Ислам дини » Аалымдардын сукбаттары » Уяттуулук жана ар-намыстуулук




Уяттуулук жана ар-намыстуулук


Адеп – жакшы тарбия, жакшы мамиле, көркөм мүнөз, уяттуулук, назиктик, сыпайылык деген маанилерди билдирет. Мисалы, тарбиялуу бала адептүү бала дегенди билдирет. Хадис шарифте: "Бала-чакаңарды адептүү, тарбиялуу кылып чоңойткула!” - деп айтылган. Динибиздин негизи - адеп. Адеп кул өзүн Аллаху тааланын каалоосуна багындыруу, жакшы мүнөздүү болуу дегенди билдирет. Хадис шарифте: "Араңарда эң жакшылар - эң көркөм мүнөздүү болгондор”, - деп билдирилген.

Хазрети Омар: "Адеп илимден мурда келет”, - деген. Ал өтө айбаттуу болгонуна карабастан адептүүлүгүнөн, уяттуулугунан Расулуллахтын жанында өтө акырын сүйлөчү. Пайгамбарыбыз бир адамдын жанында тизесин бүгүп, ал адамга урмат көрсөтүү үчүн ыйык буттарын созуп отурчу эмес. Абу Саид Худри хазреттери: "Расулуллахтын уяттуулугу күйөөгө чыга элек ислам кыздарынан да көп болчу”, - дечү.

Ибн Мубарак хазреттери: "Бардык илимдерди билген адамдын адебинде кемчилик бар болсо аны менен көрүшпөгөнүмө өкүнбөймүн, муну өзүмө зыяндуу деп билемин. Бирок, адептүү адам менен көрүшө албасам өкүнөмүн”, - дечү.

Ар качан жана ар жерде уяттуу болууга аракет кылуу зарыл! Хадис шарифте: "Уятсыздык адамды куфурга түшүрөт”, - деп айтылган. Уяттуулук имаратты кармап турган тирек сыяктуу. Тирексиз имараттын туруусу кыйын болгондой уятсыз адамдын ыйманын коргоосу дагы кыйын болот.

Хадис шарифте мындай делген:

"Аллаху тааладан уялгыла! Аллахтан уялган адам жаман ойдон узак турат, ашказанына кирчү нерселерге көңүл бурат, өлүмдү эстейт.” (Тирмизи)

"Уяттуулук – баштан аяк жакшылык.”(Муслим)

"Ар диндин бир ахлагы бар. Исламдын ахлагы - уяттуулук.” (Ибн Мажа)

"Уятсыз адам аманатка кыянат кылат, кыянатчыл болот, мээримдүүлүк сезими калбайт, динден алыстайт, лаанатка учурайт, шайтан сыяктуу болот.” (Дайлами)

"Уяттуулук менен ыйман эгиз бир тууган сыяктуу. Бири кетсе экинчиси да кетет.” (Абу Нуайм)

"Момун айыптабайт, каргабайт, жаман сөз айтпайт жана уятсыз эмес.” (Тирмизи)

"Уяттуулук ыймандын түзүлүшү. Бир нерсенин түзүлүшү бузулган кезде бөлүктөрү да бузулат.” (И. Маварди)

"Уяттуулук ыймандан. Уятсыздын ыйманы жок деген сөз.” (Ибн Хиббан)

"Адам салих эки кошунасынан уялгандай күнү-түнү өзү менен бирге болгон жанындагы эки периштеден да уялууга тийиш.” (Байхаки)

"Уятсыздын дини болбойт жана уятсыз Бейишке кире албайт.” (Дайлами)

"Ыйман жылаңач, кооздук буюмдары - уяттуулук, кийими - такыбаа, казнасы - фыкых, жемиши - амалдар.” (Дайлами)

"Уяттуулук эгер адам болгондо жакшы адам болмок. Арсыздык (уятсыздык) адам болгондо жаман адам болмок.” (Табарани)

"Уяттуулук менен ыйман бир жерде. Бири кетсе экинчиси да кетет.” (Хаким)

Динибизде уяттуулуктун орду өтө маанилүү. Аллаху тааладан уялуу ыймандын кубаттуу экендигинин, ал эми уятсыздык ыймандын алсыз экендигинин белгиси. Хадис шарифте: "Уяттуулуктун аздыгы куфурдан”, - делген. Уятсыз адам убакыт өтүп куфурга да кирип калышы мүмкүн (б.а., ыйманын жоготуп алышы мүмкүн). Уяттуулук ыймандын негизинен болуп саналат. Уяты бар адам Аллахтан уялганынан күнөөдөн тартынат. Адамдардан уялбаган адам Аллахтан да уялбайт. Адамдардан уялып күнөөсүн жашыруу да уяттуулуктан болуп саналат. Адамдардан уялган адамдын Аллаху тааладан да уяла тургандыгы түшүнүлөт. Анткени, хадиси шарифте: "Аллахтан уялган адам адамдардан да уялат”, - делген. Уятсыз адамдын адамкерчилиги калбайт. Хазрети Абу Бакр: "Уятсыз адам адамдардын арасында жылаңач отурган адам сыяктуу”, - деген.

Курани каримде: "Ыйман келтиргендердин арасында жамандыктын, уятсыздыктын таркалуусун каалагандарга жана жактыргандарга дүнүйө менен акыретте оор азап бар”, - делген. (Нур сүрөсү, 19)

Аял менен эркектин мамилесинде жана ажаткана үчүн колдонулган сөздөрдү дал ошондой колдонуу адамкерчиликке туура келбейт, уяттуулукту (ар-намысты) жоёт жана жакшыларга жабыр тарттырган болот. Андай сөздөрдү айтуу керек болгон кезде ачык сөздөр менен эмес, белги менен, каймана сөздөр менен айтылат.

Аллаху тааланын нематында нематты бергенди көрүү керек, ар дайым Анын алдында экенин ойлоо керек, мисалы, отурганда, жатканда адепке маани берүү зарыл. Жегенде, ичкенде, сүйлөгөндө, окуганда, жазганда жана ар бир иште ушулардын баары Аллаху тааланын кудурети менен болуп жатканын, бардык иш-аракеттерде Анын буйругуна моюн сунуп, тыюуларынан сактанууну ойлоо керек. Ушинтип ойлоо абдан чоң ибадат болуп саналат.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш