Ислам дини » Аалымдардын сукбаттары » Адилеттик - башкаруучулардын кооздугу жана сулуулугу




Адилеттик - башкаруучулардын кооздугу жана сулуулугу


Өткүнчү лаззаттарга, тез бүткөн, тез түгөнгөн дүнүйөлүк нерселерге алданбоо керек.

* Кулдук – бул дайыма Аллаху таалага муктаж экендигин билүү жана Анын Расулуна толук баш ийүү.

* Курани карим окулган үйгө берекет жана жакшылык келет. Периштелер жыйналып, шайтандар ал жерден качат.

* Нафил ибадаттардын баасы фарздардын жанында окендын жанында бир тамчы суудай дагы эмес.

* Байлык топтоого берилип кеткен адамдар дайыма кыйынчылык жана кайгынын ичинде болушат.

* Ихлас – бул дүнүйөлүк пайдаларды ойлонбостон ибадаттарын бир гана Аллаху тааланын ыраазылыгы үчүн кылуу.

* Дуба – момундун куралы жана диндин тиреги. Асмандын жана жердин нуру.

* Аллаху таала күнөөлөрдү көрөт жана жабат. Адамдар болсо көрүшпөйт жана айтышат.

* Ким күлүп күнөө кыла турган болсо ыйлап Тозокко кетет.

* Адилеттик - калктын тынчтыгы жана тартиби, башкаруучулардын кооздугу жана сулуулугу.

* Момунда ыклас жана өкүнүү болсо Аллаху таала анын бардык күнөөлөрүн кечирет.

* Асхаб-ы кирам бир гана сухбат менен чексиз кемелдикке ээ болушту.

* Эң чоң күнөөлөрдүн бири - бул адамдарды мазактоо.

* Акыретти берип дүнүйөнү алуу, б.а., Хактан калкка жүзүн буруу - акылсыздык.

* Адамдардын арасында бол, бирок, эч кимге жүк болбо!

* Акылдуу адам корккон нерсеси башына келе электе анын чарасын көрөт.

* Керексиз нерселердин артынан жүгүргөн адам керектүү нерселерди качырат.

* Күндөрдүн кайырлуусу –Жума, айлардын кайырлуусу Рамазан, амалдардан болсо маалында окулган намаз.

* Эне-атага баш ийүү чоң күнөөлөргө каффарат болот.

* Бир адам жахил (сабатсыз) кезинде бардар болуп, аалым болгон кезде муктаж абалга түшүшү мүмкүн. Эгер ырыскы акылга жана илимге карап бериле турган болгондо айбандар жахилдиктеринен (сабатсыздыктан) кырылып жок болушмак.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш