Ислам дини » Аалымдардын сукбаттары » Бир атанын уулуна насааты




Бир атанын уулуна насааты


Ахмед Сияхи хазреттери Түркиянын Кастамону жергесинде өсүп жетилген олуялардан. Мевлана Халиди Багдади хазреттеринин сухбатында кемелдикке жеткен. Уулуна, жалпы эле бардыгыбызга карата мындай деп айткан насааты бар:

"Эй, уулум! Сага Аллаху тааланын китебине, Расулуллахтын сүннөтүнө уйууну, ишенимиңди Ахли сүннөт аалымдары билдирген туура ишенимге карата оңдоону кеңеш кылам...

Аалымдарга, дин улуктарына урмат кыл. Ичиң таза болсун. Жоомарт жана жарык жүздүү бол. Башкаларга ихсан жана жакшылык кыл. Аллаху тааланын жараткандарына кыйынчылык тарттырба. Досторуңдун кемчиликтерин кечир. Чоң-кичине баарына насаат кыл, ач көздүктү ташта. Бардык муктаждыктарыңда Аллаху таалага ишен. Аллаху таала өзүнө сыйынгандарды куру калтырбайт.

"Башка жол издебе!”

Эй, уулум! Кутулууну чынчылдыктан башка нерседе издебе, Аллаху тааланын ыраазылыгына ээ болууну Расулуллахка баш ийүү, ага уйуудан башка жолдо издебе. Өзүңдү эч кимден жогору санаба. Бир адам сен тууралуу ушак-айың жана көралбастык кылса ага тоскоол болуу үчүн өзүңдү кыйынчылыкка түртпө, анын ишин Аллаху таалага калтыря. Сен баалуу өмүрүңдү Расулуллахтын сүннөтүнө уйуу менен өткөр. Аллаху тааланын буйруктарын орундоодо бирөөлөрдүн айыптоолорунан коркпо. Ибадаттарыңдын кыйынчылыктарына сыйлык катары соопко ээ боло тургандыгыңды ойлоо менен сабыр кыл. Напсиңди дайыма эсепке тарт. Убактыңды диндин буйруктарына уйуу менен кадырла. Себеби, өткөн убакыт кайра келбейт. Эртеңки күнгө жетип же жетпей тургандыгың белгилүү болбогондуктан эртең кылам деп айтуу кайгыга жана өкүнүчкө жол ачат. Дайыма Аллаху таала ыраазы болгон нерселерге жармаш.

Эй, уул! Жөнөкөйлүктө жана кичи пейилдикте топурак сыяктуу бол, башкаларга пайда берүүдө жемиштүү бактай, жоомарттыкта аккан дайрадай, ихсан жана жакшылык кылууда деңиз сыяктуу, пайдасыз нерселерди сүйлөөдө, унчукпоодо жансыз заттардай, кемчиликтерди жабууда караңгы түн сыяктуу болууга аракеттен. Көңүлдүн көрлүгү көңүлдүн катуулугунан болот. Күнөөлөрүң үчүн ыйлап-сызда. Аллахтын назары түшкөн жер болгон көңүлдү харамдарга жана Аллаху таала тыюу салган нерселерге багыттоодон сактан. Бир тууганды зыярат кылып, аларга жакшылык кылууну калтырып койбо. Акырет досторуңду, жакшы достордуңду көбөйтүүгө аракет кыл жана алар менен сукбат кыл!

Олуянын улуулары: "Аллаху таала менен бирге болгула. Буга күчүңөр жетпесе Аллаху таала менен бирге болгондор менен бирге бол, силерди Аллаху таалага жеткиришет”, - деп буюрушкан.

Эй, уул! Дүнүйөгө жармашкандар менен бирге болбо. Алар менен сукбат жана биргелик кам жана кайгы алып келет. Бул тажрыйба менен бекемделген. Аллаху тааланын буйруктарына жана тыюу салган нерселерине баш ийбеген, напсинин арзууларына жана каалоолоруна баш ийген адамдар менен бирге болбо. Мындай адамдар тымызын душман болуп, адамдын жүзүнө кошоматтык кылышат, артынан ага каршы болушат. Алардын жаныңа келип отурууларына алданба. Максаттары -  сенден руханий жактан пайдалануу эмес дүнүйөлүк максаттарына, мал-мүлккө жетүү үчүн сени себепчи, курал кылуу үчүн. Бир кемчилик кылганыңда сен тууралуу жаман ойлордун жана душмандарыңдын эң ашынгандары болушат. Заманыңдагы адамдарды тажрыйба кылганыңда аларда да мындан башка өзгөчөлүк таппайсың.

Эй, уул! Сага берилген болуп көрүнгөн адамдардын кылган жакшылыктарын сага колко кылгандыгын көрөсүң. Себеби, садакат жана берилгендик деп кылган нерселери, аз гана жакшылыктары үчүн өтө көп кызмат жана сыйлык күтүшөт, көп нерсе үмүт кылышат. Бул үмүттөрүнө бир жолу эле уруксат кылбай турган болсоң көрсөткөн сүйүү, садакат жана берилгендиктерин дароо ташташат. Көп учурда алардын каалоолорунан жакаңды куткара албайсың.

Эй, уул! Эгер сага чыныгы дос, жолдош керек болсо Аллах үчүн сүйгөндөр менен бирге бол. Мындай адамдардан достук жана туугандык катнаш кургандарыңа муктаж болгон кезинде муктаждыгыңан артык мал-мүлкүң болсо бер. Же аны өзүң менен бирге карма же өзүңө танда. Бирге болгон учурда жана аркасынан кемчиликтерин жаап-жашыр. Кемчилиги болгон кезде сабыр кыл жана чыда. Тирүү кезинде жана көз жумган кезинде аны жакшылык менен эскер.

Адамдын төрт душманы!...

Эй, уул! Бардыгына жумшактык, кичи пейилдик, жарык жүз менен мамиле кылууга аракет кыл. Сага сени Раббиңен алагды кылган дүнүйөлүккө жана байлык-бийликке көңүлүңдүн алаксыбоосун кеңеш кылам. Себеби, напси, хева, шайтан жана дүнүйө - булар адамдын төрт душманы. Напсинин куралы - токтук, түрмөсү - ачкалык. Хеванын куралы - көп сүйлөө, унчукпоо, сүйлөбөө болсо - анын зынданы. Дүнүйөнүн куралы - адамдар менен ашыкча бирге болуу, алардын арасында ашыкча болуу, чарасы - жалгыздык жана алардан узак болуу. Шайтандын куралы - гафлет, б.а., Аллаху тааланы унутуу, анын чарасы - Аллаху тааланы эстөө, улуктугун ойлонуу.

 

Эй, уул! Бул насааттарымды жакшылап эсиңе тут жана Аллаху тааланын нематтарына, сага кылган жакшылыктарына шүгүр кылган адамдардан бол!..”


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш