Ислам дини » Аалымдардын маектери » Текебердик коркунучтуу оору




Текебердик коркунучтуу оору


Текеберленген киши – оорукчан киши. Болгондо да бул өтө коркунучтуу оору. Муну айыктырбаса адамды курутат, дүнүйөсүн да акыретин да талкалайт. Хадиси шарифте мындай делген: «Көңүлүндө сары кычынын бир даанасындай (аз болсо да) текебердик алып жүргөн адам Жаннатка кире албайт.» Раббибиз жактырбаган күнөөлөрдүн эң башында текебердик турат. Текебердик жана азамет сыпат  Ага таандык. Текебердик - эң биринчи кылынган күнөө. Адам алейхиссалам жаратылганда периштелерге ага сажда кылуулары буйрук кылынды. Бир гана Иблистен башка бардык периштелер Адам атабызды карап Аллаху таалага сажда кылышты. Ал сажда кылбай, текеберленди. «Мен андан жогорумун, мен ага кантип сажда кылмак элем» деди дагы балээсин тапты. Бейиштен куулду, каргышталып түбөлүк Тозоктук болду.

Бизди эки дүйнө бакытына жеткирүү үчүн жибериллген Пайгамбарга ыйман келтирбеген, каршы чыккан, аларга азап жана жапа чектиргендердин көбү текеберленгендиктери үчүн муну кылышты жана нематтардан куру калышты. Ыйман келтиргендердин көбү кедей, эл арасында анча кадыры жок кишилер эле. Байлар, бийлик мансабы барлар теңине алышпай мындай дешти: «Пайгамбарлык келсе бизге келмек, биздин атак-даңкыбыз алардан да жогору!» Намруддарды, Фараондорду, Абу Жахилдерди жана буга окшогондорду ыйман жакшылыгынан куру калтырган нерсе  - булардын ашыкча даражада кетебер болуулары. Болбосо алар да Пайгамбарыбыздын жана айткан нерселеринин туура экендиктерин өз балдарын тааныгандай таанышчу. Абу Жахилдин таекесинин уулу айтып берген: «Бир күнү аны көрүүгө бардым, экөөбүз жалгыз элек. Абу Жахилден сурадым: «Сен Мухаммед алейхиссалам тууралуу эмне деп ойлосуң? Сөз экөөбүдүн гана ортобузда калат, чын айт!» - дедим. Мага мындай деп жооп берди: «Анын чынчылдыгында талаш жок. Аны биз Мухаммед-ул эмин дечүбүз, анын үстүнө Ал айтып жаткан сөздөр адам баласынан чыккан сөздөр эмес, адамдар мынчалык мыкты сөз айта алышпайт!» Бул сөздөрдү андан эч күткөн эмес элем, таң калып дагы сурадым: «Андай болсо эмне үчүн ага ыйман келтирбей жатасың?» Бул суроомо да мындайча жооп берди: «Биз бул ишке Абу Талиптин жетиминен дагы ылайык болчубуз. Пайгамбарлык келсе бизге келиши керек болчу. Мен бул байлыгым менен, бул кадыр-баркым менен ага барып кантип баш ийем, бул мүмкүн эмес!» Курайштын алдыңкы чыгаандары топтолушуп: «Коркунуч тууралуу кабар жалганчыдан келсе дагы тынчсыздандырат. Бул болсо өтө чоң коркунуч тууралуу айтып жата. Тозок тууралуу айтып жатат. Отто күйүү дагы кыйын нерсе. А эгер туура айтып жаткан болсочу, эмне болобуз? Биз андан көрө барып ыйман келтирели», - дешти. Биз топ куралып, Сүйүктүү Пайгамбарыбызга келишти. Мындай дешти: «Биз сенин чакырууңду кабыл алууга, сага ыйман келтирүүгө чечим чыгардык. Бирок, бир шартыбыз бар. Сага ыйман келтиргендердин көбү кулдар жана жакыр адамдар, биз алар менен бир жамаат болуп аралашып отура албайбыз. Бул биздин кадыр-баркыбызга жарашпайт, аларды кууп жибер, бизди кабыл кыл да биз менен сукбатташ!»

Бул сунушту Пайгамбарыбыз алейхиссалам четке какты. Экинчи бир сунуш киргизип мындай дешти: «Анда бир күнү бизди өз алдыңа кабыл кыл, бир күнү болсо аларды кабыл кыл.» Бул сунуштарын дагы жактырган жок, бирок, «бираз убакытка чейин ушинтип уланып турсун, балким, илгериде бул текебердиктеринен баш тартышаар» деген үмүт менен Сүйүктүү Пайгамбарыбыз аларды кабыл кылды. «Күндөрүбүздү тактап кагазга жазып белгилеп алалы, биз кайсы күндөрү келебиз?» - дешти. Пайгамбарыбыз кагаз суратты. Али кагаз келе электе Жабраил алейхиссалам келди да, Раббибиздин буйругун билдирди. Буга ыраазы болбогондугун билдирген аяти кариманы окуду. «Таңда жана кечте Раббилерин чакырган, ага дуба кылган, анын ыраазылыгын тилегендерди өз алдыңан кууба!» - деп буюрулду. Ушундайча, чөнтөгү кедей, бирок, көңүлдөрү бай болгондор бакыт ичинде калышты, текеберлик кылгандар болсо жок болуп кетишти.

Денебизде пайда болгон оорулардын бардыгы өткүнчү, алар дүнүйөдөгү жашообуз менен байланыштуу. Ошончолук эле оор болсо да барды дегенде дүнүйөдөгү жашообуздун бүтүүсүнө себепчи болуусу мүмкүн. Биз ансыз деле бул дүйнөгө түбөлүк калуу үчүн жиберилген жокпуз. Үч-беш күндүк өмүр. Андагы жакшылыктар өткүнчү болуу менен бирге андагы кыйынчылыктар дагы өткүнчү. Текебердик оорусун ого бетер коркунучтуу кылган нерсе – анын түбөлүк жашоодо тарттыра турчу азаптары. Кандай болгон күндө да өткүнчү болгондоруна эмес кала турчуларына маани берүү керек. Кандай сонун айтылган: «Текебердик чоң балээ, оору, бирок, ага боор ооруй турган бирөө жок. Жөнөкөйлүк болсо немат, ага кызгана турчулар (көралбастык кыла турчулар) жок.» Бирөөнүн башына кандайдыр бир кайгы түшсө душмандары кубанат, достору болсо кайгырат, ага боор ооруй турчу бирөө табылат, бирок, текебердик оорусуна эч ким боор оорубайт. Нематтарга, жакшылыктарга болсо көралбастык кылынат, бирок, карапайымдык деген жакшылыкты эч ким кызганбайт.

Бир ооруну дарылоодо ийгиликтүү боло алуу үчүн эң алгач ал ооруга себепчи болгон микроптор аныкталып, жок кылынуусу керек. Болбосо дарылоо натыйжа бербейт. Текебердик оорусун пайда кылган себептер көп, булардын эң чоңдору мына булар: Булардан бирөө же бир нечеси бир кишиде бар болсо, напси дагы тарбияланбаган болсо ооруга чалдыкты деген сөз.

Биринчиси: Илимдүү болуу, илим үйрөнүүдөн мурда адеп үйрөнбөгөн болсо өтө коркунучтуу. Себеби, илимдеги менменсинүү жана текебердик бийликтен, атактан жана акчадан да көп. Илгери дин устаздарыбыз алгач адепти үйрөтүп, кийин илим үйрөтүшчү.   Аалым болгондор чыныгы мааниде – Аллаху тааладан корккондор. Биринчи ар ким өзүн таануусу керек. «Өзүн тааныган Раббисин тааныйт», - дешкен. Адам баласы өзүн тааныса бардык нерседен төмөн экендигин түшүнөт, алсыздыгын ойлонот, ушундайча карапайым болот. Раббисин тааныган адам болсо кибрийа жана азамет сыпаттарынын жалгыз Анын сыпаты экендигин, Ага таандык экендигин түшүнөт.

Экинчиси – сулуулугу менен мактануу. Муну дагы дарылоонун чарасы – бир гана сырткы көрүнүшүнө эмес ички абалына дагы көз салуу болуп саналат. Ичине көз салган кезде сулуулугу менен мактануусуна кедерги боло турчу бир канча ыпластыктарды кезиктирет. Бүткүл органдарында ыпластыктар бар. Ичегилеринде кир, табарсыгында заара, мурдунда чимкирик, оозунда какырык, кулактарында кулку, тамырларында кан. Күндө бир же эки жолу өз кирин өз колу менен тазалайт. Ушундай абалдагы адам сулуулугу менен кантип мактана алат?

Үчүнчүсү: Кубатына жана күчүнө ишенип текеберленүү. Көздөрү менен көрө албай турганчалык майда микропторго жеңилген, ооруга чалдыккан, тырмагы менен тең чаяндын чагуусу менен канчалаган убакыт бою азап чегип туйлаган, жада калса, уусу көп болсо өлүп кала турчу адам баласы кайсы күчүнө ишенет? Ошол эле убакта төө, арстан жана пил сыяктуу жаныбарлардын адамдардан канча эсе күчтүү экендиктерин ар ким билет. Айбандарга да жете албаган бир сыпат менен адам баласы кантип мактана алат?

Төртүнчүсү: Байлык, үй-бүлө бир туугандары жана жан жөкөр адамдарынын көптүгү менен кылынган текеберлик. Булар сулуулук, кубат жана илим сыяктуу адамдын өзүндө болбогон нерсе менен текеберленгендик болот, бул текеберликтин эң жаманы. Өзүндө болбогон нерселер менен текеберленүүсү адамдагы эң чоң акмактык. Ыйман келтирбегендердин арасынан өзүнөн дагы алда канча байлар бар. Бул адам баласына кадыр-барк бергенде ыйман келтирбегендер андан өтмөк.

Демек, пенденин милдети – ким болсо болсун эч бир адамга карата текеберленбөө. Бир сабатсыз жахил адамды көргөн кезде «Бул адам билбегендиги үчүн күнөө кылып жаткан болушу мүмкүн, а мен болсо билип туруп күнөө кылуудамын. Ал менден жакшы», - деши керек. Ал эми бир аалым адамды көргөн кезде «Бул адам билип туруп ибадат кылууда, мен болсо билбей туруп ибадат кылуудамын. Ибадаттарымдын көбүн балким жаңылыш аткаруудамын. Ал менден жакшы», - деши керек. Карып калган адамды көргөндө: «Бул Раббибизге менден да көп ибадат кылган болушу керек, анын үстүнө Пайгамбарыбыздын дооруна менден дагы жакын, ал менден жакшы», - деши керек. Өзүнөн кичүү бирөөнү көргөндө: «Бул менчелик узак жашаган жок, ошондуктан күнөөлөрү меникинен аз. Ал дагы менден жакшыраак», - деши керек.

Эмдөө иши бираз кыйын болсо дагы сөзсүз орундоо керек. Болбосо башыбызга түшө турчу кыйынчылыктарга ыраазы болууга мажбур болобуз. Күнөө кылбоо үчүн сабыр кылуу отто  күйүүгө сабыр кылуудан да жеңил!

 

 


Артка
 
    
Диний маалымат изде:

Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш