Ислам дини » Аалымдардын сукбаттары » Такыбаа - ибадаттардын эң баалуусу




Такыбаа - ибадаттардын эң баалуусу


Такыбаалуу болуунун жолу – Ахли сүннөт аалымдарынын китептерин окуп, акыйдабызды ал аалымдар кандай билдиришкен болсо ошого карата оңдообуз, ибадат маалыматтарын дагы бул туура китептерден үйрөнүп, ар ишибизди бул китептерге ылайык орундоо.

Адамга дүнүйөдө жана акыретте зыян берген бардык нерсе жаман мүнөздөн келип чыгууда. Б.а, зыяндардын, жамандыктардын башы – жаман мүнөздүү болуу. Харамдардан, жамандыктардан сактануу такыбаа деп аталат. Такыбаа - ибадаттардын эң баалуусу.Себеби, бир нерсени кооздоо үчүн алгач кирлерин, жамандыктарын кетирүү зарыл. Ошондуктан, күнөөлөрдөн тазаланмайынча, күнөөлөрдөн тыйылмайынча ибадаттардын пайдасы болбойт. Эч бирине сооп берилбейт. Жамандыктардын эң жаманы – куфур, б.а., ыймансыз болуу. Ыйманы жок кишинин эч бир жакшылыгы акыретте ага пайда бербейт.

Бардык жакшылыктардын пайдубалы – такыбаа. Баарынан мурда такыбаалуу болууга аракет кылуу керек. Айланасындагы бардык адамдарга такыбаалуу болууну кеңеш кылуу керек. Мунун жолу – ылайык көрүлгөн адамдарга дин маалыматтары туура жазылган бир китеп берүү. Ал китептен ар качан пайдалануу мүмкүнчүлүгү болот.

Такыбаа деген сөз Ахли сүннөт ишенимине ылайык түрдө ыйман келтирип, арам нерселерден сактануу дегенди билдирет. Ал эми күмөндүү болгон нерселерден сактануу болсо «вараа» деп аталат. Ахли сүннөт аалымдары вараа жана такыбаа ээлери болушкан.

Кутбуддин Изники хазреттери бир сукбатында мындай деген:

«Аллаху таалага мактоолор болсун, бизге олуяларды жана аалымдарды сүйүүнү насип кылды, көңүлүбүздү аларга байлады. Пайгамбарлардын эң жогорусуна саламдар болсун, Ал – Расулдардын имамы жана акыркысы. Дүнүйөдө үмүтүбүз Ага, акыретте Андан шапаат күтөбүз. Анын бийик мартабалуу Үй-бүлөсүнө (Ахли байт) жана Асхабына салам болсун! Аларга моюн сунгандар хидаят жолдо.

Эгер бир киши жердеги жана көктөгү бардык макулуктардын санынчалык ибадат кылса, бирок, ыйманы Ахли сүннөт ишенимине ылайык эмес болсо ал ибадаттары кабыл болбойт. Себеби, амалдын кабыл болуусу жана ыймандын туура болуусу – такыбаанын шарты. Такыбаа – Аллахтан коркуу. Аллахты туура билмейинче Анын улуктугун, жалалын түшүнмөйүнчө Аллахтан коркуу сезими пайда болбойт. Диндин жана ыймандын түбү, илимдин түбү – Аллаху тааланы билүү жана Анын бир экендигин көңүл менен тастыктоо. Эгер башыңды кесип алса да, бардык нерсеңди тартып алса да Аллаху тааланын бирлигин көңүлүңдөн чыгарбооң керек!»

Демек, такыбаалуу болуунун жолу – Ахли сүннөт аалымдарынын китептерин окуп, ишеним акыйдабызды алар кандай билдиришкен болсо ошондой кылып оңдоо, ибадат маалыматтарыбызды да бул туура китептерден үйрөнүп, ар ишибизди бул китептерге ылайык орундоо.

Натышжалап айтсак, Мухаммед Хадими хазреттери айткандай дүнүйөдө ырахаттыкка, тынчтыкка жетүү, бир тууганча жашай алуу, акыретте чексиз азаптан кутулуп түбөлүк ниматка жетүү такыбаа менен гана насип болот.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш