Ислам дини » Аалымдардын маектери » Колубуздагы нерсенин баары аманат




Колубуздагы нерсенин баары аманат


Жашоо түш, кино сыяктуудай. Жазылган даяр сценарийдин оюнчуларындайбыз. Бизден мурдагылар оюндарын ойноп өтүп кетишти. Маркум Юнус Эмре кандай жакшы айткан:

«Мал ээси, мүлк ээси,

Кана мунун биринчи ээси?

Мал да жалган, мүлк да жалган,

Бар сен дагы бираз айлан.»

Ата-бабалар мындай дешкен: «Ат өлөт, майдан калат. Жигит өлөт атак калат..»

Көк асмандын астында каерде болсо болсун бардык адамдар өздөрүнөн кийинкилере бир нерсе калтыра алышкан болсо бактылуу абалда күлүмсүрөп өлүшөт. Хадиси шарифте мындай делген: «Адамдардын кайырлуусу – адамдарга пайдалуу болгону.»

***

Биздин тилибизде «карып жолчу» жөнөкөй бир сөз эмес. Бул материалдык жана руханий бүткүл айрылуулардын, бүткүл жалгыздыктардын аты. Карып жолчу деген сөздү чабан да колдонот, олуя болгон ариф заттар да колдонушат. Чабан түшүнгөн карыптык – бул өз айылынан алыс калуу. Ал эми арифтердин карыптыгы Раббинен өзүнчө калуулары. Раббисин тапкан адам бүткүл ниматтарга, жакшылыктарга жеткен болот. Аны жоготкон адам бардыгын жоготкон болот. Хазрети Али (радыйаллаху анх) уулу Хазрети Хасанга мындай деген:

«Карып киши – Аллах үчүн достошкон досу жок адам.»

Фудайл бин Ийад хазирети дагы жолчулукту башка бир түрдө ачыктаган:

«Пазилеттүү, көркөм мүнөздүү кишилерде карыптык болбойт. Алар чоочун жерлерде да болушса чөйрө табышат, дос табышат. Жаман адамдар өз журтунда жашап турса дагы карып болушат. Эч ким аларды жакшы көрбөйт, бирге болууну каалашпайт..»

Чет өлкөдө жашаган мекендештерибизге «эмигрант» деп жатышат. Негизи карап көрсөк бардыгыбыз эмигрантпыз. Дүнүйөдө калуучу эмеспиз, келдик, кетип баратабыз.

Бир күнү сүйүктүү Пайгамбарыбыз алейхиссалам мубарек колун Абдуллах бин Омардын далысына коюп мындай деди:

«Сен өзүңдү дүнүйөдө же карып деп бил, же жолчу деп бил. Же өзүңдү кабырдагылардан деп эсепте.»

***

Бул дүнүйөдө карып адамдарбыз, жолчубуз дагы. Карыппыз, себеби, мурда бул жерде эмес элек. Жолчубуз, кааласак дагы бизди бул жерде алып кала алышпайт. Баарыбыз бул жерде конокпуз. Конок бир күнү өз мекенине кайтат. Колубузда эмне бар болсо анын баары бизге аманат. Аманаттар болсо бир күнү өз ээсине тапшырылып берилет. Ден-соолугубузга жана жаштыгыбызга алданбайлы, өлүм жаныбызда турат. Адам баласы күн сайын бир кадам өлүмгө жакындоодо. Тапкан байлыгына жаш баладай кубанат, бирок, жоготкон убактысын аяп жаткан жок. Акыры келип башка бирөөнө насип боло турчу ал байлык эмнеге жарамак эле. Балким эң жактырбаган адамдарыбызга!..


Артка
 
    
Диний маалымат изде:

Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш