Ислам дини » Аалымдардын сукбаттары » Бир өмүргө татыган түн




Бир өмүргө татыган түн


  Кадыр түнү – Курани карим эң алгач түшүрүлгөн түн. Бул ыйык түн миң айдан дагы кайырлуу. Канчалаган миң айлар өткөн эле, бирок, бул түндүн бизге тартуулаган нерселерин бере алган эмес.

  Кадыр түнү бизге тийиштүү. Бир гана Мухаммед алейхиссаламдын үммөтүнө таандык. Калган үммөттөрдө мындай түн жок болчу. Бул кандай чоң бакыт, кандай чоң жакшылык. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз жаратылгандардын эң кадырлуусу болгондой эле Анын үммөтү дагы үммөттөрдүн эң кадырлуусу. Али Имран сүрөсүнүн 110-аяти каримасында мындай мааниде буюрулган: «Адамдар үчүн чыгарылган эң кайырлуу үммөтсүңөр. Жакшылыкты буюруп, жамандыктан тыйып, Аллахка ыйман келтиресиңер!»

  Хазрети Али (радыйаллаху анх) мындай деген: «Эгер Раббибиз Үммөтү Мухаммедге азап берүүнү каалаганда аларга ыйык Рамазан  жана ичиндеги Кадыр түнүн бермек эмес.»

  Кадыр түнүнүн Рамазан айынын акыркы он күнү жана так сандагы түндөрү болуусу ыктымал. Жыйырма жетинчи түнү боло тургандыгы андан да кубаттуу.

Азыркы заманда орточо адам өмүрү 60-70 жыл. Бирок, илгерки доорлордо адамдардын өмүрлөрү өтө узун эле. Нух алейхиссаламдын 950 жыл өз коомун ыйманга чакыргандыгы аяти карима менен анык билдирилген. Бул абал Пайгамбарыбызды кайгыга салды. Аллаху таалага жалбарды: «Йа, Рабби, менин үммөтүмүн өмүрүн кыска кылдың. Башка үммөттөрчөлүк ибадат кыла алышпайт, аларчалык сооп таба алышпайт...»

  Бүт ааламды Сүйүктүүсү Мухаммед алейхиссаламдын урматына деп жараткан Раббибиз аны капага салабы? «Сенин үммөтүңө ошондой күндөрдү жана түндөрдү тартуулаймын, алардын ар бири бир өмүргө татымакчы!»

  Чындыгында миң ай 83 жылдан көп. Он Кадыр түнүн билип ибадат менен өткөргөн киши 830 жыл ибадат кылган болот. Бул кандай гана чоң сыйлык!

Бул түнү түшүрүлгөн Курани карим Пайгамбарыбыздын (алейхиссалам) эң чоң мужизасы болуп саналат. Бардык мужизалардан бийик. Таасири болсо кыяматка чейин уланат. Курани каримдин пазилетин билдирген хадиси шарифтер көп. Мындай делген:

«Силердин эң кайырлууңар – Курани карим окууну үйрөнгөн жана аны башкаларган үйрөткөнү.»

  Темирди дат баскандай эле адамдын жүрөгүн да дат басат. Асхаби кирамдан сурашты: «Темирдин датын кетирсек болот. Бирок, жүрөктүн датын кантип кетире алабыз?» - деп.

  «Курани карим окуу менен тазаланат», - деп буюрулду.

  Курани карим менен орозо кыямат күнү шапаат үчүн уруксат сурашат. Курани карим мындай дейт: «Кулдарыңан кээ бирлери мени баалашты, мени көп окушту, бүгүн мен дагы аларга шапаат кылгым келет.»

  Орозо болсо: «Кыйынчылык тартып турушса да мени баалаган кулдарыңа шапаат кылууну каалаймын», - дейт. Экөөнө тең адамдарга шапаат кылууга уруксат берилет.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш