Ислам дини » Аалымдардын сукбаттары » Исламиятты үйрөнүү жана үйрөтүү керек




Исламиятты үйрөнүү жана үйрөтүү керек


Даанышман заттар мындай дешет:

Аллаху тааланын динине кызмат - ар качан чоң ибадат. Бирок, айлана жамандык толо болгон, жаман басылмалар көп болгон бир заманда кымындай аракет көптөгөн сооп таптырат.

Жанаб-ы Хак Исламиятты кулдарына дүнүйөдө да, акыретте да ырахаттыкка жетишсин деп жиберген. Исламият магнит сыяктуу. Жүрөгүндө гаухар болгондорду өзүнө тартат. Бирок, бул темир гаухарлар чаң-топурак, саман-чөп менен аралаш. Ошол гаухарлардын магнитке жармашып кутулуусу үчүн магнит алардын үстүнөн кыдыртылышы керек. Эгер магнит кыдыртылбаса, б.а., Ахли сүннөт аалымдардын жазуулары жана сөздөрү китеп, гезит, радио, ТВ, интернет сыяктуу каражаттар аркылуу адамдарга жеткирилбесе, бул үчүн күнү-түнү эмгек кылынбаса бул адамдар кантип кутулушат? Ал магнитти кыдыртпагандар Исламиятты жайуу үчүн аракет кылбагандар акыретте кантип эсебин беришет? Мусулмандыктан куру калгандардын да бир акысы бар. Ушул кул акысынан кутулуу үчүн ар момундун динибизди жайуу үчүн аракет кылуусу керек. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз мындай деп буюрган:

«Аллаху таала Жабраил алейхиссаламга: «Барып баланча шаарды жердин түбүнө батыр», - деп буйрук кылды. Жабраил алейхиссалам: «Йа, Рабби, бул шаардагы баланча кулуң сага эч каршы чыккан жок. Дайым моюн сунуп, ибадат кылууда», - дегенде: «Аны да ошолор менен бирге батыр! Себеби, күнөө кылгандарды көргөндө бир жолу кабагын өзгөрткөн жок», - деп буюрду.»

Исламияттын эки негизи бар. Биринчиси – үйрөнүү, экинчиси болсо – үйрөнгөнүн үйрөтүү. Үйрөнбөгөн адам Жаханнамга кетет, себеби, дин сабатсыздыгы айрыкча ушул заманда кечиримдүү өзүр эмес. Үйрөтпөгөн адам да Жаханнамга кетет. Себеби, бизден мурункулар урпактары отко түшпөсүн деп малы-жанын, ырахаттыктарын курмандык кылып, Исламиятты бизге үйрөтүшпөгөндө бүгүн биз мусулман боло алмак эмеспиз. Бизге Исламиятты үйрөткөн адамдардын үстүбүздө чоң акылары бар. Эгер биз дагы бул аманатты бизден кийинкилерге жеткирбестен жазага тартыла турган болсок бизди ким куткарат?

Исламиятты үйрөтүү «Амри маруф» деп аталат. Өзүбүз үчүн кылган бүткүл ибадаттардын сообу жана Аллах жолунда мал-мүлк менен, жан менен жасалган жихаддын сообу амри маруфтун сообунун жанында дайранын жанында бир тамчыдай болуп калат.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш