Ислам дини » Аалымдардын сукбаттары » Жан дос бир туугандан да жогору турат




Жан дос бир туугандан да жогору турат


Тозокко таштала турчулар Кыямат күнү мындай дешет: «Бизге шапаат кыла турчу киши жокпу? Бизди бул азаптан куткара турчу жан досубуз жокпу!?»

Биз адам баласы катары бирге жашоого мажбур болгондугубуздан улам өзүбүзгө дос табууга мажбурбуз. Дос тандоодо өтө дыкат көңүл бөлүнө турчу кээ бир өзгөчөлүктөр да бар. Бул өзгөчөлүктөрдү көз алдыбыздан чыгара турган болсок жана маани бербей буга көз жума турган болсок көп кыйынчылыктарга себеп болот.

Биринчи өзгөчөлүк – ал достун акылдуу болуусу. Акылдуу болбосо бизге пайда берем деп зыян алып келет. Эл сөзү менен айтканда «Каш алам деп көз чыгарат.»

Экинчи өзгөчөлүк – диндар болуусу. Дин буйругуна баш ийип жашабаган адам эң чоң зыянды өзүнө кылат, өзүн Тозокко даярдайт. Өзүнө пайдалуу боло албаган, жада калса, өзүнө зыяндуу болгон адам башка бирөөнө кантип пайдалуу боло алсын? Диндар болгон достун шапааты адамды Тозок отунда күйүүдөн куткарат. Тозокко таштала турчулар Кыямат күнү мындай дешет: «Бизге шапаат кыла турчу киши жокпу? Бизди бул азаптан куткара турчу жан досубуз жокпу!?»

Муфассирлер (тафсир аалымдары) бул аяти кариманы тафсир кылып жатканда назарыбызды мына бул чекитке бурушууда. Жан дос бир туугандан да жогору. Алар: «Бир тууганыбыз келип бизди куткарса», - деп жатышкан жок. Алар «жан дос» издешүүдө жана ушул үчүн азаптуу кыйкырык салышууда.

Үчүнчү өзгөчөлүк – Көркөм ахлактуу (жакшы мүнөздүү) болуусу. Мындай дос – адамдын дүнүйөдөгү эң баалуу барлыгы. Андан өтө жакшы нерселерди үйрөнүүгө болот. Фудайл бин Ийад рахметуллахи алейх мындай деген: «Мүнөзү жаман болгон салих бирөөнүн достугуна караганда мүнөзү жакшы болгон фасык бирөөнүн достугун тандаймын...»

Дүнүйөнү жакшы көргөн, ачкөз адамдардын достугунан сактануубуз керек, ал өз пайдасы үчүн каалаган убакта сатып кетиши мүмкүн.

Кайырлуу дос баладан да, бир туугандан да артык.

Хасан-ы Басри хазреттеринин зыяратчылары жана достору көп болгон. Чоң аалым болгондугу үчүн адамдар агылып барып, андан пайдаланышчу. Жашы илгерилеген сайын кээ бир оорулары да чыга баштады. Келген коноктор менен сукбатташууда да кыйын боло баштаган эле. Муну көргөн балдары «атабыз чарчап кыйналып калбасын дешип» маанилүү болбогон конокторду кабыл кылбай жатышты. «Атабыз ооруп жатат, азыр кабыл кыла албайт, кийин келгиле», - деп келген элдерди артка кайтарып жатышты. Хасан-ы Басри хазреттери муну байкап, балдарына мындай деди: «Мага келген конокторду эмне үчүн киргизбей жатасыңар?! Мен аларды силерден дагы жакшы көрөмүн. Мен өлгөндө силер мурасымды бөлүштүрүп аласыңар, алар болсо азаптан кутулуум үчүн мага дуба кылышат.»

Жакшы адамдар менен дос болуу канчалык баалуу болсо жаман дос дагы ошончолук кооптуу. Себеби, жаман дос адамдын дүнүйөсүн дагы, акыретин дагы кыйратат...


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш