Ислам дини » Аалымдардын сукбаттары » Маанилүү тилек дубасы




Маанилүү тилек дубасы


Даанышман заттар мындай дешкен:

Абдулахад Мырза хазреттери чоң аалым жана олуя эле. Өтө баалуу бир Мектубат китеби бар. Мухаммед Саид хазреттеринин уулу. Имам Раббани хазреттеринин небереси. Дүнүйөгө келгенде Имам Раббани хазреттери бул небересине өз мубарек атасынын ысымын койгон.

Абдулахад Серхенди хазреттери атасы кайтыш болгондо атасынын бир тууганы  (авасы) Мухаммед Масум хазреттери менен илим үйрөнө баштаган. Мухаммед Масум хазреттери бир күнү ага мындай деп буюрду: «Эй, Абдулахад, сага кырк жолу таважжух кылам. Кыркынчыдан кийин сен Вилаят-и Мухаммадия-и хассага барасың, олуялыктын эң бийик даражасына жетесиң.»

Бул сөздү айткандан кийин илахий буйрук менен Мухаммед Масум хазреттери таважжух 34 болгондо көз жумган экен. Арийне, зыяратка келген эл көп, ыйлап-сыздагандар мындан... Абдулахад Мырза: «Авам сөз берген эле, биздин муну толуктообуз керек. Биздин иш жарым калды», - дейт. Кайтыш болгонунан кийин бир түн ортосу кабырына барат: «Ава, берген сөзүң отуз төрттө калды. Муну кыркка толуктайбызбы? Бул иш уланабы же токтойбу?» - деп сурайт. «Уланат, жалгыз көздөн далдоо кел! Келгениңде эч ким болбосун», - дейт. Ал болсо: «»Жарайт, ава», - дейт.  Түнү саат 3-4 чамасында, баары уйкудагы кезде барат. Мухаммед Масум хазреттери кабырдан күлүмсүрөйт, башкача айтканда, зат абалына келип, дал тирүү кездегидей таважжух кылат. «35 болду, эртең кеч дагы кел», - деп буюрду. 36, 37, 38, 39 анан 40. Бул акыркы сапар Абдулахад Мырза колуна атүгүл кагаз менен калем дагы алып ала келет. «Ава, бул жолдун сүннөтү. Ушул хилафатты жазсаңыз», - дейт. Ал: «Макул, кагаз-калем бер, Бисмиллахиррахманиррахим», - деди да, хилафат ижазатын жазып, астына кол коюп: «Ал, бул сага күбө кагаз», - деди. Ал болсо: «Аллах ыраазы болсун ава», - деп кабырынан кетти.

Эртеси күнү Сейфеддин Фаруки, тактап айтканда, Мухаммед Масум хазреттеринин уулуна барып: «Бул кол жазманы таанып турасыңбы?» - деп сурады. Ал болсо: «Валлахи, бул атамдын кол жазмасы», - деди. Абдулахад хазреттери болсо: «Кече түнү алдым», - деди. Календарды карашса чындап туура. «Кандай бакыт, ижазатты да алыпсың», - деди.

Мына ушул Абдулахад Серхенди хазреттери бир сүйүнчү берип мындай деп буюрду:

«70 жолу «Йа Аллах, Йа Рахман, Йа Рахим, Йа Кави, Йа Каадир» зикирин окуп дуба кылган киши эмне сураса сурасын Жанабы Хак ал дубасын кабыл кылат жана эмне максаты бар болсо берет.»

Аллах ыраазылыгы үчүн окуу керек. Бир жолкусунда 70 жолу окуу керек, 71 болсо болбойт, жанында башка ысым болсо да болбойт, бул – сыр ачкыч (пароль). Исм-и Азам, исм-и Жалал, Асма-ул Хусна. Ар намаздан кийин окуган кандай бактылуу! Эч болбосо күндө бир жолу окуу керек.

 


 

 


 


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш