Улуу заттардын бийик даражалуу болууларына кээ бир
нерселер себеп болгон. Досторунун өтүнүчтөрү менен көңүл бурган
нерселерин, өздөрүнө бекем адат кылган абалдырынын кээ бирлерин билдиришкен.
Булардан бир нечесин баалуу эмгектерден алып билдирмекчибиз:
Хазрети Абу Бакрдан сурашты: Аллах үчүн айт, бул
мартабага эмне менен жеттиң. Мындай деди:
"Дүнүйөнүн ордуна динимди тандадым.
Акырет үчүн Аллахтын ыраазылыгын тандадым. Дайыма Аллаху тааланын акысын жогору
кармадым, бардык ишимде бир гана Аллаху тааланын ыраазылыгына көңүл бурдум жана
мунун сыртына эч качан чыкпадым.”
Дал ошондой эле Хазрети Омардан сурашты. Мындай деди:
"Аллаху таала кааласа бир кулун кадырлуу кылат, кааласа кор кылат. Муну эч унутпадым.”
Хазрети Османдан сурашты. Мындай деди:
"Куран жана Сүннөткө баш ийдим.
Аллаху тааланын бардык нерсемден кабардар экендигин эч унутпадым”.
Хазрети Али дагы айтты:
"Жихад менен жеттим. 30 жыл күрөш
кылычы менен, коркуу жана вара калканы менен, таат жана ибадат оку менен көңүл
эшигинде отурдум. Аллаху тааланын ыраазылыгынан башка эч бир нерсени көңүлүмө
киргизбедим, эске алган жокмун.”
Хазрети Локман айткан:
"Аманатты кармоо, чын сүйлөө жана пайдасыз нерселерди таштап, мага керек болбогон нерселерден алыстоо менен бул
даражага жеттим.”
Хазрети Муса Хазрети Хызырдан: "Ледун илимине
кантип жеттиң?” – деп сурады. Ал болсо: "Күнөө кылбоого сабыр
кылуу менен”, - деди. Коому Хазрети Мусадан: "Аллаху таала
эмнеден ыраазы болсо ошону кылалы”, - дешти. Вахий келип: "Менден
ыраазы болсоңор силерден да ыраазы болом.” Аллахтан ыраазы болгон адам
Анын буйруктарына баш ийет жана тыюу салган нерселеринен сактанып, Анын берген
тагдырына ыраазы болот, ушундайча бийик даражаларга жетет.
Имам Абу Юсуфтун уулу кайтыш болгондо
шакирттерине: "Жерге берүү иштерин силер аткаргыла. Мен
устазымдын [Имам Азам Абу Ханифа хазреттеринин]” сабагына
барамын”, - деди. Аны кайтыш болгондон кийин түштө көрүшүп, Жаннатта
керемет өмүр сүрүп жатканын көрүштү. "Бул кандай гана керемет, кантип
жеттиң буларга?” – деп сурашты: "Илимге, илим үйрөнүүгө жана
үйрөтүүгө болгон сүйүүм менен”, - деп жооп берди.
Хазрети Муса Пайгамбарыбыз алейхиссалам ээ болгон
даражаларынан биринин нурун көргөндө эстен тана турган абалга келип,
Расулуллахтын бул даражага кантип көтөрүлгөндүгүн сурды. Аллаху таала: "Бийик
ахлагы менен бул даражага жетти. Бул ахлак - исар. Йа, Муса, өмүрүндө бир жолу
исар кылган адамга, исар ахлагы менен мага келген адамга эсеп суроодон
тартынам. ” [Исар – бул муктаж болгон нерсесин өзү колдонбостон муктаж
болгон башка бирөөнө берүү деген сөз.]
Хадиси шарифте айтылат:
"Кыяматта сураксыз учуп Жаннатка
бараткандардан периштелер: "Бул даражага кантип жеттиңер?” – деп сурашат.
"Эки өзгөчөлүгүбүз бар эле. Жалгыз болгон кезде дагы күнөө кылуудан уялдык
жана Аллаху таала берген аз ырыскыга ыраазы болдук”, - дешти.” [Ибни Хиббан]
Баязыди Бистами хазреттери дагы: "Ар
жерде Аллаху тааланын көрүп тургандыгын жана билгендигин ойлоп адепке көңүл
буруу менен бул даражага жеттим”, - деген.
Хазрети Муса салих бир затка суктанып, ким
экендигин сураганда Аллаху таала билдирди:
"Бул зат ушул үч амал менен бул
даражага жетти: Эч качан көралбастык кылбады, эне-атасына каршы болбоду жана
сөз ташыбады.”
Бахаэддин Бухари хазреттеринен бул даражага кантип
жеттиң деп сурашканда: "Расулуллах алейхиссаламга таби болуу
менен (башкача айтканда, баш ийүү менен)”, - деп айткан.
Алааддин Аттар хазреттери дагы айткан:
"Устазым Бахаэддин Бухаринин мага бир
гана насааты болгон: "Алааддин, мени таклид кыл” (башкача айтканда, мени туура) деген. Муну аткардым.
Аны таклит кылган ар жагдайда анын асылына жеттим.”
Абул-Аббас Мурси хазреттери сухбаттарында:
"Устазым Абул-Хасан Шазили айтты, Устазым мындайча түшүндүрдү” деп сөзүн
баштап, дайыма устазынан накыл кылар эле. Бир күнү бир адам: "Дайыма
устазыңыздан накыл кыласыз. Өз оюңуздан эч качан бир нерсе айтпайсыз”, - деген
кезде ага айтты:
"Мен үйдөн бир нерсе алып келбедим.
Эмне тапкан болсом ошол ыйык даргейден таптым. Устазыман үйрөнгөндөрүмөн
"Аллаху таала айтты”, "Расулу айтты” же "Мен мындай айтам” деп
көп нерсе айта алам. Бирок, ушул нерселердин бардыгын үйрөнүүмө, бул даражага
көтөрүлүүмө себепчи болгон устазыма карата адепти сактап, дайыма устазыман
накыл кылып сүйлөйм (Накыл кылуу – бирөөнүн айткандарын өзүнө менчиктебестен, өзүнүкү кылып
албастан адамдарга дал ошондой өткөрүү дегенди билдирет.) Орундуу
болгону дагы ушундай. Устазы тууралуу айтпаган адамда, дайыма мен деп сүйлөгөн
адамда жакшылык болбойт. Эң жакшы аалым өз акылынан бир нерселерди айткан аалым
эмес, өзүнө байлаган эмес, устазынын сөздөрүн накыл кылган, өткөргүч болгон
адам. Динибиз накылдын дини. Ыйман жана ибадат маалыматтары Кыяматка чейин эч
өзгөрбөйт, ошол бойдон сакталат. Накыл кылган адам кадырлуу болот, накыл
кылбастан сүйлөгөн адам маскара болот.
Суфйан-ы Севри хазреттери харамдардан жана шектүү
нерселерден качкан адамдардын алдыңкыларынан болгон. Адеп жана карапайымдыгында
ага окшош адам аз болгон. Досторунан бири аны түшүндө Жаннатка нурдан бүткөн
канаттар менен учуп баратканын көрөт. "Бул даражага кантип жеттиң”? -
деп сурады. "Динге уйууга өтө дыкат мамиле кылуу менен”, -
деди.
Сеййид Абдулкадир Гейлани хазреттеринен: "Бул
ишти баштаганыңарда фундаментти эмненин үстүнө куйдуңуз? Мындай бийик даражага
жетүүдө кайсы амалды негиз кылдыңыз?” – деп сурагандарга айткан:
"Фундаментти чынчылдыктын үстүнө
куйдум. Эч жалган сөз сүйлөбөдүм. Ичим менен тышым бир болду. Ошондуктан,
иштерим жакшы жүрдү.”
Хабиб-и Раи хазреттери жыгач табагын бир таштын
алдына кармаганда бири бал, бири сүт болуп эки булак агып баштачу. Ошол
жердегилер бул кереметти көргөндө: "Бул даражага эмне менен
жеттиң”, - деп сурашты.
"Мухаммед алейхиссаламга уйуу менен”,
- деп сөзүн улантып:
"Хазрети Мусага коому каршы болсо
дагы хара ташы аларга суу берди. Даражасы Хазрети Мусадан бийик болгон
Расулуллахка моюн сунгандан кийин таш эмне үчүн сүт жана бал бербесин?”
Башир Хафи хазреттери айтат:
"Түшүмдө Расулуллахты көрдүм, мага: "Аллаху
таала сени эмне үчүн бийик даражалуу кылганын билесиңби?” – деп
сурады. Мен болсо жок билбейм дегенде: "Сүннөтүмө моюн сунууң,
салихтерге кызмат кылууң, дин боордошуңа насаат кылууң, Ахли байтимди
жана Асхабымды сүйүүңөн улам бул даражага жеттиң”, - деди.”
Рабиа-и Адвиййа хазреттеринин тобокелдиги ушундай бийик
даражага жеткен эле: "Көк саргайса, жер тилинсе, көктөн бир тамчы жамгыр
түшпөсө, жерде эч нерсе өспөсө жана дүнүйөдөгү бардык адамдар менин балдарым
болсо, Аллаху таалага ант кылам, ал балдарымды кантип багам деген ой көңүлүмө кирбейт.
Себеби, Аллаху таала бардыгыбыздын ырыскыбызды бере тургандыгын билдирген жана
өз үстүнө алган”, - дечү. "Бул бийик даражага кантип жеттиң”, -
дешкенде: "Мага тийиштүү болбогон бардык нерсени таштап жана
түбөлүктүү болгон Аллаху тааланын достугун каалоо менен”, - деп айткан.