Ислам дини » Аалымдардын маектери » Ужуб, текебердик жана карапайымдык




Ужуб, текебердик жана карапайымдык


Бир мусулмандын кылган ибадаттарын, жакшылыктарын жактыруусу, булар менен мактануусу динибиз тыюу салган нерселер. Бул «ужуб» деп аталат. Бирок, булардын Аллаху тааладан келген жакшылыктар экендигин ойлоп кубануу жаман мүнөз болуп саналбайт. Буларды мен кылдым деп билип, өзүнөн деп эсептесе бул коркунучтуу. Жакшылыктарга өз колубуз менен, аракетибиз менен жете албайбыз. Мунун Аллаху тааланын ихсаны экендигин ойлообуз керек. Ушинтип ойлонуу мустахаб болот, эгер ужуб байкалган кезде ушинтип ойлонуу парз болот. Адамды кылган иштерин жактырууга жетелеген себептердин башында жахилдик жана гафилдик турат. Бул жаман мүнөздөн кутулуу үчүн «бардык нерсенин Аллаху тааланын тилөөсү жана жаратуусу менен боло тургандыгы» унутулбоосу керек. Илим, акыл, ибадат, мал-мүлк, бала-чака, макам сыяктуу жакшылыктардын Раббибиздин бизге кылган мээрими экендигин эстөө керек. Адамга пайдалуу, таттуу болгон нерсе «нимат» деп аталат. Андан башка жаратуучу жана жөнөтүүчү жок.

Асхабы кирамдын (алейхимуррыдван) кээ бирлери Хунейн согушунда аскерлеринин көптүгүн көрүштү да «эми биз жеңилбейбиз» дешти. Бул сөз Пайгамбарыбызга угулганда өтө капа болду. Айтылгандай эле уруш башталган кезде Аллаху тааланын жардамы келбеди да, кыйын кезеңдер башталды. Кийин Раббибиз мээримдүүлүк кылып, жардамын жөнөттү. Давуд алейзиссалам дуба кылып жатканда «Йа, Рабби! Балдарымдын бир канчасынын намаз окубай калган эч бир түнү жок, орозо кармабай калган эч бир күн да болгон жок» дегенде Аллаху таала жообунда мындай деп буюрду: «Мен тилебегенимде, кубат жана мүмкүнчүлүк бербегенимде эч бирин кыла алышмак эмес».

Текебердик – өзүн башка биринен жогору көрсөтүү, ужуб болсо – өзүн башка биринен жогору деп саноо. Эч ким жок жерде адам баласында ужуб болуусу мүмкүн, бирок, өзүн жогору кылып көрсөтө албайт, текебердик кыла албайт. Текебердиктен жана ужубдан кутулуу үчүн карапайым болууга аракет кылуусу керек. Жеткен ниматтарды өзүнөн деп билбеген адам кутулат. Айталы, бирөө сулуу, келбеттүү. Мындан улам өзүн өзү жактыра турган болсо ужуб болот. Өзүндө бар сулуулук өзүнөн эмес Аллаху тааланын сыйлыгы экендигин ойлонсо жана буга шүгүр кылса сооп табат. Күнөөлөрдү жактырбоо керек, бирок, өзүн күнөөлүүлөрдөн да жогору деп билбөөсү керек. Өзүн бейиштик, күнөөлүүлөрдү болсо тозоктук деп билбөөсү керек. Жада калса, мусулман эмес адам тууралуу да мындай ойдо болбоосу керек. Мусулман эмес адам бир калимаи шахадат келтирип мусулман болуусу мүмкүн, өзү болсо бир каршы сөз айтуу менен Тозокко тоголонуусу мүмкүн.

Текебердик жана ужубдун канчалык чоң коркунуч экендигин Имам Газали рахметуллахи алейх Ихйа-ул улумкитебинде мына бул окуя менен түшүндүрүүдө: Иса алейхиссалам бир хавариси менен кетип бара жатышкан эле. Бир ууру аларды алыстан көрөт да кылган ишине өкүнүп, берекеленүү үчүн алардын артынан ээрчийт. Хавари болсо: «Бул неме каяктан чыга калды. Бизден алыс болсо экен» - деп тез кадам таштап Иса алейхиссаламга жакындайт. Ууру болсо «мен бул мубарек кишилер менен бирге басууга ылайык эмесмин» деп кадамдарын жайлатат. Аллаху таала Хазрети Исага вахий кылат: «Аларга айт! Экөөнүн тең ошого чейинки кылгандарын өчүрдүм. Өзүн жактыргандыгы үчүн хаваринин ибадаттарын жок кылдым. Өзүн төмөн көргөндүгү үчүн уурунун күнөөлөрүн кечирдим. Эми экөө тең жаңыдан башташсын.» Хазрети Айша энебизден: «Адам качан жамандык кылат?» - деп сурашканда: «Жакшы нерселерди кылдым деп эсептеген кезде» - деп жооп берди. Илгери бир абид киши болот. Ибадаттарында адепке дыкат болуп, намазын туура окучу. Бир жаш жигит ага таң калып караганда: «Мага кара балам, шайтан да көп жылдар бою ибадат кылды. Акыбети эмне болгондугу маалым. Маанилүү болгон нерсе акыбет. Ибадаттарымдын кабыл болуп же болбогондугу белгисиз. Кабыл болгон күндө деле бир көзүмдүн шүгүрүн өтөөгө жетпейт!» - деди. Ошондуктан «Акыры тообо менен бүткөн бир күнөө акыры ужуб менен бүткөн бир ибадаттан да кайырлуу» дешкен. Хадиси шарифте: «Силер күнөө кылбаганыңарда мындан да зыяндуу болгон ужубдан коркор элем.»


Артка
 
    
Диний маалымат изде:

Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш