Ислам дини » Аалымдардын сукбаттары » Кимди сүйсөң сүй, бир күнү андан айрыласың




Кимди сүйсөң сүй, бир күнү андан айрыласың


Өмүрүнүн узун болуусун ким каалабасын. Ар ким «мүмкүн болсо көп жашасам экен» деп үмүт кылат. Турмуш шарттары кыйын болсо да адам жашоодон ыраазы.

Кылган дубаларыбызда дагы муну эстейбиз. Бирөөнөн бир жакшылык көрсөк «өмүрүң узун болсун, көп жаша» деп ага да дуба менен жооп беребиз.

Негизи көп жашоо салих амал менен болсо чоң жакшылык. Бани Кай деген уруудан эки киши келип мусулман болушат. Пайгамбарыбыз (алейхиссалам) аларга бир үй бөлүп бердирет. Алар чоогу бир үйдө, окшош ибадаттарды кылып өмүр сүрүшөт. Булардан бирөөсү бир согуш маалында шейит болуп көз жумат, экинчиси жалгыз калат. Бир жыл өтүп ал дагы оорудан улам кайтыш болот. Асхабы кирамдан бирөө буларды түшүндө көрөт, караса бир жыл кийин кайтыш болгонунун даражасы жогору болот. Буга таң калат. Себеби, ал шейит болуп өлгөн биринчисинин ада канча жогору даражада болгондугун ойлогон эле. Бул жагдайды Пайгамбарыбызга келип сурайт:

- Йа, Расулаллах! Мен шейит болуп өлгөндүн даражасын бийик болсо керек деп ойлоп жүрчү элем.

Ошондо мындай жоопту алды:

- Албетте, бир жылдан кийин кайтыш болгондун даражасы дагы да бийик. Себеби, ал тигиге караганда бир ай көп оорозо кармады. (Нафил намаздарды кошпогондо) алты миң рекет андан көп намаз окуду, ушунчалык дуба кылды, ушунчалык ибадат кылды...

Эгер өлүм болбогондо жер бетине батмак эмеспиз, Раббибиз Адам атабыз менен Хавва энебизди дүнүйөгө жөнөттү. Булардын бала-чакасы боло тургандыгын периштелер укканда мындай дешти:

«Булар көбөйгөн сайын көбөйүп жер бетине батпай калышат!»

Ошондо Раббибиз мындай деди: «Алар өлүшөт, түбөлүк ал жерде жашашпайт.»

Бул сапар периштелер мындай дешти:

«Андай болсо жашоонун даамы болбойт. Акыры өлүм болгон бир өмүрдөн да ырахаттык алууга болот.»

Буга болсо мындай жооп келди:

«Аларга гафилдик, унуткандык беремин, унутушат жана жашоону улантышат.»

Бир күнү келбети сулуу бир падыша күзгүнү каранып, кийин вазирине мындай дейт:

- Аттиң, өлүм болбогондо жашоо кандай кана жакшы болмок э?

Вазиринин берген жообу өтө маанилүү:

- Падышам, өлүмдүн бар экендиги кандай жакшы, эгер өлүм болбогондо сиз да падыша боло алмак эмессиз, мен дагы вазир боло алмак эмесмин!

Өмүр өтө узун болсо да акыры өлүм менен бүткөндүктөн кыска деп эсептелет. Саналуу күндөр тез өтө дешет. Өмүрүбүз миң жыл болсо да бир күндөй болуп өтөт. Хадиси шарифте мындай делген: «Канча көп жашасаң жаша, бир күнү өлөсүң. Кимди сүйсөң сүй бир күнү андан айрыласың. Эмне кылсаң кыл (кааласаң жакшылык, кааласаң жамандык) баары бир анын жообун көрөсүң.»


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш