Ислам дини » Аалымдардын сукбаттары » Кир аба жана эки дары




Кир аба жана эки дары


Даанышман заттар мындай дешкен:

Акыр замандабыз. Ыйман алсыраган сайын, Аллахтан коркуу азайган сайын адамдар өтө бузук жолдорго киришүүдө. Бул кылымдын жамандыгынын бири – сыйкырдын абдан жайылуусу. Ыйман кеткенде көңүл бош калбайт, ордуна сөзсүз бир нерселер толот. Мына ошондуктан сыйкыр менен алек болушууда. Албетте, Аллаху таала эмнени тагдыр кылса ошол болот. Тагдыр кылбаса эч бир нерсе болбойт, бирок, тадбир кылуу (мунун алдын алуу), сактануу керек, себеби, тадбир -динибиздин буйругу. Дин улуктарыбыздын китептеринде бул тадбирлер, дарылар жазылган. Сыйкырга кедерги болуучу көп дары бар. Бул дарылардын мына бул экөөнөн артыгы жок:

Биринчиси: Аяти хырз делген коргоочу аяттар. Пайгамбарыбыз алейхиссалам: «Йа, Расулаллах, жиндерден абдан кыйынчылык тартуудамын, айламды кетиришти», - деген бир сахабага бул аяттарды окуусун билдирген. Бул аяттар окулуп, жыйнакталган. Китептердеги түшүндүрүлүшүнө карай бир апта же кырк күн таңда күн чыккандан жана асыр намазынан кийин ихлас менен окулса Аллаху тааланын уруксаты менен эч нерсе калбайт.

Экинчиси: Силсиле-и алиййе улууларынын ысымдарын окуу жана алардын жүзү суусу урматына Аллаху тааладан суроо керек. Бул улуу заттар бир аксарайдын эшиги. Кутулуу үчүн аксарайдын эшигинен кириш керек. Бул жер коргоо астында, адамды Жаннатка алып барат. Бул улуу заттардын ар бири бир сарайдын эшиги, бул эшиктердин бирин какса ичке кирилет. Болгону адеп менен жана ихлас менен ал эшикке жакындоо керек.

Муратка жетүү, кыйынчылыктан кутулуу, соода кылуу, ийгиликтүү болуу жана хузур бакыт ичинде жашоону каалаган адам бул эки дарыга абдан бекем кармануусу керек. Себеби, бул замандын зулумдугу көп жерди каптаган, хузурсуздук, кыйынчылык ар үйгө кирген заман. Кир аба менин үйүмө кирбесин делсе дагы бул мүмкүн эмес, себеби, аба ар үйгө кирет.

Мубарек бир заттан: «Устаз, сукбатта болуу абдан жакшы келүүдө, көп пайда табуудабыз, бирок, сыртка чыкканда бир нече убакыттан кийин ушул жакшылыктардан эч нерсе калбай калат. Мунун себеби эмне болду экен?» - деп сурашат. Ал зат болсо: «Кир аба ушунчалык көп, ар тарапты каптаган. Бул замандын зулумдугу деп аталат», - дейт. Бул зулумдуктан кутулуу үчүн мүмкүн болсо дин улуктары менен бирге болууга, китептерин, алардын өрнөктүү өмүр баяндарын окууга аракет кылуу керек. Бала-бакыра менен Аллаху тааланын эмир жана тыюулары тууралуу маетешүүгө аракет кылуу керек. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз: «Ар нерсенин бир шыпаасы бар, көңүлдүн шыпаасы - зикруллах», - деген. Зикруллах – Аллаху тааланы эстөө же Аны эстеткен нерселер тууралуу сүйлөө болуп саналат.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш