Биз алсыз жаратылдык, ал дубаны көп окуйлу...

 


Артка
 
    
Диний маалымат изде:

Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш