Ар өткөн күн


Жаңыдан аткан ар бир күн менен бирге баарыбызга жаңыдан дүйнө куралат. Бардык нерсе биз үчүн жаңыдан жасалат. Күн нурлары менен, канаттуу куштар сайраган кооз үндөрү менен, гүлдөр жадыраган жылмайуусу менен бул даярдыкка кошулушат. Ушундайча, сыноо үчүн дүнүйөгө жөнөтүлгөн адамдын колуна 24 саат делген бир мүмкүнчүлүк берилет. Ошентип, убакыт бетине жашообуз жазыла баштайт. Көнүмүш адаттар биздин дыкатыбызды ушунчалык бузуп жибергендиктен тегерегинде болуп жаткан нерселерди көп адам байкабайт. Күнү бою күн алдында басып жүрсө дагы андан эч кабары жок жашагандардын саны ошентсе да аз эмес. Өмүрдүн бир кечин дагы артта калтыра тургандыгыбызды унутпайлы. Өлүмдү өз башыбызга келүүдөн мурда башкаларга тийиштүү нерсе сыяктуу көрүүдөн баш тарталы. Дайыма биз эле жаназа көтөрчү элек, жаназаны кабырга койчу элек. Дайыма эле ушундай боло берет деп ойлойбуз. БААРЫБЫЗ – ДҮНҮЙӨГӨ КЕЛГЕН КОНОКПУЗ. Бир күнү жаназасын биз көтөргөн киши ушул кезге чейин бир нече жаназа көтөргөн эле, азыр болсо өзү жаназа болду. Биз дагы бир күнү жаназа болобуз. Биз үстүндө жашап турган таттуу жана ачуу күндөрдү өткөргөн дүнүйөбүз менен жана анын ичиндегилер менен экинчи көрүшпөй тургандай кош айтышабыз. Баарыбыз бул жерде конокпуз, буз жерден башка жерлерге кетебиз. Конок болгон адам өзү менен бирге алып кете албай турчу нерселерге көңүлүн байлабайт. Кааласак да, каалабасак да бир күнү сөзсүз өлөбүз. Бул жаратылган нерселердин баарынын башына келе турчу нерсе. Өлүм менен канчалык күрөшсөк да баары бир ал жеңет. Азыр таманыбыздын астында турган топурак бир күн келет мойнубуздан ашат. Ушундай бир күнгө туш болобуз, түнүн көрө албайбыз, ушундай бир түнүбүз болот, бирок, күндүзүн көрө албайбыз. Канчалык жакшы кийинсек кийинели акыркы кийимибиз кепен болот. Канчалык комфорттуу үйлөрдө, кабаттуу үйлөрдө, ак сарайларда жашасак жашайлы акыркы көчүп бара турчу үйүбүз кабырыбыз болот. Өлүм эч кимди аябайт, эч кимден корпойт, байлыгы канчалык көп болсо болсун ага маани бербейт, пара албайт. Убагы келгенде адамдын ишин бүтүрөт да жанын алат. Бүгүнкү күнгө чейин эч ким өзүн да, башка бирөөнү да өлүмдөн куткара алган эмес. Бүт дүйнөгө өкүмдар болгондор да Азраил алейхиссаламдын астында башын ийип, жанын тапшырууга мажбур болушкан. Жер жүзүндө миңдеген дин бар, буларга ишенген миллиондогон адам бар, эч бир динге ишенбеген динсиздер дагы бар. Башка-башка нерселерге ишенишет. Бирок, булардын баары орток ишенген бир нерсе бар, бул – өлүм! Өлүмдү эч ким четке какпайт, кага да албайт. Андай болсо ага даяр болуубуз керек. Хадиси шарифте мындай делген: «Акылдуу адам - өлүмдү эң көп ойлогон жана өлүмдөн кийинки жашоо үчүн даярдык көргөн адам.»

Адам ырахат жашай алуу үчүн дүнүйөдөгү үйүнүн бардык кемчиликтерин толуктап, ремонттоп, кийин ага көчүп кирет. Свети жок болсо, суусу жок болсо, эшик-терезеси бүтүн болбосо кыйынчылык тартат. Кабырга кирүүдөн мурда ал жерди да ыңгайлуу абалга келтирүүбүз керек. Себеби, ал жерде дүнүйөдөгү үйүнбүздөн да көп убакыт жашайбыз. Дүнүйөдөгү үчүбүздө тынчтык жана ырахаттык көрө албаган болсок аны алмаштырып алууга мүмкүнчүлүгүбүз бар, башка ыңгайлуу үйгө көчүп кетсек да болот. Бирок, кабырыбызды алмаштырууга мүмкүнчүлүгүбүз жок. «Мен бул кабырда ырахат жашай албай жатам, мени башка бир кабырга алып баргыла» деп жалбарсак бизди ким угат? Кабырыбыздын ичи жакшы болуусу керек. Тышынын кооздолуп жасалганы бизге пайда бербейт. Эң сапаттуу мрамордон жасалса да ичинде жаткан адамга пайдасы жок. Дүнүйө өмүрү өтө кыска. Миң жыл уланса дагы бир күндөй өтүп кетет. Жүз жашка чыккан бирөөнөн дүнүйөдө эмнени түшүндүң деп сурасак балким күлүмсүрөп ошончо жыл убакыттын кантип өтүп кеткендигин түшүнбөй калгандыгын айтса керек. Акыры өлүм болгон бул жашоонун кыскасы жана узуну арасында көп айырма жок.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш