Ислам дини » Аалымдардын маектери » Насааттын мааниси




Насааттын мааниси


Сүйүктүү Пайгамбарыбыз «саллаллаху алейхи ва саллам» мындай деди:

«Адамдардын кыямат күнү азабы эң оор болгону – дүнүйөдө адамдарга эң көп кыйынчылык жана жапа чектиргени.»

Насаат – Аллаху таала бирөөнө берген ниматтын анда калып, динине жана дүнүйөсүнө пайдалуу болуусуну каалоо. Илим ээлери мүмкүнчүлүктөрүнүн жетишинче эмри маруф жана нахйи мункар кылуулары керек (б.а., жакшылыкты жайууга, жамандыктан кайтарууга аракет кылуулары керек). Насааттын алыс калган көңүл карарат.

Хадиси шарифте мындай деп айтылды:

«Диндин негизи – насаат. Уккан хак сөздү бир мусулман боордошуна айтуу кандай жакшы белек. Жакшылыкка себеп болгон бирөөнө муну кылгандын сообунчалык сооп берилет. Өзү үчүн каалаганды дин боордошу үчүн дагы каалабаган адам ыйман келтирген болбойт. Аллаху таала эң көп сүйгөн адам – көп насаат кылган адам.»

Вааз жана насаат кылган киши мына буларга көңүл бөлүүсү керек:

1-Насаат кылган киши жумшак жана карапайым болуусу керек. Курани каримде Ал-и Имран сүрөсүндө Аллаху таала Пайгамбар алейхиссаламдын жумшак мамиле кылгандыгын, орой жана таш боор болгондо айланасында эч ким калбастан тарап кете тургандыгын билдирүүдө. Демек, айтылган сөз канчалык баалуу жана хикматтуу болсо болсун жылуу жүздүү жана жумшак болмоюнча айтылган сөздөр таасир бербейт. Адамдардын жакшысы – баары менен тил табыша алганы. Ошондуктан, карапайым болуп, баары менен жакшы мамиледе болуу керек.

2-Дайыма чын, туура сүйлөп, калп-жалгандан узак туруу керек, карама-каршылыктуу темаларга кирбеш керек. Хазрети Локман Хакимден бул даражага эмне аркылуу жеткендиги суралганда: «Чын сүйлөө, аманатка маани берүү жана мага керек эмес нерсени таштоо менен», - деди.

3-Бир нерсени адамдарды чарчата тургандай узак айтпоо керек.

4-Көбүрөөк өзү амал кылган, өзү турмушта колдонгон жактарын айтуусу керек. Себеби, Аллаху таала: «Адамдарды жакшылыкка үндөп, бирок, өзүңөрдү унутасыңарбы, эмне үчүн өзүңөр кылганды башкаларга айтасыңар?» - деп буюрууда. Башкаларга муну кылбагыла деп коюп өзү кыла турган болсо мунун таасири болбойт. Мисалы, гыйбат кылбагыла деп коюп өзү гыйбат кылган кишинин башкалардын алдында да, Аллаху тааланын алдында да баасы түшөт.

5-Жалпыга карата сүйлөп, бир кишини эле карай бербеши керек.

6-Аллаху тааланын рахметинен үмүт үздүрө турчу, азабынан ишенимде боло турган түрдө сүйлөбөөсү керек, коркуу менен үмүттү бирге кылып айтуусу керек. Бир күн Аллаху тааланын мээриминин молдугу тууралуу баян кылганда, башка бир убакта азабынын катуулугун баян кылуусу керек.

7-Эгер сөз сүйлөөнү узарта турган болсо адамдар жактырган нерселерди, жакшы окуялар тууралуу сүйлөөсү керек. Хазрети Омар өзүн тыңдап отургандарга акырет тууралуу баян кылып, кийин аларга оордук түшкөндүгүн көргөндө дүнүйө иштери тууралуу баян кылар эле. Алардын ачылгандыгын көргөн кезде кайрадан акырет темасына кайтчу.

8-Жакшылык ээси болуу керек, алуучу эмес берүүчү болуусу керек. Берген колдун алган колдон жогору экендигин билүүсү керек. Хазрети Али: «Бардык нерсенин бир баасы бар. Адамдын баасы – жакшылыгы жана адеби», - деди. Ар иште жана ар жерде адепти сактоо керек.

9-Пайдалуу нерсени түшүндүрүү керек. Кулакка жагымдуу болсо дагы пайдасыз нерселерден узак туруу керек.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:

Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш