Ислам дини » Аалымдардын сукбаттары » «Алтындан багың болсо күмүш жалбырак, Акыры көзүңдү тойгузат бир ууч топурак»




«Алтындан багың болсо күмүш жалбырак, Акыры көзүңдү тойгузат бир ууч топурак»


Ар өткөн күнүбүз бизди өлүмгө бир кадам жакындатууда. Адам баласы дүнүйөгө келген күндөн тарта ар качан өлүмгө карай жакындайт. Андан качып кутулуу мүмкүн эмес. Бир жерден качууга аракет кылган киши барган сайын андан алыстайт. Бирок, өлүм мунун сыртында, андан канчалык качсак ага карай жүгүргөндүгүбүздү бир күнү өтө жакшы түшүнөбүз...

Өлүмдү эстеген адам ага даярданат. Кабырга кирүүдөн мурда аны кеңейтет, нурлантат.

Өлүмдү эстеген адам бай болсо бой көтөрбөйт, көппөйт, адамдарга төбөдөн карабайт. Күчүнүн жетишинче баарына жардам кылат. Кедей болсо көп кайгырбайт. Кыйынчылыктардын, оорулардын бүтө тургандыгын жана ырахаттыкка жете тургандыгын ойлонот.

Өлүмдү эстеген адам тообосун кечиктирбейт. Өлүмдүн жаш-кары деп айырмалабай тургандыгын билет. Качан, каерде, кантип келе тургандыгы белгисиз. Кээ бир кишилер: «Ушул жашка чыксам тообо кылам, ажылыкка барам, күнөөлөрдөн сактанамын», - дешет. Бирок, эртеңки күнгө жетип-жетпеши белгисиз. Бул кезде өзү ороло турчу кепен токулуп коюлган болушу да мүмкүн! Бул бечаранын андан кабары дагы жок.

Өлүмдү эстеген адам ибадаттарын берилүү, ырахаттануу менен орундайт. Аны менен кабырына кошо кире турчу нерсе – бир гана амалдары. Жакшы өмүр сүргөн болсо амалы сулуу жүздүү адам келбетинде келип өзүн таанытат. Кыяматка чейин сени жалгыз калтырбайм деп ээсин жалгыздыктан куткарат. Жаман өмүр сүргөн кишинин амалы болсо коркунучтуу жаныбар келбетинде келип, кыяматка чейин ага кыйынчылык жана азап тарттырат.

Бир адам канчалык көп сүйүлсө сүйүлсүн эч ким аны менен бирге кабырга кире албайт. Кылган амалы менен жекеме жеке калат.

Өлүмдү эстеген адам мээримдүү болот. Бүткүл жандууларга мээримдүү болуп, жардам берет. Бир күнү Хазрети Аиша энебизге (радыйаллаху анха) бир аял келет. Жүрөгүнүн катуулашып кеткенин айтып арызданып, мындан кутулуунун чарасын сурайт. Ал: «Мунун чарасы – өлүмдү көп ойлоо», - дейт. Бир нече убакыт өтүп баягы аял кайра келип рахматын билдирип, тилегине жеткендигин айтат.

Өлүмдү эстеген адам канаатчыл болот. Кедейликтен кутулат. Канаатчыл болбогон кишинин көзү тойбойт. Дайыма муктаж болот, көзүн бир гана топурак тойгузат. «Алтындан багың болсо күмүш жалбырак, Акыры көзүңдү тойгузат бир ууч топурак», - дешкен экен...

Күнөөлөрдөн тазарып, кубана турчу ушундай бир күндөрдө сиздерге өлүм тууралуу кеп кылдык! Кантели, бул дагы өмүрдүн бир чындыгы. Акылдуу адам ансыз деле өлүмдү эч унутпайт!..

Раббибиз дагы канчалаган касиеттүү Рамазан айларына жана аркасынан келчү ушундай майрамдарга жетүүбүздү насип кылсын. Амин...


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш