Ислам дини » Аалымдардын маектери » Акыреттеги чексиз жашоо дүнүйөдөгү кыска жашоого байланыштуу




Акыреттеги чексиз жашоо дүнүйөдөгү кыска жашоого байланыштуу


Аллаху таала Курани каримдин кээ бир аяти карималарында ант берип буюрууда. Бирок, бул туура айтып жатам, ант менен айтып жатам деген мааниде эмес, себеби, Аллаху тааладан да туура сөздү эч ким айта албайт. Аллаху тааланын ант кылган нерселери баалуу нерселер, кулдарына булардын баасын, кадырын билгиле, мен буларга бекерге ант кылган жокмун, ошондуктан, ант кылуудамын деген мааниде билдирилүүдө. Аллаху таала Курани каримде Аср сүрөсүндө да асырга (кылымга) ант кылып буюрууда. Кылым – 100 жылдык бир убакыт, 20-чы кылым, 21-чи кылым деген сыяктуу. Бул жерден биз убакыттын кадырын билүүдөбүз, убакыт өтө баалуу. Убакыт ар адамга бир гана жолу берилет, башка берилбейт. Кээ бириники узун, кээ бириники кыска. Адам баласынын бул дүнүйөгө келүүсү да өз колунда эмес, кетүүсү да өз колунда эмес. Бул дүнүйөгө качан келе турганыбызды биз өзүбүз белгилеген жокпуз. Атабызды, энебизди биз өзүбүз тандаган жокпуз, мамлекетибизди жана улутубузду да биз тандаган жокпуз. Раббибиз кандай тагдыр ыйгарган болсо ошондой болду. Анык болгон бир нерсе бар – экинчи мүмкүндүк кайра берилбейт. Биз дүнүйөгө сыноо үчүн келдик, кээ бирлеринин өмүрү кыска да болсо муну жакшы колдонсо түбөлүк бакытка ээ болот. Эгер муну жакшы колдонбой турган болсо өмүрүн бошко өткөргөн болот. Эгер күнөөлөр менен өткөргөн болсо бул ансыз да жамандыкка алып барат, себеби, күнөөлөрдүн акыры от болот. 20 жаштагы бир жаш көз жумша буга кайгырабыз. «Өмүрү жаңы гүлдөп келатты эле, өтө жаш кетти» деп. Анын 15 жылы ансыз деле балалык чагы болуп эсептелет, мукаллаф эмес (б.а., балагат жашка толбогон болсо дин өкүмдөрүнөн жоопкер эмес.) Эгер калган 5 жылын жакшы пайдаланган болсо, ибадат кылып, Раббисин өзүнөн ыраазы кылган болсо, анда бул жаш аз жашаган болбойт, узун өмүр сүрдү деп эсептелет. Себеби, узун өмүр сүрүп таба ала турчу нерселерди ушул кыска убакытта тапкан болууда. Ушундайча түбөлүк бакытка жете алды. 100 жашка келип көз жумган кишиге эч ким кайгырбайт. «Бул заманда ким 100гө чыгат, жашаарын жашады» дейбиз. Эгер ал адам ушунча жылын бекер өткөргөн болсо, анда ал көп жашаган болбойт. Алтын 7,2 грамм, 10 грамм да эмес, бирок, 1 тонна темирден да баалуу. Маанилүү болгон нерсе - анын баасы. Бул өмүр бир жолу баарыбызга берилди, ошол бир берилген дүнүйө өмүрүндө жашап жатабыз. Бул өмүрүбүз да канчага чейин уланат аны билбейбиз. Бирок, биз билген бир нерсе бар – бул өмүрдүн соңу өлүм. Ушундай бир күнүбүз болот түнүн көрө албайбыз. Ушундай бир түнүбүз болот күндүзүн көрө албайбыз. Медицина ушунчалык өнүктү, органдар алмаштырылып жатат, буга карабастан жер бетинде 150 жаштагы адам таба албайсың. Баары өлөт, биз да өлөбүз. Андай болсо ушул өмүрүбүздүн баасын билүүбүз керек. Себеби, өмүр акырына жеткенде канча жалынып-жалбарсак да 1 саат дагы өмүрүбүз узарбайт. Риваят кылынат, Азраил алейхиссалам бир кишинин рухун алууга келгенде баягы киши: «Мага 1 күн уруксат бере көр, эч болбосо ошону жакшы колдонуп алайын», - деп жалбарат. «Жок», - дейт Азраил алейхиссалам. «Анда жок дегенде 1 саат уруксат бер, ал бир саатты колдоноюн, тообо кылайын, керээзимди айтайын, демим саналуу, түгөнүп бара жатат», - дейт. Ошондо айтылат: «Эй, акылсыз адам, сен миңдеген саат жашаган жоксуңбу бул дүйнөдө, сен ошолорду эмне үчүн колдонбодуң да азыр бир саат үчүн жалбарып жатасың, бул мүмкүн эмес», - дейт. Ошондой бир күн келет, 1 саат үчүн жалбарабыз. Бирок, бул тилегибиз орундайлбайт. Андай болсо колубузда турган бул мүмкүнчүлүктү өтө жакшы пайдалануубуз зарыл. Бул кыска өмүрдө көп нерсе кылышыбыз керек. Адам баласынын үч өмүрү бар: Биринчиси - алигиче жашап жаткан жана дагы канчага чейин улана тургандыгы белгисиз болгон дүнүйө өмүрүбүз. Мындан кийинки экинчи өмүрүбүз – кабыр өмүрү. Ал биринчисинен да узун. Миңдеген жылдар кабырда болгондор бар. Бирок, ал да түбөлүк эмес, бир күнү ал да бүтөт. Кайра үчүнчү өмүргө тирилебиз. Бул – акырет өмүрү, ал – түбөлүк өмүр. Ал чексиз. Бул үч өмүрдүн эң кыскасы - дүнүйө өмүрү. Бирок, эң баалуусу да мына ушул өмүр. Себеби, бул үч өмүрдүн үчөө тең мына шул жерден табылат. Бул жерден кеткенден кийин кылына турчу эч нерсе калбайт. Бул жерде эмгек кылып, кол астыбыздагыларды да адалдан таап багууга аракет кылабыз, эч кимге муктаж болбостон өмүрүбүздү улантабыз. Дагы да эмгек кылып, мындан кийинки өмүрүбүз болгон кабырыбыздын камын көрөбүз, аны кеңейтип, жарык кылып, Жаннат бакчаларынан бир бакча боло тургудай кылып аракет кылабыз. Хадиси шарифте: «Кабыр же Жаннат бакчаларынан бир бакча болот, же Жаханнам чуңкурларынан бир чуңкур болот», - деп билдирилүүдө. Биздин кабырыбыздын Жаннат бакчаларынан бир бакча болуусу үчүн бул дүнүйөдө эмгектенип, аракет кылуубуз керек. Кабырга киргенден кийин кылына турчу бир иш калбайт. Дүнүйөдөгү үйүбүздү ырахат жашай ала турчу абалга келтирүү үчүн кандай аракет кылган болсок, мисалы, ал үйгө көчүп кирүү үчүн ичин даярдап, эшик-терезесин коюп, сырдап, суу-свети бардыгы толук даяр болгондон кийин барып көчүп киребиз. Даярдабастан көчүп кире турган болсок кыйынчылык тартабыз. Дал ушул сыяктуу эле кабырыбызды да ырахат жашай турчу абалга келтирип, кийин кирүүбүз керек. Кабырыбыздын сыртынын сулуу болуусу ичиндегиге пайдасы жок. Бир кабыр дүнүйөнүн эң баалуу мраморлору менен жасалса да, эң көрктүү кылып тургузулган болсо да ичиндегинин мындан кабары болбойт. Маанилүү болгон нерсе - ичинин сулуу болуусу. Бул дүнүйөдөгү салих амалдар менен кабыр кеңейет, жарык болот, өтө сулуу келбеттеги бир адам келет, салам берет, «Мени тааныйсыңбы?» - дейт, «Жок, тааныбайм», - деп жооп берет. «Мен сенин салих амалыңмын, дүнүйөдө өтө жакшы өмүр сүрдүң, ибадат кылдың, Раббиңди өзүңдөн ыраазы кылдың жана Аллаху таала да сенин ошол салих амалыңды адам келбетинде жаратып, сага жолдош болуум үчүн мени жиберди. Сени бул жерде жалгыз калтырбайм, сукбатташып, Кыяматка чейин бирге болобуз», - дейт. Эгер жаман өмүр сүргөн болсо кабыры да Жаханнам чуңкурларынан бир чуңкур болуп, амалы да жырткыч бир айбан келбетинде келет, аны кыйнайт. Биздин кабырыбызда кайсынысы болсун? Дүнүйөгү үйүбүздү ушунчалык кооздоп жатабыз, бирок, ал үйүбүздө бир күн дагы кала тургандыгыбыз белгилүү эмес. Б.а., эч кимде эртеңки күндү көрө тургандыгына байланыштуу колунда эч бир кепилдиги жок, биз ошондой деп ишенебиз. Эч күтпөгөн жерден, эч көтөрө албай турчу бир убагыбызда Азраил алейхиссаламды алдыбыздан көрүүбүз мүмкүн. Эртедир-кечтир аны көрө тургандыгыбыз да анык. Ансыз да жылдар күн сыяктуу зымырап өтүп жатат. Бир карасак өмүрүбүз түгөнүп, акыркы демдерибизди берип жаткан болобуз. Жада калса, бир күн дагы кала тургандыгыбыз белгисиз болгон дүнүйөдөгү бул үйдү ушунчалык кооздоп, тургузуп жатабыз да, узук убакыт кала турчу кабыр өмүрүбүздү жана түбөлүк кала турчу акырет өмүрүбүзгө көз жумуудабыз. А болбосо ал өмүр биз үчүн андан да маанилүү, андан да узун. Дүнүйөдөгү үйүбүздү жактырбай кала турган болсок аны алмаштырууга мүмкүндүгүбүз бар. Бирок, кабырыбызды жактырбаган болсок аны алмаштырууга мүмкүндүк жок. Бирөө: «Мен бул кабырды жактырбадым, бул мени кысып жатат, мен башка бир кабырга көчүүнү каалайм», - десе бул кишини ким угат. Же укса да ким муну кылат, мүмкүн эмес. Ошон үчүн убактыбыздын баасын билели, баарыбыз сыноо үчүн дүнүйөгө келдик. Кимибиз салих амал кылат, кимибиз Раббисин ыраазы кылат, кимибиз Раббисине каршы чыгып күнөөлөр менен өмүрүн өткөрөт мунун баары жазылууда, белгиленип аныкталууда. Бир күн келет анын эсеби кылынат, сөзсүз. Биздин эч маани бербеген майда күнөөлөрдүн дагы эсебин берүүгө мажбур болобуз. Аллаху таала: «Баарынан эсеп сурайбыз», - деп буюрууда. «Пайгамбар жибергендерибиздин баарынан эсеп сурайбыз. Пайгамбарлардан да эсеп сурайбыз, ким силерди укту, ким силерге жарайт деди, ким силерди жакшы каршылады, ким силерге каршы чыкты, ким силерди капа кылды, булардын да эсептерин пайгамбарлар беришет.

Убакыт өтө баалуу. Асхабы кирамды көргөндөр «табиин» деп аталат. Пайгамбарыбызды саллаллаху алейхи ва саллам көрүү сыймыгына ээ болгондор болсо «сахаби» деп аталат. Алардын пазилеттери пайгамбарлардан башка баарынан жогору. Даражасы эң төмөн болгон сахаби даражасы эң жогору болгон табиинден жогору. Алардын даражасына эч ким жете албайт, себеби, алар Пайгамбарыбызды өз көздөрү менен көрүү сыймыгына ээ болушкан. Сахабаларды көргөндөр табиин болушту. Табииндин улууларынан болгон, өзү Аллаху тааланын сүйүктүү кулу, улуу аалым, олуя Хасан Басри хазреттери сахабаларды көрбөгөн таба-и табииндерге сахабалар тууралуу айтып жатып: «Алар ошондой адамдар эле, силер акчаңарды кандайча аяп сарптап жаткан болсоңор алар убакыттарын ошентип аяп сарпташчу», - деген. Убакыт акчадан да баалуу. Биз акчабызды туш келди жерге оңой сарптай бербейбиз, витриналарды кыдырып, ыңгайлуу баасын карап, эң ыңгайлуу жерден сатып алууга аракет кылабыз, көп акчабыз кетпесин деп. Асхабы кирам да убакыттарын ошентип аяп сарпташчу деген. Эмне кылсам көп сооп табам, кайсы ибадатты кылсам жакшыраак деп ойлонушчу. Бирок, дүнүйөдөгү акча жаңылыш сарпталса да баары бир ал дүнүйөдө калат, эч ким акыретке алып кете албайт, биз да алып кете албайбыз. Бай да болсо, кедей да болсо бул дүнүйөдөн кетип баратканда алып кете турчу нерсеси болгону бир чүпөрөк, ал да чирийт. Убакыт өтө баалуу, себеби, бул убакыт менен үч өмүрүбүздү тең табышыбыз керек эле. Таба албасак биз үчүн жаман болот. Бир адамдын үйү жакшы, машинасы жакшы болсо, табышы жакшы болсо бул адам өзүн кандай гана жакшы көрөт, каалаганын жеп-иче алууда, каалаганын кийине алууда, жакшы үйлөрдө жашап жатат, өзүн жакшы көрөт экен деп ойлойбуз. Эгер бул киши акыретин да таба алган болсо, кабырын да кооздогон болсо, өмүрүн жакшы өткөргөн болсо, дүнүйөсүн Жаннат бакчаларынан бир бакчага айланта алган болсо ага баары аш болсун, адал болсун. Эгер ал акырети үчүн бир нерсе салбаган болсо, эч бир кам көрбөй, ал жерге азык жөнөтпөгөн болсо ал өзүнө эң чоң жамандыкты кылган болот. Өзүн жакшы көрмөк бул жерде турсун, өзүнө эң чоң жамандык кылган болот.

Напси - эң чоң душман. Шайтан менен бирге бизди дайыма жаман нерселерге түртүп, Жаханнамга жиберүүнү каалашат. Напси шайтандан да коркунучтуу, себеби, ал адамдын дайыма ичинде. Бирок, шайтан кээде кирет, кээде кирбейт, өзгөчө, нурдуу жүрөктөргө эч кире албайт. Кире турган болсо урулат, андай жүрөктөргө жакындай алышпайт. Бир киши өзүн жоготсо, акылынан адашса, адамдар буга эмне болду деп сурашканда «муну жин урду» дешет. Шайтан да ушундай нурдуу жүрөккө жакындаганда урулат, өзүн жоготот. Шайтандар жыйналып буга эмне болду деп сурашат, «муну адамдар урду» деп айтышат. Шайтандар кир жүрөктөргө жакындашат. Ар бир кылынган эң кичине күнөө болсо да жүрөктө кара бир чекит болуп из калтырат. Эгер тообо кылса, башка кылбоого сөз берип өкүнсө ал так өчүрүлүп, жүрөк кайрадан таптаза болуп жалтырайт. Эгер тообо кылбай, кайра күнөөлөрүн улантса бул тактар көбөйө берип, ушунчалык көбөйүп жүрөгүн капкара абалга жеткирет. Алардын жүрөгү мындан ары капкара болуп, нур, пейз кирбей турган болот. Шайтандын да издеп таба албаган жүрөк мына ушундай жүрөк. Күнөөлөр менен карайган, ичинде пейз, нур жок болгон жүрөктү издейт шайтан. Ошондуктан, жүрөгүбүзгө да ээ болуубуз керек, билип, напсибизди ээрчип, шайтанга алданып бир күнөө кылган болсок дароо тообо кылуубуз. Бул Раббибиздин бизге карата чоң ихсаны. Соопторду эң аз бирге он жазууда, күнөөлөр болсо бирге бир жазылууда. Тообо кылсак, тообонун шарттарын орундасак эч күнөө кылбаган сыяктуу болуудабыз. Кандай керим, рахим, мээримдүү Раббибиз бар. Тескерисинче, күнөөлөрүбүздү эң аз бирге он жазуусу керек эле. Соопторубузду болсо бирге бир, кала берсе, эч жазбоосу керек эле, себеби, ушунчалык ниматтарын жеп жатабыз, өмүрүбүздү ар качан куткарууда, дем алып, дем берүү менен өмүрүбүз уланып жатат, муну да кылган, бул ихсанды да берген Раббибиз. Аба жок болсо жашай албайбыз, суу болбосо жашай албайбыз. Эч бир сооп жазбоосу керек болсо да эң аз бирге он жазууда. Бирге жүз болуп, бирге жети жүз, кала берсе андан да көп жазылган сооптор бар. Бирок, күнөөлөр андай болгон жок, бирге бир жазылууда. Өкүнсөк алар да өчүрүлүүдө. Раббибиз бизди өтө сүйдү. Сүйбөгөндө жаратмак эмес, жаратканда да эң кадырлуу барлык болгон «адам» кылып жаратмак эмес. Башка бир барлык, макулук, айбан, курт-кумурска, жылан, чаян кылып да жарата алмак. Бирок, бизди адам кылып жаратты, бизге акыл берди. Акылыбыз менен да туура жолду таба албай тургандыгыбызды, сираты мустакимди тааный албай тургандыгыбызды билгендиги үчүн бизге пайгамбарларды жиберди (алейхиссалату вассалам), эң чоң нимат бул. Эки чоң нимат берди: акыл жана пайгамбарлар, ошону менен бирге эки чоң жамандыкты да башыбызга жакын кылды: напси жана шайтан. Биз Раббибизге моюн сунуп, өзүбүзгө өзүбүз боор ооруйлу, сырати мустакимден айрылбайлы. Ансыз да кыска өмүр сүрүүдөбүз. Дагы канча жашай тургандыгыбыз да белгисиз. Бул калган кыска өмүрүбүздү да жакшы колдонолу, Аллаху таала баарыбызды мында ийгиликтүү кылсын.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:

Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам