Ислам дини » Аалымдардын сукбаттары » Дүнүйө иштери акыретке кедерги болбоосу керек




Дүнүйө иштери акыретке кедерги болбоосу керек


Кимдир бирөөнүн дүнүйө иштери акырет иштерине кедерги болуп жаткан болсо бул адам - бетпак адам. Эски бир идиш алуу үчүн алтын кумган берген кишини эмне деп атоого болот? Дүнүйө пластик сыяктуу, баасы да жок, тез сынып жок болот. Акырет болсо алтын кумган сыяктуу жана өтө кымбат. Акыретке таандык жакшылыктардын чеги жок, сынбайт, жоголбойт жана уурдалбайт... Дүнүйө иштери акыретке пайдалуу болуусу керек. Тозокко жетеленбөөгө катуу көңүл бөлүү керек. Кишинин байлыгы – анын дини жана акырети. Бул байлыкты алдырып жибербөө үчүн бекем өтө дыкат керек. Бул үчүн ар таңда минтип ниет кылуу керек:

«Йа, Рабби! Өзүмдүн, балдарымдын жана үй-бүлөмдүн ырыскыларын адалдан таап келүү, аларды эч кимге муктаж калтырбоо, ырахат ибадат кыла алуу үчүн эмгектенүүгө кетип жатам...»

Ал күнү мусулмандарга жакшылык, жардам жана насаат, амри маруф, нахйи мункар кылууну көңүлүнөн өткөрүүсү керек. Мына ушинтип ниет кылган бир соодагер, бир кызматчы же жумушчу ниетине карай иштеген сайын сооп табат. Анын кылган ар иши ибадат болот. Дүнүйөдө тапкандары да буга кошумча болот.

Бул дүнүйөдө бардык адамдар сапарда жүргөн жолчу болуп саналат, бул жерге келдик жана мындан ары карай кетип баратабыз. Жолчулардын бири-бирине жардам берүүлөрү, кол кармашуулары, бир туугандай болуулары керек. Ар бир мусулман ушундай ойдо болуусу керек. Жумушун баштап жатканда: «Мусулан боордошторума жардам берүү, аларды ырахат кылуу үчүн эмгектенемин. Дин боордошторум менин жумушумду аткаргандыктары сыяктуу мен да аларга кызмат кыламын» деп ойлонуулары керек.

Мухаммед Масум хазреттери мындай деген:

«Дүнүйө иштери акырет үчүн эмгектенүүгө кедерги болбоосу керек. Мунафикун сүрөсүнүн 9-чу аятында: «Мал-оокатыңар жана балдарыңар Аллаху тааланы эстөөңөргө кедерги болбосун!» деген мааниде буюрулган. Эмгектенип, кийин тобокел кылуу бир жерге бөлүнүп алып ибадат кылуудан жакшыраак. Ислам дининин улуулары өз күнүмдүк муктаждыктарын өздөрү камсыз кылышчу. Башка бирөөнүн колун кароону ылайык көрүшчү эмес. Пайгамбарлар дагы өз муктаждыктарын өздөрү иштеп табышчу.»

Биринчи болуп кездеме токуган киши Адам алейхиссалам болгон. Дин душмандары алгачкы адамдардын чөп жана жалбырак менен кийинишкендиктерин, үңкүрлөрдө жашагандыктарын жазышууда. Бирок, мындай жазуулардын эч кандай далилдери жок, баары жалган.

Бир адам динине, ыйманына зыян келбей тургандай кандайдыр бир жумушта иштесе болот. Юсуф алейхиссалам пайгамбар болсо дагы адамдардын кыйынчылыкта тургандыктарын көргөндө ошол замандын өкүмдарына барып жумуш сурады. Ушундайча, адамдарга кызмат кылды. Адамдарга кызмат кыла алуу үчүн ар ким өзүнө түшкөн милдетти орундоодон артта калбоосу керек...


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш