Эң кыйын иш


Даанышман заттар айтышат:

Дүнүйөдө эң кыйын иш - чечим чыгаруу. Башкача айтканда ЖАРАЙТ деп айтуубу же ЖОК деп айтуубу? Аллах сактасын, ЖАРАЙТ деп айта турчу жерде ЖОК деп айтылса, же ЖОК деп айтыла турчу жерде ЖАРАЙТ деп айтыла турган болсо күфүргө чейин киргизүүсү мүмкүн. Улуу бир заттан: Дайым эле устазыңыз тууралуу айтасыз, ал сизге эмне үйрөттү?” - деп сурашат. Ал зат: "Устазым мага каерде ЖАРАЙТ, каерде ЖОК деп айтылат, кимди сүйүү керек, кимди сүйбөө керек, мына ошону үйрөттү. Бул болсо мага жетти”, - деп айтат.

Аллах үчүн истишара кыла турган болсо (башкача айтканда, кеңеше турган болсо) Аллаху таала эң жакшысын биздин каршыбызга чыгарат. Истишара кылуу, суроо адамдын напсин сындырат. Сурабай иш кылуу адамдын напсин ашынтат. Сурай албоо – текебердиктин белгиси.

Эч ким илиминин көптүгү менен мактанбоосу керек, себеби, андан да көбүрөөк билген башка бири бар. Иблис периштелердин устазы эле. Илими аны куткара алган жок, себеби, динибиздин үч тарабы бар: Илим, Амал, Ихлас.

Илим өзү жалгыз адамды куткара албайт. Эгер бир адам билген нерсеси менен амал кылбай турган болсо "Эгер билсең эмне үчүн кылган жоксуң?” деген суроого жооп бере албай калат. Эч билбестик бар, анан да билген нерсесин аткарбастык бар. Илим бар экен, амал бар экен, макул дейли. Бирок, буга карата сурак бар, ал суроо: Муну эмне үчүн аткардың? Адамдар жактырсын, АЗАМАТСЫҢ! деп макташсын деппи? Же Аллах жактырсын деппи? Аллаху тааланы унутуп, адамдар макташсын деп иш кылгандар дүнүйөдө да, акыретте да чоң зыянга учурашат.

Адамдын дини анын досунун дини сыяктуу болот. Жакшы дос тандаган кутулат, жаман дос тандаган адамдын башы зыянда. Ар тарапка тузак жайылган, бул тузактарга түшүү өтө жеңил. Эгер бул тузактарды билген бир жол башчысы болгон болсо коркуу жок.

Шайтан алгач адамды дин боордошуна каршы сөз айттырат, аны жамандатат. Эгер ушундай бир ушак чыга турган болсо аны ошол замат өчүрүү керек. Болбосо чоң балээге алып келет. Улуу заттар айтышат:

"Жанында дин боордошу жамандалып жатса, ал адамды тыйган адамга жүз шейиттин сообу бар”.

Момун топурак сыяктуу, жөнөкөй болот. Эч кимге даттанбайт, ал адамды да бирөөлөр башка бирине даттанып барышпайт.

Аллаху таала кулдарынын дүнүйөдө жана акыретте бактылуу болуулары үчүн дин жиберди. Исламият - Аллахка алып бара турчу жол. Диндин буйрук жана тыюуларына баш ийген адам дүнүйөдө жана акыретте бактылуу болот.

Эч ким Курани каримди өз акылына салып тафсир кыла албайт. Курани каримдин тафсири - Пайгамбарыбыздын жашоосу жана Ал айтып кеткен нерселер. Асхабы кирам тафсирди көрдү. Эң жакшы түшүнгөндөр булар - Асхабы кирам. Алар да шакирттерине үйрөтүштү. Булар болсо китептерине жазышып, төрт туура мазхаб ушундайча пайда болду. Масхабдар кийин пайда болгон эмес. Асхабы кирамдын бардыгы мужтахид болгон.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш