Ислам дини » Аалымдардын маектери » Туура менен жаңылышты ажыратуу өтө кыйын




Туура менен жаңылышты ажыратуу өтө кыйын


Илим – туураны жаңылыштан ажыратуу дегенди билдирет. Антпесе көп китеп жаттап алуу деген сөз эмес. Дүнүйөдөгү бардык китептерди жаттап алсак, бирок Аллахтын ыраазычылыгына шайкеш эч бир ибадатыбыз болбосо, бул эч нерсеге жарабайт. Пайгамбарыбыз: "Йа Раббим! Мага туураны туура, жаңылышты жаңылыш кылып билдиргин. Жаңылыш нерсеге туура деп жармашып албайын, туура нерсеге жа жаңылыш деп каршы чыкпайын!” – деп дуба кылчу жана бизге да ошентип дуба кылууну буйрук кылган. Туураны жаңылыштан ажыратуу (б.а., бул Аллахтын ыраазычылыгына шайкешпи же эмеспи деп ажырата билүү) өтө кыйын иш. Устазы болбогон адамдын туураны жаңылыштан ажырата билүүсү мүмкүн эмес. Азыркы доорубузда өтө начар жана өтө көп топтор пайда болгон, кайсыл биринин туура экендигин акылыбыз менен, илимибиз менен түшүнө албайбыз.

Акыйда жагынан бузук бир ишеним бардык ибадаттарды жок кылып жиберет. Эч кандай пайдасы болбойт. Аллаху тааланын акыретте кулдарынан биринчи сурагы туура ыйман болуп саналат. Туура ыйман диндин негизи. Бардык ибадаттар ошол негиздин үстүнө тургузулат. Бирок туура ыймандын душманы көп болот. Шайтан, напсибиз, жаман жоро-жолдоштор жана жаман массалык маалымат каражаттары, б.а., ичкерден, сырттан алдабызга чыккандардын баары ыйманга кол салууда. Имам Раббани азиреттери 400 жыл мурда "Ыйманыма кол салуучулардан бактын жалбырагы сымал титирөөдөмүн” деген. Башкача айтканда, ошол кезде эле ыйман уурулары, ыйман душмандары ушунчалык көбөйгөндүктөн, ал сыяктуу улуу аалым ыйманым кетпесин деп коркчу.

Бул улуу аалымдары тааныгандар өтө бактылуу адамдар. Аллаху таала тарабынан тандалган адамдар. Бул аалымдар толук жана туура ыйманга жеткиришет. Бул ыйманга жетүүбүз үчүн мал-жандарын курман кылган сахабалардан баштап, Салжуктарга, Осмондуктарга, бардык аалымдарга, олуяларга, мужахиддерге, шейиттерге бардыгына канчалык алкышыбызды айтсак аздык кылат. Анткени алар бул ыйманды туудай коргоп,жандары менен, мал-мүктөрү менен, акчалары менен, бардык нерселери менен бизге чейин жеткиришпегенде, мусулман баласы катары дүнүйөгө келмек эмеспиз. Балким түбөлүк тозоктук болмокпуз. Ошондуктан бизде алардын чоң акылары бар. Башкача айтканда, бул нематка жетүүнүн жүгү, жоопкерчилиги өтө оор. Биз да буларды башкаларга үйрөтпөсөк, бизден кийинки бардык урпак: "Бизде ошончо көп адамдардын акысы бар экен. Мага эмнеге муну үйрөтпөдүң?” – деп бизге даттана турган болот.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:

Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш