Ислам дини » Аалымдардын маектери » Кеңешкен адам өкүнбөйт




Кеңешкен адам өкүнбөйт


Истишара кылуу, б.а., кеңешүү, акылдашуу адамды өкүнүп калуудан сактаган чеп сыяктуу. Кеңешин ала турчу киши адамдардын ал-ахвалдарын, сапаттарын, мезгилдин жана ошол жердин, элдин шарттарын билүүсү керек. Бул саясат билими деп аталат...

Аллаху таала кеңешүүнү, билгендерден акыл суроону, маанилүү иштерди кылуудан мурда буларды тажрыйбалуу, билген адамдар менен кеңешүүбүздү, ошондон кийин гана бул ишти кылуубузду жана муну кылып жатканда Аллаху таалага тобокел кылуубузду, натыйжасын Андан күтүүбүздү буйрук кылды. Бул буйрук пайдалуу себепти кармануунун важиб жана себептин таасирин Аллаху тааладан күтүү керек экендигин билдирүүдө. Кеңешүүнүн өзү бул себепти кармангандык болуп саналат. Кеңешүүдөн кийин тобокелчилик кылууну буйрук кылды. Кеңешүү – сүннөт, өтө сооптуу жана пайдалуу.

Ал-и Имран сүрөсүнүн 159. аятында: «Кыла турчу ишиңди алгач акылдаш», - деген мааниде билдирилди.

Сулайман бин Жеза хазреттери:

«Кандайдыр бир ишиң тууралуу колу тар, сараң адамдар менен кеңешпе! Себеби, сени кийин адамдардын арасында уятка калтырат. Салих адам менен кеңеш!» - деген.

Бедир согушунда Катада бин Нуман хазреттеринин бир көзү чыгып кеткен эле. Муну кесип биротоло чыгарып салалы деп, бирок, алгач Расулуллах алейхиссалам менен кеңешели дешет. Расулуллах алейхиссаламдын алдына барышканда мубарек колдору менен ордунан чыгып кеткен көзүн ордуна салып, ыйык колдору менен үстүн сылады. Катада бин Нуман хазреттеринин көздөрү сакайып, кийин эл анын кайсы көзү чыкканын айырмалай албай калышкан эле. Бул болсо акыл сурап, кеңешүүнүн, истишаранын берекеси эле.

Адам баласы мал-мүлкүн өзү ишенген адамга тапшыргандыгы сыяктуу туура сөздүү адам менен кеңешет, акылдашат. Өзүн өзү жакшы көргөн адамдардан сурабайт, алар менен истишара кылбайт. Себеби, өзүн жана кылган жакшылыктарын, ибадаттарын жактыруу – ужуб, бул жаман мүнөз болуп саналат. Ужуб кишини текеберленүүгө, бой көтөрүүгө, өз күнөөлөрүн унутууга себеп болот. Күнөөлөр болсо көңүлдү карайтат. Бирок, өзүн жана кылган жакшылыктарын жактырбастан кылган күнөөлөрүн ойлогон адам ибадаттарын көп көрбөйт, кылган ибадаттарын дагы Аллаху тааланын өзүнө берген лутуфу, ихсаны экендигин ойлонот. Ужубдуу адам Аллаху тааланын бере турчу азабын унутат, башкалардан руханий жактан пайдалануудан куру калат жана эч ким менен кеңешпейт, эч кимден акыл сурабайт.

Натыйжалап айта турган болсок, истишара, б.а., кеңешүү адам баласын өкүнүп калуудан коргой турган чеп сыяктуу. Кеңешин сурай турчу адам адамдардын абалын, сапаттарын, мезгилдин жана ошол жердин шарттарын билүүсү керек. Бул саясат билими деп аталат. Мындан башка акылы, пикири кубаттуу, алдын көрө алган, жада калса, ден соолугу ордунда болгон адам болуусу керек. Кеңеш суралган адамдын билбегенин же билген нерсесинин тескерисин айтып жаңылтуусу – күнөө. Каталашып айткан болсо күнөө эмес. Бул сапаты болбогон адам менен кеңешиле турган болсо эки тарапка тең күнөө болот. Дин жана дүнүйө иштерин билбестен фатва берген адамга периштелер каргыш айтышат. Кимде ким зыяндуу боло тургандыгын билип туруп бир буйрук бере турган болсо кыянаттык кылган болот.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:

Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш